Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 29-декабрындагы № 96/2 токтому менен бекитилген |
Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө ЖОБО
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 55/9,
2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1
токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Түшүнүктөр жана аныктамалар
3. Банктын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына бөгөт коюу жагында аткарган иши
4. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча ички контролдукту жана ички контролдук саясатын уюштуруу
5. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча ички контролдуктун натыйжалуулугуна банктын ички аудит кызматы тарабынан баа берилиши
6. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча ички контролду уюштуруу максатында дайындалуучу кызмат адамы
7. Кардар тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо), терроризмди (экстремизмди) каржылоо, ошондой эле шектүү операциялардын белгисин камтыган операцияларды ишке ашыруу учурунда орун алган тобокелдиктин деңгээлин аныктоо
8. Милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо
9. Текшерүүнүн жүрүшүндө табылган маалыматтарды белгилөө, сактоо жана ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берүү
1-тиркеме. "Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамына ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган, милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон акча каражаттары же мүлк менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеси
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамына жана "Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык иштелип чыккан.
2. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына бөгөт коюу максатында, коммерциялык банктарда, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырышкан, "ислам терезесине" ээ банкында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банктарда (мындан ары - банктар) ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптарды аныктоо бул Жобонун максаты болуп саналат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын, 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына бөгөт коюу максатында ички контролдукту уюштуруу маселелери боюнча банктардын ишине инспектирлөөнү жүргүзөт жана анын натыйжалары боюнча маалыматты терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына бөгөт коюу жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
2. Түшүнүктөр жана аныктамалар
4. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
Пайда алуучу ушул жобонун максатында - бул, акча каражаттарына же мүлккө карата менчикке укукка ээ жана анын атынан жана/же анын эсебинен кардар акча каражаттары же мүлк менен операцияны (бүтүмдү) ишке ашырган, же болбосо жыйынтыгында акча каражаттары же мүлк менен операция (бүтүм) анын пайдасына ишке ашырылган адам (жак).
Шектүү операция (бүтүм) - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамга ылайык, шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилерине туура келген операциялар (бүтүмдөр), башкача айтканда терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан бекитилген шектүү операциялардын белгилеринин тизмесине ылайык ачык экономикалык же шексиз мыйзамдуу максаттарга ээ болбогон акча каражаттары же башка мүлк менен ишке ашырылуучу жана ошол юридикалык жак (жактар) же жеке адамдар үчүн мүнөздүү болбогон операциялар (бүтүмдөр).
Шектүү операция (бүтүм) - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамдын чегинде кардардын жана пайда алуучунун акча каражаттары же башка мүлкү менен жүргүзүлүүчү операциялар үчүн терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы тарабынан аныкталат.
Ички контролдук - банк тарабынан милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) жана шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо, ошондой эле терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) түздөн-түз байланыштуу акча каражаттары же мүлк менен ишке ашырылган башка операцияларга (бүтүмдөргө) бөгөт коюу боюнча саясаттардын жана жол-жоболордун иштелип чыгышын жана ишке ашырылышын жана иштердин уюштурулушун камтыган, чаралардын жыйындысы.
"Экстремисттик иш (экстремизм)" түшүнүгү - Кыргыз Республикасынын "Экстремисттик иштерге каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамынын түшүндүрмө аппаратындагы нормаларга шайкеш келет.
Идентификация - жогоруда аталган Мыйзамга ылайык, жеке адамдар же юридикалык жактар тарабынан берилген документтердин түп нускаларынын же тиешелүү деңгээлде Тастыкталган алардын көчүрмөлөрүнүн негизинде маалыматтардын банк тарабынан белгилениши.
Верификация ушул жобонун максатында - ички контролдук максатында, банк тарабынан идентификациялоонун натыйжаларын тактоо же тиешелүү текшерүүдөн өткөрүү, ошондой эле кардарлар тарабынан ишке ашырылган операцияларды алардын ишкердик профилине ылайык келиши көз карашынан жана банктык жазууларды, алсак, алгачкы жана башка документтер менен салыштыруу аркылуу тууралыгын контролдоону кошо алганда, бирок муну менен гана чектелип калбастан, аларга тиешелүү түрдө туруктуу контролдукту жүргүзүү боюнча иш-чаралар.
Милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон операцияларды табуу (аныктоо) - бул, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген критерийлердин жана белгилердин негизинде милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон операциялардын аныктамаларын камтыган, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттерди жүргүзүү максатында банктын ички контролдугун уюштуруу этабы.
Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы - маалыматтарды идентификациялоого, аныктоого, белгилөөгө (фиксациялоого) жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө тиешелүү бардык маалыматтарды алууга укугу бар, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттер боюнча ички контролдукту уюштуруу максатында дайындалуучу (банктын түзүмдүк бөлүмүнүн начальнигинин, же банкта тиешелүү түзүмдүк бөлүм жок болсо, анда башкы адистин деңгээлиндеги) банк кызматкери.
Чектүү сумма - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамда белгиленген, Улуттук банктын операция бүткөрүлгөн күнгө карата эсептик курсу боюнча 1000000 сомду түзгөн (чет өлкө валютасынын эквиваленти) маани.
Саясий маанидеги кызматты ээлеген чет өлкөлүк адам - чет мамлекетте олуттуу мамлекеттик жана саясий функцияларды аткаруу сунушталган же аларга ыйгарылган чет мамлекеттин жарандары, (мамлекет же өкмөт башчылары, жогорку даражадагы саясий ишмерлер, өкмөттө, соттордо, куралдуу күчтөрдө, укук коргоо жана фискалдык органдарда жогорку кызматты ээлеген адамдар, саясий партиялардын жана диний бирикмелердин жетекчилери жана ишмерлери) анын ичинде мурда иштеп кеткендер.
"Ислам терезеси", "Ислам банкы", "Ислам терезесине" ээ банк", "Ислам банк иши жана каржылоо принциптери", "Шариат стандарттары", "Шариат кеңеши" - бул терминдер Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамында камтылган нормаларга ылайык келет.
Бул чөйрөдө колдонулуучу бардык башка түшүнүктөр, ушул главада берилген негизги түшүнүктөргө каршы келбөөгө тийиш.
3. Банктын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына бөгөт коюу жагында аткарган иши
5. Банктын, анын туунду жана караштуу компанияларын эске алганда, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына бөгөт коюу жагында аткарган иши төмөнкү компоненттерди камтыйт:
1) банктын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүүсү боюнча ички контролдуктун уюштурулушу;
2) банктын ички аудит кызматы тарабынан терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча ички контролдуктун натыйжалуулугуна баа берилиши;
3) терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамын жана ал иштен бошоп кеткен учурда анын милдетин аткаруучу адамды дайындоо (кадрлар резерви);
4) банктын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча саясатты ишке ашырууга катышкан кызматкерлерин окутуу.
6. Директорлор кеңеши Банк Башкармасы менен биргеликте банктын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында ишинин шайкештигин жана натыйжалуулугун камсыз кылууга, ошондой эле банк тарабынан шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына жол берилбешине жоопкерчиликтүү болушат.
7. Банк Башкармасы, банктык эсептерди ачуу(анын ичинде кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо), эсептер боюнча операцияларды жүргүзүү, кардарлар (эсеп ээлери) жана аманатчылар менен түзүлгөн келишимдерди бузууга тиешелүү талаптарды кошо алганда, ички контролдуктун натыйжалуу камсыз кылынышына жана "Терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) каршы аракеттерди көрүү жөнүндө" мыйзамдын талаптарын сактоо боюнча чаралардын жүзөгө ашырылышына жооп берет.
Банк Башкармасы банктын шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды жүргүзүүсүнө жол бербөө максатында, тиешелүү чараларды кабыл алууга тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 55/9 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча ички контролдукту жана ички контролдук саясатын уюштуруу
8. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү максатындагы ички контролдук, банкта кеминде төмөнкү иш-чаралардын жүргүзүлүшүн түшүндүрөт:
- терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү, шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды ишке ашыруу максатында, пайдалануу тобокелдигине кыйла дуушар болгон кардарларды жана алардын операцияларын идентификациялоо жана верификациялоо;
- терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү, шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды ишке ашыруу максатында, пайдалануу тобокелдигине кыйла дуушар болгон банктын бардык банк продуктулары жана кызмат көрсөтүүлөрү боюнча операцияларын идентификациялоо жана верификациялоо;
- терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча саясаттарды, жол-жоболорду колдонууга киргизүү жана иштерди уюштуруу;
- банкта анын иши жөнүндө так жана толук маалыматты ыкчам берүүнү камсыз кылган маалыматтык системаны колдонууга киргизүү;
- Банк Башкармасынын жана Директорлор кеңешинин терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы тарабынан терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча ишти уюштурууда орун алган кемчиликтер жана көйгөйлөр жана аларды четтетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле банктын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын жүргүзүүсүнө тыюу салуу максатында көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдалышы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга банк тарабынан маалыматтардын жана билдирүүлөрдүн берилишин камсыз кылуу;
- терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын банк тарабынан сакталышын туруктуу камсыз кылынышына контролдукту белгилөө жана мониторинг жүргүзүү;
- иши жогорку тобоккелдикке дуушар болгон банк кызматкерлерине (кассирлер, кредиттик инспекторлор, банктын операциялык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ж.б.) контролдук кылуу, банктын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык нускоолорунда терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча саясатты ишке ашыруу жагында функцияларын жана милдеттерин чагылдыруу.
9. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү максатында, банктар ички контролдукту уюштуруу саясатын иштеп чыгуусу зарыл жана аны банктын Директорлор кеңеши бекитүүгө тийиш. Бул саясат банктын ички контролдук системасын уюштуруунун жалпы саясатынын бир бөлүгү болуп саналат.
9-1. Банктар, ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органдын банктык мыйзамдарга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген талаптарын эске алуу менен терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү боюнча ички контролдук чараларын иштеп чыгуулары зарыл.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 55/9 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү максатында ички контролдукту уюштуруу саясатында банк тарабынан кеминде төмөнкүлөр белгилене тургандыгы аныкталууга тийиш:
1) чечимдерди кабыл алуу боюнча кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин белгилеген ички контролдукту уюштуруу тартиби, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү процессине тартылган адамдар менен бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүү жана отчет берүү тартиби;
2) жеке адамдардын жана юридикалык жактардын террористтик же экстремисттик иштерге (терроризмди же экстремизмди каржылоо) катышкандыгы тууралуу так маалыматтар болгон шартта, алардын операцияларын токтотуу тартиби;
3) банк тарабынан өз кардарын "Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамга, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык идентификациялоо, верификациялоо жана текшерүү тартиби;
4) кардардын ишинде милдеттүү түрдө контролдукка алынуучу операцияларды аныктоо жана "Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамга ылайык кардар жана/же кардар тарабынан терроризмди (экстремизмди) каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону (адалдоону) ишке ашырууда операциялардын негиздүүлүгүн тастыктоо же шектенүүнү жокко чыгаруу боюнча кардардын операциялары тууралуу маалыматтарды текшерүү тартиби;
5) кардардын ишинде шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды, кардардын анын негиздүүлүгүн тастыктоосу же мындай операцияларды жүзөгө ашырууда шектенүүлөрдү четке кагуусу үчүн аныктоо тартиби;
6) потенциалдуу кардарлардын жана банк-корреспонденттердин эсеп ачуусуна баш тартуу үчүн, ошондой эле кардарлардын эсептерин тейлөөнү жана банктар менен корреспонденттик мамилелерди токтотуу тартиби жана ага негиздеме;
7) ички контролдукту жүзөгө ашыруу учурунда алынган маалыматтарды документ түрүндө белгилөө, ошондон эле аны сактоо жана купуялуулугун камсыз кылуу тартиби;
8) шектүү операциялар (бүтүмдөр), ошондой эле Кыргыз Республикасынын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык операциялар (бүтүмдөр), милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон критерийлердин тизмесине туура келген акча каражаттары же башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк менен операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуштоо тартиби.
11. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү максатында ички контролдук саясаты, банктын кардарларынан, анын негизинде шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилери боюнча текшерүүгө тийиш болгон операциялар жүзөгө ашырылчу документтерди милдеттүү түрдө талап кылуу боюнча талаптарды камтууга тийиш.
12. Банктын ички документтеринде терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамын даярдоо жана аны окутуу тартиби каралууга тийиш.
13. Банк тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө жайгашкан туунду жана караштуу компаниялар тарабынан терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү максатында ички контролдукту уюштуруу боюнча тиешелүү чаралардын сакталышын камсыз кылынуусу зарыл.
5. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого),ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча ички контролдуктун натыйжалуулугуна банктын ички аудит кызматы тарабынан баа берилиши
14. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү максатында ички контролдуктун натыйжалуулугуна баа берүү, банктын ички аудит кызматы тарабынан жылына бир жолудан кем эмес же андан көбүрөөк, банк операцияларында орун алган тобокелдиктердин деңгээлине жана банк ишинин көрсөткүчтөрүнүн динамикасына жараша жүзөгө ашырылат.
15. Ички аудит кызматы терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү максатында ички контролдуктун натыйжалуулугуна баа берүү учурунда, кеминде, төмөндөгүлөрдү жүргүзөт:
- банктын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча саясатын, жол-жоболорун жана ишин уюштурууну кошо алганда, ички контролдуктун уюштурулушунун натыйжалуулугуна баа берүү;
- банк тарабынан кабыл алынган тобокелдиктердин деңгээлин аныктоо методологиясына баа берүү;
- терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын ал тарабынан колдонулуучу программалык камсыздоолорду кошо алганда ишин, анын ичинде банктын саясаттарына жана жол-жоболоруна шайкештигине карата тандап тестирлөө;
- банктын жетекчилиги, Банк Башкармасы жана Директорлор кеңеши тарабынан колдонулган, банктын ички аудит кызматы, тышкы аудит, Улуттук банк же терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укук чегерилген орган тарабынан жүргүзүлгөн мурдагы текшерүүлөрдө аныкталган бузууларды четтетүү боюнча чараларга баа берүү;
- программалык камсыздоону кошо алганда, ички контролдуктун терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча операцияларды, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды аныктоонун натыйжалуулук деңгээлине баа берүү;
- терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын Банк Башкармасына макулдашуу менен Директорлор кеңешине сунушталчу отчеттордун шайкештигин жана алардын Улуттук банктын минималдуу талаптарына туура келе тургандыгын текшерүү;
- терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясатты ишке ашырууга катышкан банк кызматкерлерин окутуу үчүн программаларынын ылайыктуулугун текшерүү.
16. Ички аудитордун терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдуктун натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчету, аныкталган бузууларды четтетүү жана аларга андан ары жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу үчүн Директорлор кеңешине берилет.
6. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча ички контролду уюштуруу максатында дайындалуучу кызмат адамы
17. Банкта ички контролдук саясатын, тиешелүү жол-жоболорду, ошондой эле терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча башка ички уюштуруу чараларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу максатында, Директорлор кеңеши ага отчет бере турган кызмат адамын (мындан ары - кызмат адамы) дайындайт жана анын иш шартынын натыйжалуу уюштурулушун камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алат.
18. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү максатында кызмат адамы төмөнкү функцияларды аткарат:
- банк Башкармасынын макулдугу менен ички контролдуктун тиешелүү саясатын иштеп чыгат жана аны Директорлор кеңешине бекитүүгө берет, бул саясат менен аны жүзөгө ашырууга катышып жаткан бардык кызматкерлерди тааныштырат;
- ички контролдук саясатын жүзөгө ашырууну камсыз кылат жана бул саясатка ылайык терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча банктын ички ченемдик документтерин аткаруунун мониторингин ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген талаптарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды жана билдирүүлөрдү берүүнү камсыз кылат;
- эгерде жеке адамдардын же юридикалык жактардын террористтик же экстремистик иштерге (терроризмди же экстремизмди каржылоо) катыштыгы тууралуу так маалыматтар болгон болсо, алардын операцияларын (бүтүмдөрүн) кардардын аны жүзөгө ашыруу жөнүндөгү буйруусу аткарылууга тийиш болгон күндөн тартып, үч жумуш күнүнө токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматтарды Банк Башкармасына милдеттүү түрдө сунуштайт, ал эми операция токтотулган күндөн кечиктирбестен, бул тууралуу маалыматты ыйгарым укуктуу органга милдеттүү түрдө берет жана андан-аркы иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюштурат;
- Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө маалыматтарды берет жана алардын бул Жобо жана банктын ички документтери тарабынан анын компетенциясына чегерилген маселелер боюнча банктын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүсүнө өбөлгө түзөт;
- окууларды уюштурат жана банктын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча саясатты жүзөгө ашырууга катышкан кызматкерлерине консультацияларды берет;
- зарыл болгон учурда, бирок чейректе бир жолудан кем эмес жолу Банк Башкармасынын макулдугу менен ички контролдук саясатын жүзөгө ашыруунун жыйынтыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетту банктын ички документтеринде аныкталган тартипте Директорлор кеңешинин кароосуна сунуштайт.
19. Кызмат адамы өз функцияларын ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
- банктын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен жана кызматкерлеринен зарыл болгон документтерди, анын ичинде банктын жана анын бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан чыгарылган буйруктарды жана башка башка буйруу документтерин, бухгалтердик жана акча-эсептешүү документтерин алууга;
- кардар тарабынан терроризмди (экстремизмдм) каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону (адалдоону) ишке ашыруунун негиздемесин тастыктоо же шектенүүнү жокко чыгаруу үчүн кардар жана/же ал операция жөнүндө кошумча маалыматты алуу демилгесин коюуга;
- алынган документтердин көчүрмөсүн, анын ичинде электрондук документтердин көчүрмөсүн алууга;
- зарыл болгон учурда банктын Директорлор кеңешине кайрылууга;
- Шариат кеңеши менен өз ара аракеттенүү жана ага кайрылып туруу(*).
20. Кызмат адамы өз функцияларын ишке ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
- банктын тиешелүү бөлүмдөрүнөн алынган документтердин сакталышын жана алардын кайтарылып берилишин камсыз кылууга;
- өз функцияларын ишке ашырууда алынган маалыматтын купуялуулугун сактоого.
- эгерде, жеке адамдардын же юридикалык жактардын террористтик же экстремистик иштерге (терроризмди же экстремизмди каржылоо) катыштыгы тууралуу так маалыматтар болгон болсо, алардын операцияларын (бүтүмдөрүн) кардардын аны жүзөгө ашыруу жөнүндөгү буйруусу аткарылууга тийиш болгон күндөн тартып, үч жумуш күнүнө токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматтарды Банк Башкармасына милдеттүү түрдө сунуштоого, ал эми операция токтотулган күндөн кечиктирбестен, бул тууралуу маалыматты ыйгарым укуктуу органга милдеттүү түрдө берүүгө жана андан-аркы иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюштурууга.
21. Кызмат адамы банктын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча саясатын жүзөгө ашырууда көз карандысыз болууга тийиш жана бул Жобого ылайык төмөндө көрсөтүлгөн функциялардан тышкары, анын компетенциясына тиешелүү ишти башка функцияларды ишке ашыруу менен айкалыштыра алат:
- ички аудит кызматынын кызматкеринин;
- операциялык ишти жүзөгө ашыруучу кызматкердин;
- аткарып жаткан учурда анын көз карандысыздыгы камсыз кылынбаган ишти жүзөгө ашырган кызматкердин.
22. Кызмат адамына төмөнкү минималдуу квалификациялык талаптар коюлат:
- жогорку экономикалык же юридикалык билиминин болуусу;
- терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү маселеси боюнча мыйзамдарды билүүсү;
- финансы-кредит мекемелеринин негизги иши менен байланышкан бөлүмдөрдөгү жалпы алганда үч жылдан кем эмес эмгек стажы;
- банк продуктуларын, операцияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, кардарлардын операцияларын жана банк иши үчүн мүнөздүү болгон терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча тобокелдиктерди так түшүнө билүүсү;
- соттолбогон болууга тийиш;
- ислам банк иши жана каржылоо жагында билим деңгээли(*).
23. Кызмат адамын окутуу (кайра даярдоо) жылына бир жолудан кем эмес үзгүлтүксүз негизде ишке ашырылууга тийиш.
24. Кызмат адамынын, Банк Башкармасынын жана Директорлор кеңешинин жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздерде гана келип чыгат.
25. Кызмат адамынын Банк Башкармасы менен макулдашылган жана Директорлор кеңешине сунушталган жазуу жүзүндөгү отчету, отчеттук мезгил ичиндеги жана зарылчылыгына жараша башка мезгилдеги кеминде төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) кардарларды идентификациялоо, верификациялоо жана алардын абалын иликтөө боюнча талаптардын аткарылышына контролдуктун натыйжаларын;
2) банк кардарларынын төмөнкүлөргө тиешелүү маалыматтарды камтыган, шектүү операциялардын бүтүмдөрдүн) белгилери бар операцияларды табуу максатында жүргүзгөн операцияларына иликтөөлөрдүн натыйжалары:
- кардарлардын эсептери (кардарлардын колдонуудагы эсептери, банк кызматкерлеринин эсептери) боюнча олуттуу динамикага;
- эң ири суммадагы операцияларга;
- чет өлкө валюталарын сатып алууга же аларды кардарларга чектүү суммадан ашкан суммада сатууга;
- кардарлардын суммалары анкетада көрсөтүлгөн жүгүртүүлөрдөн олуттуу ашкан операцияларына;
- накталай каражаттар менен операцияларга (каражаттарды нак акчага айландыруу, активдер менен алмашуу, банктын адистештирилген аралыкта орнотулган жабдуулары аркылуу банктык эсепти толтуруу үчүн нак акчаларды салуу);
- кредиттерди берүү жана депозиттерди (мөөнөттүү) кабыл алуу боюнча операцияларга;
- гарантиялар, аккредитивдер жана башка шарттуу милдеттенмелер менен операцияларга;
- акча которуулар системасы боюнча, ошондой эле SWIFT системасы (же банктарда негизги катары саналуучу башка системалар) аркылуу эсеп ачуусуз эле которууларга;
- кардардын жана банктын баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу боюнча операцияларына;
- башка өлкөлөрдө жайгашкан банктын кардарларынын акча каражаттарынын кыймылы;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык сунушталгандыгы жөнүндө;
4) операцияларды токтотуу үчүн негиздемелерди чагылдыруу менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) токтотулгандыгы, бул тууралуу маалыматтын ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органга берилгендиги жана мыйзамга ылайык аларда аркы аткарылчу иштер жөнүндө;
5) терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү максатында ички контролдукту уюштуруу боюнча чаралардын банктын Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө жайгашкан туунду жана караштуу компаниялары тарабынан сакталышы жөнүндө;
6) банктын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча мыйзамынын жана анын ички ченемдик документтеринин банк саясатына ылайык аткарылышынын, аны бузууга жол берилишинин жана ал боюнча көрүлгөн чаралардын мониторинги жөнүндө;
7) кызмат адамынын Директорлор кеңешине берилген мурунку отчетторунда белгиленген бузууларды четтетүү боюнча аткарылган иштердин натыйжалары жөнүндө маалыматтарды;
8) терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча саясаты ишке ашырууга катышкан кызматкерлердин ишинин натыйжалары, аларды окутуу жана консультацияларды берүү боюнча көрүлгөн чаралар;
9) төмөнкүлөр боюнча аналитикалык маалыматтарды:
- кардарлардын мүмкүн болуучу өз ара байланышы;
- банк корреспонденттер;
- кардарлар менен келишим боюнча мүлктү ишеним боюнча тескөө (траст) операциялары;
- жаңы банктык продуктуларды жана технологияларды жайылтуу жана алардын жайылтылышына байланыштуу келип чыккан тобокелдиктер.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 55/9 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү отчетун кароого алуунун жыйынтыгы боюнча Директорлор кеңеши кызмат адамынын жана Банк Башкармасынын ишине отчетто белгиленген бузууларды четтетүү жана мындан ары терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча саясатта бузууларга жол бербөө боюнча чараларды кабыл алууга тиешелүү контролдукту белгилейт.
7. Кардар тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо), терроризмди (экстремизмди) каржылоо, ошондой эле шектүү операциялардын белгисин камтыган операцияларды ишке ашыруу учурунда орун алган тобокелдиктин деңгээлин аныктоо
27. Банк кардарларын идентификациялоо жана алардын абалын иликтөө процесси өзүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды эске алуу менен кардардын терроризмди (экстремизмди) каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону (адалдоону) ишке ашыруу тобокелдигинин деңгээлин аныктоону камтыйт. Тобокелдиктин деңгээлин аныктоо үчүн минимум катары кардардын ишинин түрүн жана кардардын (келип чыгуусун) жана/же анын бизнесинин жайгашкан ордун, ошондой эле ал тарабынан ишке ашырылган операцияларды, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдү жана кардардын төлөм багытын көңүлгө алуу зарыл.
28. Банк, кыйла жогорку тобокелдикке дуушар болгон кардарлар категориясына кирген кардарларга тиешелүү көңүл буруп, ага карата таасирдүү контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш. Терроризмди (экстремизмди) каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону (адалдоону) ишке ашырууда жана шектүү операциялардын белгисин камтыган операцияларды жүргүзүүдө кардардын жогорку тобокелдикке дуушар болгон ишмердүүлүк түрлөрүнө төмөнкүлөр киргизилиши мүмкүн:
- кредиттик уюм болуп саналбаган, акча каражаттарын которуу, чектер боюнча нак формадагы төлөмдөр, акча каражаттарынын инкассациясы менен иш алып барган юридикалык жактардын (алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн) иши;
- оффшордук зоналарда катталган юридикалык жактардын (анын ичинде кредиттик уюмдардын), алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн, туунду жана караштуу коомдорунун ишмердүүлүгү;
- кардарлардын - резидент эместердин, анын ичинде саясий мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдардын иши;
- оюн-зоок бизнеси (продукцияларды сатуу (товарларды, жумуштарды, кызматтарды) болуп эсептелбеген, оюн-зоок жайларынан (казино, тотализатор, букмекердик контора, оюн автоматтар залы жана башка оюн-зоок үйлөрү (жайлар)) утуш түрүндөгү кумар оюндарына катышуудан жана аларды өткөрүү үчүн төлөмдөн киреше алуу менен байланышкан ишкердүүлүк иши);
- сатуу, анын ичинде искусство жана антиквариат буюмдарын арзандатылган баада сатуу менен байланышкан ишмердүүлүк;
- баалуу металлдар, асыл таштар, ошондой эле баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган зер буюмдары менен соода кылуу (өзгөчө экспорт);
- операцияларды накталай формада (ири соода комплекстери, май куюучу станциялар ж.б.) жүзөгө ашырышкан юридикалык жактардын ишкердүүлүктөрү;
- брокерлердин жана дилерлердин операцияларын (баалуу кагаздарды, чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу) жүзөгө ашырышкан жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ишкердүүлүктөрү.
29. Терроризмди (экстремизмди) каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону (адалдоону) ишке ашыруунун жогорку тобокелдигине дуушар болгон мамлекеттерге (аймактарга) төмөнкүлөр камтылышы мүмкүн:
- алардын тизмеси Борбордук банк жана башка көзөмөл органдары менен бирдикте мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген, ФАТФнын сунуштамаларын колдонушпаган же жетиштүү эмес деңгээлде колдонушкан мамлекеттер (аймактар);
- терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган эл аралык уюмдар тарабынан бекитилген тизмелердин негизинде, алардын тизмеси Борбордук банкка макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген, финансылык операцияларды жүргүзүүдө маалыматтарды ачып берүү же аларды берүү каралбаган мамлекеттер (аймактар).
30. Идентификациялоого, верификациялоого жана кардардын абалын иликтөөгө мүмкүндүк берген бардык маалыматтын жана документтердин негизинде банк тарабынан кардардын мүмкүн болуучу терроризмди (экстремизмди) каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону (адалдоону) ишке ашыруу тобокелдигинин деңгээли бааланат. Анын бааланышы тууралуу тыянак кардар жөнүндө маалыматтарга тиркелет.
31. Банк, терроризмди (экстремизмди) каржылоодо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоодо (адалдоодо) жана шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды жүргүзүүдө олуттуу тобокелдикке дуушар болгон банктын операцияларына тиешелүү деңгээлде көңүл буруп, аларга карата таасирдүү контролдукту күчөтүүсү зарыл.
32. Саясий мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдарды тейлөөдө банк төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш:
- саясий мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдар менен мамиле түзүүгө чейин Директорлор кеңешинен кат жүзүндө уруксат алуу;
- саясий мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдардын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү;
- саясий мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдар тууралуу маалыматтарды туруктуу негизде жаңылап туруу;
- саясий мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдар, алардын жубайы жана жакын туугандары тарабынан акча каражаттары же мүлк менен жүргүзгөн операцияларга (бүтүмдөргө) "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамга ылайык олуттуу көңүл буруу.
33. Банк кардар тарабынан терроризмди каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону (адалдоону) ишке ашыруу тобокелдигин жогорку катары баалаган учурда, идентификациялоонун, верификациялоонун жана кардардын абалын иликтөөнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жылына бир жолудан кем эмес, башка учурларда үч жылда бир жолудан кем эмес жаңыртып турууга тийиш.
34. Банкта операциялардын түздөн-түз байланышсыз (мисалы, интернет-банкинг) жүзөгө ашырылышын болжолдогон жаңы технологиялардын (банктык продуктылардын) колдонулушуна байланыштуу терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдигине тиешелүү деңгээлдеги контролдукту ишке ашыруу максатында иштелип чыккан бардык жол-жоболордун сакталышын камсыз кылынууга тийиш (мисалы, интернет-банкинг).
35. Банк корреспонденттик мамилелерди түзүүдө, анын ичинде сурап алууну банк-корреспондентке жөнөтүү аркылуу, банк-корреспондент тарабынан анын кардарларын идентификациялоону, верификациялоону жана абалын иликтөөнү кошо алганда, алар тарабынан терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар ишке ашырылып жаткандыгын аныктоого тийиш.
8. Милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгоноперацияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо
36. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) жүзөгө ашырылышынын мүмкүндүгүн күбөлөндүргөн, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген критерийлердин жана белгилердин орун алышы көз карашынан, кардарлардын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби банк тарабынан аныкталууга тийиш. Мына ушул максаттарда банк кардарлар менен өзүнүн ишкердик мамилелерине туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турат жана аларда төмөнкү иш чаралар камтылууга тийиш:
- кардардын иши ошол кардар, анын бизнеси жана кардар дуушар болушу мүмкүн болгон тобокелдик деңгээлине тиешелүү банктын колундагы маалыматтарга ылайык келээрине ынануу үчүн кардардын эсеби боюнча жүргүзүлгөн операцияларга көз салып туруу;
- зарылчылык келип чыккан шартта, кардар эсебине келип түшкөн акча каражаттары кайдан алынгандыгын териштирүү;
- ачык-айкын экономикалык жана мыйзамдык максаттарды көздөбөгөн бардык татаал же адаттагыдан башкача ири операцияларга анализдөөлөрдү жүргүзүү;
- банкка келип түшкөн бардык маалыматтарды документ катары түзүп, каттоо жана зарылчылык келип чыккан шартта, бул маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга берүү.
37. Акча каражаттары же башка мүлк менен болгон операция (бүтүм), эгер анын суммасы чектүү сумма өлчөмүндө жүргүзүлүп жатса, ага барабар же андан жогору болсо, ал милдеттүү контролдукка алынууга тийиш.
38. "Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү" Мыйзамына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган, милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон акча каражаттары же мүлк менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеси, ушул Жобого кошо тиркелген 1-тиркемеде келтирилген. Ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тизмеге кирбеген операциялар да милдеттүү түрдө контролдукка алынууга тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 55/9 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Банк тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн жана операциялардын жаңы түрлөрү жүзөгө ашырылып башталганга чейин, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, ошол кызмат көрсөтүүлөргө жана операцияларга тиешелүү мүмкүн болуучу бардык тобокелдиктер аныкталып, баа берилүүгө тийиш.
40. Банк, кардардын, пайда алуучунун террористтик иштерге катышкандыгы жөнүндө маалыматтарды текшерүү максатында, зарыл чараларды көрүүсү зарыл. Көрсөтүлгөн маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген, террористтик иштерге (терроризмди (экстремизмди) каржылоо) катышкандыгы жөнүндө маалымат катталган уюмдардын жана жеке адамдардын тизмесинде камтылат.
41. Банктын кардарларды идентификациялоону жүзөгө ашырышкан жана шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, банктын саясаты жана жол-жоболору менен белгиленген тартипке ылайык, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамына шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялар табылган бардык жагдайлар жөнүндө маалымдоого тийиш.
42. Шектенүүлөр негизделген учурда терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы андан аркы аракеттер боюнча сунуш-көрсөтмө менен кардар жана операция (бүтүм) жөнүндө маалыматты Башкарманын кароосуна алып чыгат. Банк Башкармасы "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамына ылайык андан аркы аракеттерди өз убагында ишке ашыруу, анын ичинде операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүнү токтотуп туруу жана/же кардар менен иштиктүү мамилени токтотуу үчүн жоопкерчилик тартат.
9. Текшерүүнүн жүрүшүндө табылган маалыматтарды белгилөө, сактоо жана ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берүү
43. Текшерүүнүн жүрүшүндө алынган, кардардын операциялары (бүтүмдөрү) жөнүндө маалымат кардар тарабынан терроризмди (экстремизмди) каржылоонун жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) ишке ашырылышын тастыктоо же шектенүүнү жокко чыгаруу үчүн жетиштүү көлөмдө милдеттүү документалдык катталууга тийиш.
44. Кардардын операциясын милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон операция катары аныктоодо шектенүүлөр тастыкталган шартта, Банк Башкармасы кардардын операциясын шектүү деп табуу жөнүндө акыркы чечим кабыл алат жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген маалыматтарды берүү тартибине ылайык ал жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымат берет.
45. Банк Башкармасынын кардардын операциясынын шектүү катары табылбагандыгы жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ал жөнүндө маалыматтардын жөнөтүлбөгөндүгү жөнүндө чечими негизделүүгө жана протокол менен бекитилүүгө тийиш. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы операциялардын жана кардар жөнүндө маалыматтардын кыскача түшүндүрмөлөрүн камтыган, Башкарманын мындай чечимдеринин реестрин жүргүзүүгө тийиш.
46. Банк, "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамга ылайык, кардарларга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берүү жөнүндө билдирүүгө укуктуу эмес.
47. Кардар, анын ичинде иштиктүү кат алышуулар, ошондой эле бул Жобого ылайык текшерүүнүн жүрүшүндө алынган кардардын операциясы (бүтүмдөрү) жөнүндө билдирүүлөрдү камтыган маалыматтар жана документтер банк менен кардардын ортосундагы мамилелер токтотулгандан кийин, беш жылдан кем эмес мөөнөткө сакталууга тийиш.
(*) өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банктарга тиешелүү.
| "Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" Жобого карата 1-тиркеме
|
"Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамына ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган, милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон акча каражаттары же мүлк менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) ТИЗМЕСИ
(КР Улуттук банк Башкармасынын
2011-жылдын 29-сентябрындагы № 55/9
токтомунун редакциясына ылайык)
1) тизмеги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган операцияларды (бүтүмдөрдү) эске албаганда, бардык ички же тышкы операциялар (бүтүмдөр);
2) накталай чет өлкө валюталарын сатып алуу же сатуу;
3) жеке адам тарабынан накталай эсептешүү менен баалуу кагаздарды сатып алуу;
4) бир нарктагы банкнотту башка нарктагы банкнотко алмаштыруу;
5) кайрымдуулук, коомдук уюмдардын жана мекемелердин, фонддордун акча каражаттарынын кыймылы;
6) баалуу кагаздарды, баалуу металлдарды, асыл таштарды же башка баалуулуктарды ломбарддарга коюу;
7) жеке адам тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө же андан өмүрдү камсыздандыруу жана топтоо камсыздандыруусунун жана пенсиялык камсыз кылуунун башка түрлөрү боюнча камсыздандыруу сыйлыктарын алуу;
8) ага жумшалган сумма 4500000 сомго барабар же андан ашкан кыймылсыз мүлктөр менен жүргүзүлгөн бүтүм;
9) кыймылдуу мүлктөр менен жүргүзүлгөн бүтүм;
10) финансы ижара (лизинг) келишими боюнча мүлктөрдү алуу же берүү;
11) лотерея, тотализатор (өз ара пайда көрүү) же тобокелдикке негизденген башка оюндардан алынган утуш түрүндөгү акча каражаттарын төлөп берүү;
12) кардардын тапшыруусу боюнча акча каражаттарын которууну финансы-кредиттик эмес уюм тарабынан жүзөгө ашыруу;
13) мындай операцияларды эсепти ачуусуз эле жүзөгө ашырууга шарт түзгөн система боюнча акча каражаттарын которуу жана аларды алуу.
14) жеке адамдын уюмдун уставдык капиталына акча каражаттарын накталай формада салышы;
15) тараптарынын бири тиешелүү каттоодон өткөн, жашаган жери бар же финансылык операцияларды жүргүзүүдө маалыматтарды ачып көрсөтүү же берүү каралган өлкөдө жеке адам же юридикалык жак болсо, же болбосо тараптарынын бири көрсөтүлгөн мамлекетте (көрсөтүлгөн аймакта) катталган банктагы эсепке ээлик кылуучу адам болгон шартта, операциялар (бүтүмдөр);
16) эгерде, жок дегенде, бул операцияларга (бүтүмдөргө) катышкан тараптардын бирөө, ага карата мыйзамдарда же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде белгиленген тартипте террористтик же экстремисттик иштерге катыштыгы бар экендиги жөнүндө (терроризмди же экстремизмди каржылоо) маалыматтар бар жеке адам же юридикалык жак болгон шартта, акча каражаттары же мүлк менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр);
17) шектүү операциялар (бүтүмдөр).