Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 16-августундагы № 30/6 токтомунун редакциясына ылайык)
2011-жылдын 29-июну № 35/5
Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер бекитилсин (1-тиркеме).
2. Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер бекитилсин (2-тиркеме).
3. Токтом 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
4. Токтом күчүнө кирген учурдан тартып, төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 29-апрелиндеги № 23/4 "Майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди бекитүү тууралуу" токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/9 "Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 29-апрелиндеги № 23/4 "Майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Юридикалык бөлүм расмий жарыялангандан кийин бул токтомду, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
6. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКты, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, Абдыбалы тегин С. мырзага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын төрагасы |
З.Асанкожоева
|
| Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-июнундагы № 35/5 токтому менен бекитилген № 1 тиркеме |
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 16-августундагы № 30/6 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөлөр (мындан ары - Пакеттик клиринг системасы) абоненттик төлөмдөн жана Пакеттик клиринг системасынын катышуучуларынын чыгыш төлөмдөрүнөн турат.
2. Пакеттик клиринг системасынын катышуучусунун абоненттик төлөмү айына 20 миң сом суммасында белгиленет.
3. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августундагы № 38/11 токтому менен бекитилген жана Адилет министрлигинде 2007-жылдын 29-декабрында 121-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү ишке ашыруу тартиби жөнүндө нускоого ылайык, Пакеттик клиринг системасынын операциялык күн регламентине жараша белгиленген мезгил аралыгында жөнөтүлгөн жана иштелип чыккан системанын катышуучуларынын чыгыш төлөмдөрүн иштеп чыгууга тарифтер, төлөм суммасынын аралыгына жана төлөмдөрдүн келип түшүүсүнө жараша төмөнкү өлчөмдө белгиленет:
Төлөм суммасынын аралыгы, сом менен | Пакеттик клиринг системасына келип түшкөн 1 төлөмдү иштеп чыгууга тарифтер (сом менен): | |
11.00 чейин | 11.00 кийин | |
0,01-300,00 | 0,01 | 0,01 |
300,01-1000,00 | 0,05 | 0,1 |
1000,01-5000,00 | 0,1 | 0,5 |
5000,01-20000,00 | 1 | 2 |
20000,01-100000,00 | 15 | 25 |
100000,01-500000,00 | 40 | 45 |
500000,01-1000000,00 | 55 | 60 |
4. Пакеттик клиринг системасынын катышуучулары тарабынан Нускоого ылайык белгиленген операциялык күн регламентин бузуу менен жөнөтүлгөн чыгыш төлөмдөрдү иштеп чыгуу жана иштелип чыккан төлөмдөр үчүн тарифтер төмөнкү өлчөмдө белгиленет:
Төлөм суммасынын аралыгы, сом менен | Пакеттик клиринг системасынын операциялык күн регламентин бузуу менен келип түшкөн 1 төлөмгө тариф (сом менен) |
0,01-300,00 | 0,1 |
300,01-1000,00 | 1 |
1000,01-5000,00 | 5 |
5000,01-20000,00 | 20 |
20000,01-100000,00 | 250 |
100000,01-500000,00 | 450 |
500000,01-1000000,00 | 600 |
5. Пакеттик клиринг системасынын катышуучусунун андан көз каранды эмес себептер боюнча операциялык күн регламентин бузуу менен чыгыш төлөмдөрүн иштеп чыгууга тарифтер, ал факт Улуттук банктын Банктык эсептешүүлөр башкармалыгынын начальниги тарабынан тастыкталган учурда, ушул Тиркеменин 3-пунктуна ылайык белгиленет (саат 11.00 кийинки тариф).
| Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-июнундагы № 35/5 токтому менен бекитилген № 2 тиркеме |
1. Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын катышуучуларын операция
2. лык күн регламентинде белгиленген мезгил ичинде жөнөтүлгөн жана иштелип чыккан чыгыш төлөмдөрүнө төлөө тарифи, төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:
№ п/п | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Суммасы бир чыгыш төлөмү үчүн сом түрүндө |
1. | Катышуучунун ар бир чыгыш электрондук төлөм документинин системада иштелип чыгышы | 50,0 |
2. | Катышуучунун эркин форматында билдирүүлөрдү кайра жөнөтүү | 20,0 |
3. | Катышуучунун кагаз жүзүндөгү ар бир чыгыш төлөм документинин системада иштелип чыгышы | 100,0 |
2. Катышуучунун, "Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы боюнча төлөмдөрү өткөрүү тартиби жана эрежелери жөнүндө" генералдык келишимге" ылайык белгиленген операциялык күн регламентин бузууга жол берүү менен системага жөнөтүлгөн жана анда иштелип чыккан чыгыш төлөмдөрүнө төлөө тарифи, төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:
№п/п | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Суммасы бир чыгыш төлөмү үчүн сом түрүндө |
1. | Катышуучунун ар бир чыгыш электрондук төлөм документинин системада иштелип чыгышы | 500,0 |
2. | Катышуучунун кагаз жүзүндөгү ар бир чыгыш төлөм документинин системада иштелип чыгышы | 1000,0 |