Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-декабры № 68/3
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 29-июлундагы № 32/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарынын аныкталышынын эрежелерин" бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 17 жана 43-беренелерине ылайык, Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 29-июлундагы № 32/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарынын аныкталышынын эрежелерин" бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин.
2. Токтом 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы ушул токтом расмий жарыялангандан кийин аны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Тышкы жана коомдук байланыштар бөлүмү бул токтомду Улуттук банктын расмий веб-сайтына жарыяласын.
5. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Экономикалык жөнгө салуу министрлигин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары С.Абдыбалы тегин мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З.Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-декабрындагы № 68/3 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 29-июлундагы № 32/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарынын аныкталышынын эрежелерин" бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор
1) Эрежелердин 1.5-пунктунда "күндөлүк негизде - АКШ долларынын курсу" деген сөздөн кийин "евро, орус рубли жана казак тенгеси" деген сөздөр менен толукталсын.
2) 1-глава төмөнкү мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"1.9. Техникалык жактан бузулуулар же форс-мажордук жагдайлар келип чыккан шартта жана "Рейтер" маалымат агенттигинен чет өлкө валюталарынын расмий курстары/котировкалары боюнча маалымат алуу мүмкүн эмес болсо, чет өлкө валюталарынын курстары "Блумберг" МАда белгилениши мүмкүн. Жогоруда аталган булактардан маалымат алуу мүмкүн болбогон шартта, чет өлкө валюталарынын расмий курстарынын мааниси, тиешелүү валюталардын акыркы колдонуудагы расмий курстардын мааниси катары аныкталат.
3) Төмөнкү мазмундагы 3-1-глава кошулсун:
"3-1. Евронун, орус рублинин, казак тенгесинин
расмий курстарын эсептөө тартиби
3.1.-1. Евронун, орус рублинин жана казак теңгесинин сомго карата катышынын расмий курстары күн сайын тоорук күндөрү саат 15.00дон 15.30га чейин аныкталат.
3.2.-1. Евронун сомго карата катышынын расмий курсу саат 15.00го карата абал боюнча "Рейтер" маалымат агенттигинде белгиленген, евронун АКШ долларына карата эл аралык валюта рынокторундагы күндөлүк котировкаларынын жана ушул күнү аныкталган АКШ долларынын сомго карата эсептешүү мезгили ичинде эсептелген расмий курсунун негизинде кросс-курс боюнча эсептелет.
3.3.-1. Орус рублинин жана казак тенгесинин сомго карата расмий курстары АКШ долларынын бул валюталарга карата борбордук банктар тарабынан белгиленген жана тиешелүү веб-сайттарда жана маалымат системаларда жайгаштырылган расмий курстарынын акыркы маанилеринин жана ошол күнү аныкталган АКШ долларынын сомго карата эсептешүү мезгили ичинде эсептелген расмий курсунун негизинде, кросс-курс боюнча эсептелет".
4) 4-главанын аталышы "... АКШ долларын эске албаганда" деген сөздөрдөн кийин төмөнкү сөздөр менен толукталсын: "евро, орус рубли, казак тенгеси".
5) "АКШ долларын эске албаганда, чет өлкө валюталарынын расмий курстарын эсептөө тартиби" деп аталган 4-главанын 4.5-пункту алынып салынсын.
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 29-июлундагы № 32/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарынын аныкталышынын эрежелерине карата кошо тиркелген 1-тиркемеге карата төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
"Евро" деп аталган 14-пункт - алынып салынсын;
"Казак тенгеси" деп аталган 17-пункт - алынып салынсын;
"Орус рубли" деп аталган 33-пункт - алынып салынсын.
|
|