Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-ноябры № 64/2
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2010-жылдын 30-июнунда № 52/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик" тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2010-жылдын 30-июнунда № 52/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Бул токтом Улуттук банктын расмий сайтында жарыялансын.
3. Юридика Башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду, расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Улуттук банктын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З.Асанкожоева |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 64/2 токтому менен бекитилген |
Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарында жана башка финансы кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
1. Жобонун 2-бөлүгүнүн 8.1-пункту төмөнкү мазмундагы 15 жана 16-абзацтар менен толукталсын:
"- кредиттик портфелдин активдерге карата катышы;
- кредит портфелдеги кредиттин ар бир түрүнүн салыштырма салмагы;".
2. Жобонун 2-бөлүгүнүн 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"12. Банктын Директорлор кеңеши кредит саясатын, ал эми зарылчылык келип чыккан шартта банктын тобокелдиктериндеги, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларындагы өзгөртүүлөргө, банк операцияларынын татаалдыгына жана банктын кредиттөө процессине таасирин тийгизе турган уюштуруу түзүмүндө жана кадрдык курамында, ошондой эле республиканын жана соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасында өзгөрүүлөрдүн жүрүшүнө жараша банктын стратегиясын жылына кеминде бир жолу кайрадан карап турууга милдеттүү.
Банк Башкармасы банктын кредит саясатынын жана кредиттик стратегиясынын аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. Бул үчүн алар банк ишинде тиешелүү саясаттарды жана кредиттик тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана ага контролдук кылуу боюнча жол-жоболорду иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө милдеттүү.
Кредиттерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер кредиттик комитет же ошол комитет укук чегерген адам тарабынан гана ченемдик укуктук актыларына ылайык чечилүүгө тийиш.
Кредиттерди берүү укугу бир нече деңгээлдеги кызмат адамдарына бөлүштүрүлүүгө тийиш жана ошол адамдар кредиттөөдө мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн Кыргыз Республикасы мыйзамдарына ылайык жооп беришет.
Ири кредиттерди берүү жана банктын инсайдерлерине/аффилирленген жактарына кредиттерди берүү Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, эгерде ири кредиттер жана банктын инсайдерлерине/аффилирленген жактарына берилген кредиттер Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу менен берилип, натыйжада банк жоготууга учураган болсо, мындай кредиттерди берүү чечимин жактыргандыгы үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш.".
3. Жобонун 4-бөлүгүнүн 22-пункту алынып салынсын.
4. Жобонун 4-бөлүгүнүн 24-пунктунда:
- "Банк тарабынан кабыл алынган чечимдерге макул болбогон шартта жана башка учурларда" деген сөздөр алынып салынсын;
- төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Эгерде, банк тарабынан анын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктуу актыларында белгиленген талаптар сакталса, ошондой эле автоматташтырылган резервдөө системасы болгон болсо, Китепти электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет.".
5. Жобонун 4-бөлүгүнүн 25-пунктунда:
- экинчи абзацтагы "(юридикалык жактын аткарган иши, жетекчинин тажрыйбасы") деген сөздөрдөн кийин, эгерде юридикалык жак карызгер болгон болсо "ишинин түрү, жүгүртүү каражаттарынын болжолдуу өлчөмү, негизги бизнес-өнөктөштөр" деген сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү, бешинчи, алтынчы абзацтарда "(эгерде карызгер - юридикалык жак болгон болсо" деген сөздөрдөн кийин "же күбөлүктүн негизинде ишкердик иштерди жүзөгө ашырган жеке адам)" деген сөздөр менен толукталсын.
6. Жобонун 4-бөлүгүнүн 30-пунктунда:
- биринчи абзацтагы биринчи сүйлөм "Бүтүндөй алганда, кредит алууга билдирмеге иликтөөлөр" деген сөздөрдөн кийин "Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган банктын саясатына негизделүүгө тийиш" деген сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү сүйлөмдөгү үчүнчү абзацты "мурда кредит берилген болсо, башка кредиттик мекемелерден ал жөнүндө" деген сөздөр "ага башка кредит мекемелеринен, ошондой эле кредиттик бюродон берилген кредиттер жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. Жобонун 4-бөлүгүнүн 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кредит алууга берилген билдирмеге иликтөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин банктын кредиттик кызматкери корутунду жазууга тийиш, анда кардардын кредит алууга билдирмеси жана ушул Жобонун талаптарына, ошондой эле банктын ички документтерине ылайык банктын талап кылуусу боюнча кардар тарабынан сунушталган башка зарыл болчу документтер менен кошо Кредиттик комитеттин кароосуна сунушталуучу, кардарга кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугунун негизи көрсөтүлүүсү зарыл.
Кредиттик кызматкер кредит берүүдөн баш тартылган шартта, корутундуда ошол чечимдин бардык себептерин көрсөтүүгө, ошондой эле банк тарабынан белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган чечим менен карыз алуучуну тааныштырууга тийиш.".
8. Жобонун 4-бөлүгүнүн 35-пункту алынып салынсын.
9. Жобонун 4-бөлүгүнүн 39-пункту "ага кошо тиркелген документтери менен келишим" деген сөздөр "Келишим жана ага кошо тиркелген укуктардын, банктын кардарынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) тизмеси, ошондой эле банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн, банктын келишимдери" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. Жобонун 4-бөлүгүнүн 40-пунктундагы "кредиттик келишимдин алгачкы шарттары алмаштырылсын" деген сөздөрдөн кийин "бул укук кардарга билдирүү мөөнөтүн белгилөө менен кредиттик келишимде түздөн-түз макулдашылган учурларды эске албаганда, ошондой эле конкреттүү статьялардын, шарттардын чектелген тизмесин жана алардын өзгөрүүлөрүнүн максималдуу/минималдуу чектерин көрсөтүү менен" деген сөздөр менен толукталсын.
11. Жобонун 4-бөлүгүнүн 41-пунктунун алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- кардар жөнүндө маалыматты кредиттик бюрого сунуштоонун шарттары;".
12. Жобонун 4-бөлүгүнүн 42-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"42. Банк кардарларынын укуктарынын, чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) 6-тиркемеге ылайык таблица формасында түзүлгөн тизмеси, банк менен карызгердин ортосундагы кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Банк, кардарды жогоруда көрсөтүлгөн тизме менен тааныштырууга, зарылчылык келип чыккан шартта кредитти эсептөө тартиби, туумдар, айыптар жана башкалар боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө, ошондой эле кардардын колтамгасы менен тастыкталган, анын уруксатын алууга тийиш.
Банк, кардарлардын кредит берүүгө, пайдаланууга жана кайтарып берүүгө байланыштуу бардык чыгашаларын анын ичинде, үчүнчү жактын пайдасына төлөмдөрдү (камсыздандыруу, нотариус ж.б. кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөр, эгерде, бул кызмат көрсөтүүлөр банк тарабынан сунушталса) кредиттик келишимге жана банктын ички жол-жоболоруна ылайык көрсөтүүгө тийиш. Ал эми банк, бул кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштабаган учурларда ал, кардардын кабар болуусу үчүн бул чыгашалар үчүнчү жактарга бериле тургандыгын, ошондой эле баалоолор келечекте өзгөрүшү мүмкүн экендигин көрсөтүү менен мындай чыгашалардын ушул келишим түзүлгөн (же ага жакын) күнгө карата болжолдуу наркын (диапазонун) көрсөтөт.".
13. Жобонун 4-бөлүгүнүн 47-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Банк кардардан келишимдин түп нускасын алгандыгы тууралуу тил катты алууга тийиш.".
14. Жобонун 4-бөлүгүнүн 50-пунктунун:
- экинчи сүйлөмү "бул кардардын бизнесин" деген сөздөрдөн кийин "(эгерде, кардар - резидент эмес болсо, анын бизнесинин жайгашкан жери Кыргыз Республикасынын аймагында болууга тийиш деген сөздөр менен толукталсын)";
- төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Чек ара аралык кредиттөө Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.".
15. Жобонун 4-бөлүгүнүн 52-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"52. Банктар кредит боюнча камсыздоонун ар кандай түрлөрү менен иштин негизги принциптерин жөнгө салуучу, ошондой эле кредит боюнча камсыздоонун тиешелүү түрлөрү менен байланыштуу болгон негизги тобокелдиктерди ачып көрсөтүүчү ички ченемдик документтерге милдеттүү түрдө ээ болууга тийиш.
Банкка төмөнкүлөрдү күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алууга жол берилбейт:
- жападан жалгыз күрөөлүк камсыздоо катары, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары турган жүгүртүүдөгү товарларды;
- фондулук биржалардын листингине кирген жогорку рейтингдеги, жогорку ликвиддүү баалуу кагаздарды, анын ичинде эл аралык жана фондулук рыноктордогу жүгүртүүдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн баалуу кагаздарды(5-1) эске албаганда, Кыргыз Республикасынын резидент эмес эмитенттери тарабынан чыгарылган документардык баалуу кагаздарды;
- тизмеги Улуттук банк тарабынан белгиленген, оффшордук аймактарда катталган жана/же жайгашкан активдерди.".
16. Жобонун 4-бөлүгүнүн 53-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Банк, кардардан ага менчик укугу боюнча тиешелүү болгон жана анын үй-бүлө мүчөлөрү жашап жаткан жана ошол жерде катталган, бирден-бир турак-жайы болуп саналган (кардардын кат жүзүндө берилген маалыматына ылайык, мисалы, кредиттик билдирмесинде) кыймылсыз мүлкүн - квартирасын же үйүн күрөө катары кабыл алган шартта, кардардын эмгекке жарамдуу курактагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн иштеген жерине жана тапкан кирешелерине, жогорудагыдай учурларда кредит берүүгө байланыштуу келип чыккан тобокелдиктерге өзгөчө көңүл бурууга тийиш.".
17. Жобонун 4-бөлүгүнүн 58-пунктундагы "Мында, кредит боюнча төлөмдөр" деген сөздөрдөн кийин "(негизги сумма жана пайыздар боюнча төлөмдөрдү кошо алганда)" деген сөздөр менен толукталсын.
18. Жобонун 4-бөлүгүнүн 59-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Карыз алуучунун күрөөнүн сатып өткөрүлгөн баасына канааттанбай, нааразы болуу ыктымалдуулугуна жол бербөө максатында, банкка, - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билдирүүдө көрсөтүлгөн милдеттенмелер ыктыярдуу түрдө аткарылган мөөнөт аяктагандан кийин бир же андан ашык ай ичинде, кардарга күрөө предметин (кыймылсыз мүлктү) сатып алуучуну өз алдынча издеп табуу мүмкүнчүлүгүн берүү сунуш кылынган.".
19. Жобонун 4-бөлүгүнүн 61-пунктунун биринчи сүйлөмүндө:
- "Камсыздоосуз (бланкалык) банктык кредиттер активдер түрүндөгү күрөө катары каралбайт" деген сөздөр "активдер түрүндөгү күрөө катары каралбаган кредиттер бланкалык болуп саналышат";
- "кредит төлөөгө жөндөмдүү карыз алуучуга гана берилет" деген сөздөн кийин "(резидентке гана) деген сөздөр менен толукталсын".
20. Жобонун 5-бөлүгүнүн 62-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кредит, Улуттук банктын талаптарына ылайык пайыздык кирешелерди чегербөө статусунда турган учурда, ошол кредит боюнча төлөмдөр биринчи кезекте, пайыздык кирешелерди чегербөө тартибине ылайык, карыздын негизги суммасынын ордун жабууга, андан соң төлөө графигине жараша пайыздарды төлөөгө багытталып, ал эми калган бөлүгү айыптык санкцияларды/туумдарды төлөөгө жумшалат.".
21. Жобонун 5-бөлүгүнүн 63-пунктунда:
- "Кредиттик кызматкер мезгил-мезгили менен" деген сөздөрдөн кийинки биринчи сүйлөм "бирок, чейрегине кеминде бир жолу" деген сөздөр менен толукталсын жана шилтеме алынып салынсын;
- "бул тууралуу банк жетекчилигине маалымдоо" деген сөздөрдөн кийинки экинчи сүйлөм "зарылчылык келип чыккан шартта, кредиттердин сунушталган жаңы классификациясы менен" деген сөздөр менен толукталсын.
22. Жобонун 5-бөлүгүнүн 64-пунктундагы "адамдар тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш" деген сөздөр "жактар тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз баа берүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
23. Жобонун 5-бөлүгүнүн 66-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"66. Кредит портфелине көз карандысыз баа берүү өз алдынча бөлүм же банктын кредиттерди берүү процессине көз карандысыз кызматкери тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. Көз карандысыз баа берүүлөрдүн натыйжалары айына, кеминде бир жолу, Кредиттик комитетке, банк Башкармасына жана банктык Директорлор кеңешине сунушталууга тийиш.".
24. Жобонун 5-бөлүгүнүн 70-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- кредиттерди классификациялоо;
- камдарды көбөйтүү;".
25. Жобонун 6-бөлүгүнүн 79-пунктундагы "Кредиттик комитеттин кароосуна" деген сөздөрдөн кийин "жана проблемалуу кредиттер боюнча чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу башка коллегиалдык органдын (эгер болгон болсо)" деген сөздөр менен толукталсын.
26. Жобого кошо тиркелген 1-тиркеменин:
- 1-бөлүгүнүн 1-пункту:
- экинчи жана үчүнчү абзацтардын ортосунда төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- карыз алуучу жашаган жердин толук дареги(8) (эгер карыз алуучу - жеке адам болсо), телефонунун, факсынын номери;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (эгер болгон болсо) салык органында каттоодо тургандыгы жөнүндө күбөлүктүн негизинде;
- жашаган жери жана ишинин түрү (эгер карыз алуучу - адам болсо);
- чет өлкө жаранынын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасына келүү (жашоо) укугун тастыктаган документтерден маалыматтар;
- төртүнчү жана бешинчи абзацтардын ортосу төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- юридикалык жактын толук же кыскартылып берилген аталышы же анын чет тилдеги аталышы (эгер болгон болсо);";
- тогузунчу абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- кредит алууга буга чейинки билдирме берүүлөр, акыркы эки жыл ичинде ушул/башка банктарда алынган/төлөнгөн кредиттер жөнүндө маалыматтар;
- банктын көз карашы боюнча башка маалыматтар;";
- I бөлүк төмөнкү мазмундагы 1(1) пункт менен толукталсын:
"1(1) Юридикалык жакты түзүүсүз эле, жеке ишкердик ишти жүзөгө ашырып келишкен жеке адамдар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден башка дагы, ыйгарым укук чегерилген орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн тастыктаган, белгиленген формадагы документтин көчүрмөсүн, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда мамлекеттик каттоосуз эле ишкердик ишти жүзөгө ашырып жаткандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсүн берүүлөрү тийиш.";
- 1-бөлүгүнүн 11-пункту "(эгерде карыз алуучу - жеке адам болгон болсо)" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасындагы чет өлкө жаранынын паспорту (эгерде карыз алуучу-резидент эмес болсо)" деген сөздөр менен толукталсын;
- I бөлүк төмөнкү мазмундагы 11(1) пункт менен толуктасын:
"11(1) Юридикалык жактын жетекчисинин юридикалык жактын каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктарын тастыктаган документтин көчүрмөсү (мындай документтерге уюштуруучулардын же акционерлердин юридикалык жактын жетекчисин тандоо тууралуу чогулушунан толтурулган протокол сыяктуу эле, уюштуруучулар менен акционерлердин юридикалык жактын жетекчисинин, эгерде Уставда белгиленбеген болсо, ыйгарым укуктарын аныктоо жана аны дайындоо тууралуу чечими да кирет).";
- I бөлүк төмөнкү мазмундагы 16(1) пункт менен толукталсын:
"16(1) Максаттуу пайдалануу жөнүндө отчет";
- II бөлүк төмөнкү мазмундагы 25(1) пункт менен толукталсын:
"25(1) Банктын көз карашы боюнча башка документтер".
27. Жобого карата 5-тиркеменин аталышы төмөнкү мазмундагы 10-шилтеме менен толукталсын:
"(10) Мында, банк кардар тарабынан сунушталган маалыматтардын купуя сакталышына кепилдик бербейт, анткени аталган Китептен өз сунуштарын жана пикирлерин калтырууну каалаган бардык кардарлар пайдаланса болот".
28. Жобо 6-тиркеме (кошо тиркелет) менен толукталсын.
(5-1) Өнүккөн өлкөлөр дегенден улам, Sta№dard & Poor's "The S & P Global BMI (Broad Market I№dex)" агенттигинин тизмесине кирген, өнүккөн өлкөлөрдү түшүнүүгө болот.
(8) Кардар тарабынан толук дарегин көрсөтүүнүн ордуна абоненттик ящигинин гана номерин көрсөтүп коюусуна жол берилбейт.
| "Кыргыз Республикасынын банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого карата 6-тиркеме
|
Банктын кардарларынын укуктарынын,
чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн)
ТИЗМЕСИ
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ Банктын кардарларынын укуктары │
├──────────────────────────────────────────┬──────────────────────────┤
│Кредиттик келишимге кол койгон учурдан │Ушул жобонун талаптарына │
│акча каражаттарын алууга чейин кредит │ылайык милдеттүү түрдө │
│алуудан кайтарымсыз баш тартууга (банк │көрсөтүлүүгө тийиш │
│тарабынан кардардын кредит алууга │ │
│билдирмесин кароого алгандыгы үчүн │ │
│белгиленген тариф боюнча комиссиялык төлөм│ │
│кармалып калган учурларды эске албаганда) │ │
├──────────────────────────────────────────┤ │
│Келишимдин долбоорун жана ага кошо │ │
│тиркелген бардык документтерди алуу менен │ │
│банктан тышкары юридикалык │ │
│консультацияларды алуу үчүн башка жакка │ │
│кайрылууга, мында келишим менен таанышууга│ │
│кардарга берилген убакыт, кеминде үч күндү│ │
│түзүүгө тийиш │ │
├──────────────────────────────────────────┤ │
│Кредит, туумдар, айыптык санкциялар боюнча│ │
│төлөмдөрү эсептөө тартибине тиешелүү │ │
│түшүндүрмөлөрдү алууга │ │
├──────────────────────────────────────────┴──────────────────────────┤
│ Кредит боюнча банк кардарынын чыгашалары (төлөмдөрү) │
├──────────────────────────────────────────┬──────────────────────────┤
│Кредиттин негизги суммасынын ордун жабуу │Келишимге ылайык │
│боюнча төлөмдөр │ көрсөтүлөт │
├──────────────────────────────────────────┤ │
│Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр │ │
├──────────────────────────────────────────┼──────────────────────────┤
│Билдирмени кароо үчүн комиссиялык төлөм │Комиссия болгон шартта, │
│(кредитти тариздетүү) │банктын бекитилген │
├──────────────────────────────────────────┤тарифтерине ылайык │
│Кредитти берүү жана администрлөө үчүн │пайыздарда же нарктык │
│комиссиялык төлөм │туюндурулушунда көрсөтүлөт│
├──────────────────────────────────────────┤ │
│Ссудалык жана/же күндөлүк эсептерди ачуу │ │
│(эгерде, кредиттик келишимдин түзүлүшү │ │
│эсеп ачууну шарттаган болсо) жана тейлөө │ │
│үчүн комиссиялык төлөм (эгерде, кредит │ │
│боюнча операциялар нак эмес формада ишке │ │
│ашырылса) │ │
├──────────────────────────────────────────┤ │
│Эсептешүү-кассалык тейлөөгө алуу үчүн │ │
│комиссиялык төлөм (анын ичинде кардардын │ │
│нак акчаларды банкомат аркылуу салуусу │ │
│жана алуусу) │ │
├──────────────────────────────────────────┼──────────────────────────┤
│Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр │Мына ушул кызмат │
│(камсыздандыруу, нотариалдык кызмат │көрсөтүүлөр банк тарабынан│
│көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр) │сунушталган учурларда │
│ │көрсөтүлөт. Банк, мындай │
│ │кызмат көрсөтүүлөрдү │
│ │сунуштабаган шартта │
│ │чыгашалардын болжолдуу │
│ │наркы көрсөтүлүүгө тийиш │
├──────────────────────────────────────────┼──────────────────────────┤
│Карыз алуучунун эсептеринен көчүрмөлөрдүн │Банктын бекитилген │
│берилгендиги үчүн төлөмдөр │тарифтерине ылайык │
├──────────────────────────────────────────┤пайыздык же нарктык │
│Кредиттин ордун мөөнөтүнөн мурда │туюндурулушунда, кардардын│
│жапкандыгы үчүн комиссиялык төлөмдөр │чечимине жана иш алып │
│жана/же айыптык санкциялар │баруу багытына жараша │
├──────────────────────────────────────────┤көрсөтүлөт │
│Валютаны конвертирлөө үчүн комиссиялык │ │
│төлөмдөр │ │
├──────────────────────────────────────────┤ │
│жана башка чыгашалар │ │
├──────────────────────────────────────────┴──────────────────────────┤
│ Банктын айыптык санкциялары жана туумдары │
├──────────────────────────────────────────┬──────────────────────────┤
│Карыздын негизги суммасы жана пайыздар │Банкта түзүлгөн келишимдин│
│боюнча төлөмдөрдү төлөө мөөнөтүн өткөрүп │негизинде кармалып калуучу│
│жибергендиги үчүн │айыптык санкциялардын │
├──────────────────────────────────────────┤бекитилген өлчөмүнө │
│Кредит боюнча күрөөгө берилген депозитти │ылайык, пайыздык катышта │
│толуктоо мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги │же нарктык туюндурулушунда│
│үчүн │чагылдырылат │
├──────────────────────────────────────────┤ │
│Акча каражаттарын алгандан кийин келишимди│ │
│токтотуу шарттары │ │
├──────────────────────────────────────────┤ │
│жана башка чыгашалар │ │
└──────────────────────────────────────────┴──────────────────────────┘
_____________________________________ _______________ ____________
Банктын кредит боюнча (колтамгасы) (күнү)
адисинин аты-жөнү
_____________________________________ _______________ ____________
(Банктын кардарынын аты-жөнү) (колтамгасы) (күнү)