Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-июлу № 28/9
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика Башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду, расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын облустук башкармалыктарды, микрофинансы компанияларды, кредиттик союздарды, алмашуу бюролорду тааныштырсын.
4. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары мырза Чокоевго З.Л. ыйгарылсын.
Төрага | З. Асанкожоева |
| Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/9 токтомуна карата тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ТОЛУКТООЛОР
I. КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту
II. КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту
III. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 14-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 20-апрелинде 44-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 13/13 токтом менен бекитилген "Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Нускоо төмөнкү мазмундагы 4.6.-1.-пункт менен толукталсын:
"Кредиттик союздардын жетекчилиги текшерүүлөр жүргүзүлүп жаткан учурда Улуттук банктын инспекторлор тобуна аудио/видео жабдуулар орнотулбаган, аудио/видео жазуулар ишке ашырылбаган өзүнчө жай менен камсыз кылууга, текшерүүчүлөр тобуна берилген жайга үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларын орнотуу аракеттерине бөгөт коюуга, кредиттик союздун жана текшерүүчүлөр тобунун документтеринин коопсуз сакталышын камсыз кылып, аларга ишин аткаруу үчүн зарыл болгон жабдууларды жана техникаларды берүүгө милдеттүү.".
IV. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2000-жылдын 15-декабрында 201 номерде каттоодон өткөртүлгөн № 42/1 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Жобо төмөнкү мазмундагы 7.3.-1.-пункт менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу банктардын алмашуу пункттары жана алмашуу бюролор Улуттук банк тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлгөн учурда текшерүүчүлөр тобуна аудио/видео жабдуулар орнотулбаган, аудио/видео жазуулар ишке ашырылбаган өзүнчө жай менен камсыз кылууга, текшерүүчүлөр тобуна берилген жайга үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларын орнотуу аракеттерине бөгөт коюуга, ыйгарым укуктуу банктардын алмашуу пункттары жана алмашуу бюролор, текшерүүчүлөр тобунун документтеринин коопсуз сакталышын камсыз кылып, текшерүүчүлөр тобуна ишин аткаруу үчүн зарыл болгон жабдууларды жана техникаларды берүүгө милдеттүү.".