Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-августу № 32/1
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 29-июлундагы № 32/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежесине толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7, 17 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 29-июлундагы № 32/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежесине сунушталган толуктоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Тышкы жана коомдук байланыштар бөлүмү бул токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырсын.
5. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык Кызматын, Улуттук статистика комитетин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Маалымат системалары башкармалыгы жана Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы бул токтомдун талаптарын аткаруу үчүн тиешелүү иш-чараларды жүргүзсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу |
З.Чокоев |
| Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 2-августундагы № 32/1 токтому менен бекитилген
|
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 29-июлундагы № 32/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежесине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежесине карата 1-тиркеме төмөнкү мазмундагы пункт менен толукталсын:
"Сингапур доллары".