Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-марты № 10/15
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо" эрежелерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 17 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо" эрежелери (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 29-июлунда № 32/2 кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелери" ушул токтомдун 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо нормалары колдонууга киргизилген күндөн тартып күчүн жоготкон катары таанылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Юридика башкармалыгы бул токтом расмий жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
5. Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"КР Улуттук банкынын Ченемдик актылары" журналында № 4/2013 жарыяланды
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо жөнүндө эрежелер Автоматташтырылган тоорук системасы өнөр жайлык пайдаланууга киргизилгенден тартып колдонулат.
7. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З. Асанкожоева |