Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-сентябры № 35/16
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августундагы № 49/9, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13, 31 мая 2017 года № 21/7, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын таасир этүү чараларын колдонуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин.
2. Юридика Башкармалыгы:
- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяласын;
- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү банкын, "Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ААКсын, Микрофинансылык уюмдарды, Кредиттик союздарды тааныштырсын.
4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | З.Асанкожоева |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/16 токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августундагы № 49/9, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13, 31 мая 2017 года № 21/7, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августундагы № 49/9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 28-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 26-июнунда № 47-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 22/4 токтому менен бекитилген "Тике банктык көзөмөл жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жобонун 2.2-пункту төмөнкү мазмунда берилсин:
"2.2. Көзөмөл боюнча комитет банкка тике банктык көзөмөлдүк милдеттерин аткаруу үчүн Тышкы көзөмөл башкармалыгынан ыйгарым укуктуу кызматкерин/кызматкерлерди жөнөтөт. Эгерде, банкка бир канча ыйгарым укуктуу кызматкерлер (мындан ары - текшерүүчүлөр тобу) жөнөтүлсө, анда алардын жетекчиси (мындан ары - текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси) дайындалат. Эгерде, банкка бир эле ыйгарым укуктуу кызматкер (мындан ары - текшерүүчү) жөнөтүлсө, анда ал текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин иш-милдетин аткарат (эгерде колдонулса)".
4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) Жобонун 6.8.6-пунктундагы "Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерин" деген сөздөр "Текшерүүчү/текшерүүчүлөр тобунун жетекчисин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) Жобонун 6.8.7-пунктундагы "Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерине" деген сөздөр "Текшерүүчү/текшерүүчүлөр тобунун жетекчисине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) Жобонун 6.9.2-пунктундагы "Инспектирлөө башкармалыгы жана/же Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы жана/же Тышкы көзөмөл башкармалыгы" деген сөздөр "Улуттук банктын көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын,";
8) Жобонун 6.8.7-пунктундагы "Инспектирлөө башкармалыгы жана/же Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы жана/же Тышкы көзөмөл башкармалыгы" деген сөздөр "Улуттук банктын көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын,";
9) Жобонун 7.4-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"7.4. Айып, банк тарабынан, ага айып салынгандыгы тууралуу токтом берилген күндөн кийинки бир айдан кечиктирилбестен, ал эми токтомго даттануу учурунда, даттануу калтырылгандыгы же канааттандырылбагандыгы тууралуу билдирилген күндөн кийинки он беш күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.".
5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/7 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 23-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 21-апрелинде 45-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 7/5 токтому менен бекитилген "Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жобонун 2.5-пункту төмөнкү мазмунда берилсин:
"2.5. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин компетенциясына кредиттик союзга карата төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдонуу боюнча чечимдерди кабыл алуу кирет:
- кыйла олуттуу экономикалык ченемдерди киргизүү;
- Улуттук банк тарабынан тике көзөмөлдүктү киргизүү;
- кредиттик союздардын ишин башкаруу боюнча убактылуу жетекчиликти киргизүү;
- айрым операцияларды жүргүзүүнү убактылуу токтотуу же чектөөлөрдү киргизүү;
- кызмат адамдардын баарын же айрымдарын алмаштыруу жөнүндө талап коюу;
- лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу;
- лицензияны кайтарып алуу";
2) жобонун 2.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2.6. Көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдүн начальниги, кредиттик союзга карата төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдоно алат:
- жазма буйрук жөнөтүү;
3) жобонун 2.7-пунктунун үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготкон катары таанылсын;
4) жобонун 2.8-пунктундагы "Тышкы көзөмөл башкармалыгынын/Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги" деген сөздөр "Улуттук банктын көзөмөл бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдүн начальниги/Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги/Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) жобонун 3.1-пунктундагы пунктунун "Тышкы көзөмөл башкармалыгынын/Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу жак" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) жобонун 3.4-пунктундагы "Тышкы көзөмөл башкармалыгынын/Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу жак" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) жобонун 3.5-пунктундагы "Тышкы көзөмөл башкармалыгынын/Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору" деген сөздөр "Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) жобонун 3.7-пунктундагы "Тышкы көзөмөл башкармалыгынын/Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору" деген сөздөр "Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) жобонун 3.8-пунктунун 9-абзацындагы "лицензия алгандан кийинки" 1 жылдан ашык" деген сөздөр "жана/же иштөө мезгили ичинде" сөздөргө алмаштырылсын;
10) жобонун 4.2-пунктундагы:
- "Тышкы көзөмөл башкармалыгынын/Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальнигинин жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу жактын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "иш" деген сөз алынып салынсын;
- бүтүндөй текст боюнча "Тышкы көзөмөл башкармалыгынын ишин тескөөгө алган" деген сөздөр "көзөмөл блогунун ишин тескөөгө алган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде № 55-05-номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 6/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети тууралуу" жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жобонун 1.1-пункту:
- "лицензияланган" деген сөздөн кийин "жана тескөөгө алынган" деген сөздөр менен толукталсын;
- "(мындан ары банктар жана ФКМ)" деген сөздөр "(мындан ары - банктар жана башка ФКМдер)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) Жобонун бүтүндөй текстинде "банктар жана ФКМдер" деген сөздөр "Банктар жана башка ФКМдер" деген сөздөргө, тиешелүү жөндөмө мүчөлөрүндө алмаштырылсын;
3) жобонун 2.1-пунктунун:
- м) пунктчасы "банктык" деген сөздөн кийин "жана монополияга каршы" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы у), ф) жана х) абзацтары менен толукталсын;
"у) МФУнун айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясын кайтарып алуу;
ф) кредиттик союздун/МФКнын лицензиясынын же МКК/МКАлардын эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн аракетин убактылуу токтотуу/чектүү;
х) МКК/МКАлардын эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүн кайтарып алуу";
4) жобонун 2.2-пунктунун:
- н) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"н) консерватор тарабынан консервация режиминде турган банктын алдыдагы алты айга карата иш планын кароо";
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы о) жана п) пунктчалары менен толукталсын:
"о) монополияга каршы ишин жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана банктык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо (баа түзүү тартибинин бузулушу, анын ичинде, монополиялык жогорку (төмөн) баалардын белгилениши, колдоого алынышы; банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда үстөмдүк кылуучу абалдан кыянаттык менен пайдалануу маселелерин кошо алганда) боюнча маселелерди кароо";
п) Улуттук банк Башкармасы тарабынан Комитетке өткөрүлүп берилген башка маселелер.".