Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 12-майындагы № 27/8 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 27-августунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 81-07
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2007-жылдын 25-июлу № 36/6
"Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө" жобо тууралуу
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 12-мартындагы № 10/3 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында алдынала төлөнгөн карт формасындагы электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу тартибин жана талаптарын аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7, 43-статьяларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы "Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө" жобонун долбоорун карап көрүү менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Төлөм системалары башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты расмий түрдө жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын.
5. Алдын ала төлөнгөн карт формасында электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер өз ишин 2008-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө "Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө" жободо белгиленген тартипке ылайык келтиришсин.
(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 12-мартындагы № 10/3 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын аймагында алдынала төлөнгөн карт формасындагы электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүү иши Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, "Эсептешүү-Сактык компаниясы" ААКсын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым Ч.К.Иманкуловага ыйгарылсын.
Төрага | М.Алапаев |