Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-майы № 27/8
"Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын:
- 2007-жылдын 25-июлундагы № 36/6 "Алдын ала төлөнгөн карт формасындагы электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө" жобо тууралуу;
- 2008-жылдын 12-мартындагы № 10/3 "Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы № 36/6 "Алдын ала төлөнгөн карт формасындагы электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/19 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна карата тиркеменин 2-бөлүгү.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Коммерциялык банктар жана төлөм системасынын операторлору токтом күчүнө киргенден кийинки беш ай ичинде электрондук акча эмиссиясы, процессинги, аларды жайылтуу жана төлөө жагындагы ишин "Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык келтиришсин.
5. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, төлөм системаларынын операторлорун, төлөм уюмдарын жана республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.
7. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом талабына ылайык коммерциялык банктарды лицензиялоо процессин ишке ашырсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.
Төрага | Т. Абдыгулов |