Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 12-майындагы № 27/8 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 18-апрелинде каттоодон өткөн. Каттоо номери 24-08
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2008-жылдын 12-марты № 10/3
Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 27-августунда 81-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 36/6 "Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 27-августунда 81-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 36/6 "Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө" жобо тууралуу"" токтомуна сунуш кылынган толуктоолорду карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7- жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 27-августунда 81-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 36/6 "Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө" жобо тууралуу" токтомго төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- төмөнкү мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Алдын ала төлөнгөн карт формасында электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер өз ишин 2008-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө "Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө" жободо белгиленген тартипке ылайык келтиришсин";
- 5, 6, 7-пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 6, 7, 8-пункттар деп эсептелинсин.
2. Төлөм системалар башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты расмий түрдө жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.
5. Төлөм системалар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, ошондой эле ишкердиктин бул түрүн жүзөгө ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага | М. Алапаев |