Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/11 токтому менен бекитилген |
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, алтын жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө" НУСКОО
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 4-мартындагы № 14/1, 2017-жылдын 12-апрелиндеги N 15/5, 2017-жылдын 11-октябрындагы № 2017-П-13/44-2-(НПА), 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2018-П-13/40-6-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 12-апрелиндеги N 15/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Нускоодо, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан чыгарылган, аффинаждалган алтындан жана күмүштөн даярдалган өлчөнгөн куймаларга (мындан ары - өлчөнгөн куймалар) бааны белгилөө тартиби аныкталат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 12-апрелиндеги N 15/5 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу баасы Улуттук банк тарабынан күн сайын Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (сом) Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын (LBMA) мурунку жумуш күнүндөгү кечки фиксингинин негизинде белгиленет.
4. Улуттук банк тарабынан өлчөнгөн куймалардын сатуу жана кайра сатып алуу баасын эсептөө жана белгилөө ар бир куйманын түрүнө (салмагына) жараша өз-өзүнчө жүргүзүлөт.
5. Өлчөнгөн куймалардын сатуу жана кайра сатып алуу баасы Улуттук банктын расмий сайтынын башкы баракчасында жарыяланып турат.
2. Негизги түшүнүктөр жана кыскартуулар
6. Нускоодо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) баалуу металлдар - бул:
- стандарттуу жана өлчөнгөн куйма түрүндөгү алтын;
- стандарттуу жана өлчөнгөн куйма түрүндөгү күмүш;
2) аффинаждалган өлчөнгөн куймалар - Улуттук банк тарабынан чыгарылган (чыгарылган) салмагы 1000 граммды түзгөн же ага жетпеген, алтын куйманын лигатурдук салмагынын кеминде 99,95 - 99,99%, ал эми күмүш куйманын лигатурдук салмагынын кеминде 99,90% химиялык таза металл түзгөн, алтындан жана/же күмүштөн даярдалган, маркировка басылган куймалар;
3) бир трой унциясы - 31,1035 граммды түзгөн салмак чени;
4) фиксинг - эл аралык баалуу металлдар рыногунда алтындын (күмүштүн) бир трой унциясынын тең салмактанган баасы. Ал боюнча Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын (LBMA) фиксингине катышуучулары тарабынан тооруктарды жүргүзүү учурунда аталган ассоциациянын (LBMA) эрежелерине ылайык, алтынга (күмүшкө) карата калыптанган мындай баалуу металлдарды сатып алуучулардын бардык билдирмелери канааттандырылат;
5) Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы (LBMA) - 1987-жылы Англия Банкынын колдоосу астында баалуу металлдар рыногунун дүйнө жүзү боюнча алдыңкы банк-операторлор тарабынан түзүлгөн жана баалуу металлдар менен соода жүргүзүү маселелери боюнча дүйнөнүн ири коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
3. Өлчөнгөн куймаларды сатуу баасын белгилөө тартиби
7. Өлчөнгөн куймаларды сатуу баасы төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталат:
1) кечки фиксинг боюнча 1 трой унциясы үчүн алтындын (күмүштүн) баасы - LBMA тарабынан мурунку жумуш күнү ичинде АКШ долларында, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын (сом) АКШ долларына карата расмий курсу боюнча;
2) өлчөнгөн куйманын салмагы - трой унциясында;
3) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (сом) өлчөнгөн куйманын тиешелүү түрүнүн (салмагына) бирдигине карата орточо сарптоолор төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Өлчөнгөн куйманын тиешелүү түрүнүн (салмагынын) бирдигине орточо сарптоолор аныкталат:
Сорт = (С1 x K1) + (С2 х К2) + ... + (Сn х Кn) / (К1 + К2 + ... + Кn),
мында,
Cорт - өлчөнгөн куйманын тиешелүү түрүнүн (салмагынын) бирдигине кеткен орточо сарптоо;
С1, С2... Сn - эсептешүү күнүнө карата сатып өткөрүлбөгөн, өлчөнгөн куйманын ар бир партиясы боюнча куймалардын тиешелүү түрүнүн (салмагынын) бирдигине кеткен сарптоолор. Өлчөнгөн куймалардын бирдигине кеткен сарптоолордо аларды даярдоого кеткен айкын сарптоолор (металл наркын эске алуусуз), таңычактоого, ташып жеткирүүгө кеткен сарптоолор, салыктар, камсыздандырууга жана бажы тариздетүүсүнөн өткөрүүгө кеткен чыгашалар камтылат.
К1, К2... Кn - эсептешүү күнүнө карата сатып өткөрүлбөгөн, өлчөнгөн куймалардын ар бир партиясы боюнча куймалардын тиешелүү түрүнүн (салмагынын) саны;
4) Улуттук банктын комиссиялык үстөк акысы (пайыздарда) өлчөнгөн куйманын түрүнө (салмагына) жараша төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет.
Куйманын грамм боюнча салмагы | Комиссиялык үстөк баа, пайыздарда |
1,0 | 0,5 |
2,0 | 0,4 |
5,0 | 0,3 |
10,0 | 0,2 |
31,1035 | 1,5 |
100,0 | 3,0 |
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 4-мартындагы № 14/1, 2017-жылдын 11-октябрындагы № 2017-П-13/44-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Өлчөнгөн куймалардын грамм боюнча салмагы трой унциясында төмөнкү формула боюнча кайрадан эсептелинет:
Куйманын салмагы унцияда = куйманын грамм боюнча салмагы/бир трой унциясы
Куйманын грамм боюнча салмагы | Бир трой унциясы, грамм боюнча | Куйманын трой унциясында эсептелинген салмагы |
1,0 | 31,1035 | 0,032 |
2,0 |
| 0,064 |
5,0 |
| 0,161 |
10,0 |
| 0,322 |
31,1035 |
| 1,000 |
100,0 |
| 3,215 |
9. Өлчөнгөн куймалардын сатуу баасын эсептөө жана аны белгилөө ушул нускоонун 1-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт.
9-1. Алтындан/күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куйманын сатуу баасы LBMA белгиленген акыркы фиксингдин, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын (сом) АКШ долларына карата расмий курсунун негизинде Улуттук банктын орточо сарптоолорун эске алуу менен аныкталат. Эгерде фиксинг көрсөткүчтөрүнүн жана доллардын курсунун негизинде эсептелген баа алтындан/күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куйманын белгиленген өздүк наркынан төмөн болсо, өлчөнгөн куйманын сатуу баасы белгиленген өздүк нарктын деңгээлинде аныкталат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2018-П-13/40-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
10. Алтындан/күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын ар бир партиясынын өздүк наркы өлчөнгөн куймаларды даярдоо үчүн колдонулуучу баалуу металлдардын наркынан жана өлчөнгөн куймаларды даярдоого, таңганына кеткен сарптоолорду, ташуу, камсыздандыруу, салык жана бажы тариздөөлөрү боюнча чыгашаларды камтыган өлчөнгөн куйманын бирдигине кеткен сарптоолордон алынып эсептелет. Алтындан/күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын өздүк наркы Улуттук банктын буйруусунун негизинде аныкталат, ал эми тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куйманын бирдигине кеткен сарптоолордун орточо мааниси Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын начальниги тарабынан бекитилет жана ал жаңы маанилерди бекиткенге чейин колдонулат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2018-П-13/40-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
11. Алтындан/күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын жаңы партиясын даярдоодо алтындан/күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куйманын өздүк наркы жана бирдигине кеткен орточо сарптоолордун мааниси Улуттук банктын кассаларында турган алтындан/күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын бардык партияларынын калдыктарын эске алуу менен аталган аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын орточо алынган наркы боюнча эсептелет жана белгиленет.
Кайра сатылып алынган алтындан/күмүштөн даярдалган өлчөнгөн куймаларды эске алуу менен аларды кайрадан сатууда алтындан/күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куйманын бирдигинин өздүк наркы Улуттук банктын кассаларында турган алтындан/күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын бардык партияларынын калдыктарын эске алуу менен аталган аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын орточо алынган наркы боюнча эсептелет жана белгиленет.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2018-П-13/40-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
12. Алтындан/күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куйманын бирдигине кеткен сарптоолордун орточо мааниси Улуттук банктын кассаларында турган алтындан/күмүштөн даярдалган аталган аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын бардык партиясынын санынан жана аталган аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын жаңы келген партиясынын санынан алынып эсептелет.
Алтындан/күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын өздүк наркынын мааниси алтындан/күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалар калдыгынын орточо алынган наркы ыкмасы менен жана алтындан/күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын жаңы партиясынын орточо алынган наркы же алтындан/күмүштөн даярдалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) кайра сатылып алынган өлчөнгөн куймалардын саны менен төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Scp = ((S1*K1) + (S2*K2)) / Ko, мында:
Scp - тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын орточо алынган наркы (өздүк наркы);
S1 - тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалар калдыгынын орточо наркы;
K1 - тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалар калдыгынын саны;
S2 - өлчөнгөн куймалардын жаңы партиясынын же кайра сатылып алынган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын орточо наркы;
K2 - өлчөнгөн куймалардын жаңы партиясынын же кайра сатылып алынган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын саны;
Ko - сатуу үчүн дайындалган тиешелүү аталыштагы (салмактагы) өлчөнгөн куймалардын жалпы саны.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2018-П-13/40-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
4. Өлчөнгөн куймаларды кайра сатып алуу баасын белгилөө тартиби
13. Өлчөнгөн куймаларды кайра сатып алуу баасы төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталат:
1) кечки фиксинг боюнча 1 трой унциясы үчүн алтындын (күмүштүн) баасы - LBMA тарабынан мурунку жумуш күнү ичинде АКШ долларында, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын (сом) АКШ долларына карата расмий курсу боюнча;
2) өлчөнгөн куйманын салмагы - трой унциясында;
3) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (сом) өлчөнгөн куйманын тиешелүү түрүнүн (салмагына) бирдигине карата орточо сарптоолор (металл наркын эске алуусуз) ушул нускоонун 7-пунктунун 3-пунктчасына ылайык формулада аныкталат.
14. Өлчөнгөн куймаларды кайра сатып алуу баасын эсептөө жана аны белгилөө ушул нускоонун 2-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт.
15. Өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларынын маанисин тегеректөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын 2011-жылдын 13-октябрындагы № 631/35/10 "Кыргыз Республикасында нак эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда тыйын калдыгынын суммасын тегеректөө тартиби жөнүндө" токтомдо каралган тартипте ишке ашырылат.
17. Өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу баасын белгилөө боюнча эсептешүүлөрдүн аткарылышына контролдук Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын начальнигине жүктөлөт.
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө нускоонун 1-тиркемеси |
Өлчөнгөн куймалардын сатуу баасын 20__-жылдын __ ____________ карата эсептөө жана белгилөө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2018-П-13/40-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Куйманын граммдагы массасы | Металлдын баасы | Улуттук банктын куйманы даярдоо боюнча орточо сарптоолору (сом, тыйын) | Улуттук банктын комиссиясыз куйманын баасы (башкача айтканда кайра сатып алуу баасы) (сом, тыйын) | Улуттук банктын комиссиялык үстөк акысы, %да | Куйманын эсептелген (рыноктук) сатуу баасы (сом, тыйын) | Учурдагы куйманын өздүк наркы (сом, тыйын) | Сатуу баасы менен өздүк нарк ортосундагы четтөөлөр | Куйманын белгиленген сатуу баасы (сом, тыйын) | |||
Куйманын унциядагы массасы | 1 унций алтындын (күмүштүн) баасы LBMA кечки фиксинг боюнча _______ күнүнө карата ($ менен) | Улуттук банктын расмий курсу ($/сом) _______ күнүнө карата | Алтындан/ күмүштөн даярдалган бир куйманын баасы (сом, тыйын) | |||||||||
А | 1 | 2=1/31, 1035 | 3 | 4 | 5=2*3*4 | 6 | 7=5+6 | 8 | 9=7*8/100+7 | 10 | 11=9-10 | 12 |
1 | 1,0 | 0,032 |
|
|
|
|
| 0,5 |
|
|
|
|
2 | 2,0 | 0,064 |
|
|
|
|
| 0,4 |
|
|
|
|
3 | 5,0 | 0,161 |
|
|
|
|
| 0,3 |
|
|
|
|
4 | 10,0 | 0,322 |
|
|
|
|
| 0,2 |
|
|
|
|
5 | 31, 1035 | 1,000 |
|
|
|
|
| 1,5 |
|
|
|
|
6 | 100,0 | 3,215 |
|
|
|
|
| 3,0 |
|
|
|
|
Өлчөнгөн куймалардын сатуу баасын эсептөөдө төмөнкү эсептөө ыкмасы колдонулат:
1-графа - өлчөнгөн куймалардын граммдагы массасы;
2-графа - өлчөнгөн куймалардын трой унциясындагы массасы;
3-графа - LBMA тарабынан мурунку жумуш күнүндө белгиленген кечки фиксинг боюнча өлчөнгөн куймалардын бир унциясы үчүн баасы;
4-графа - Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын (сом) АКШ долларына карата расмий курсу;
5-графа - 2-графа * 3-графа * 4-графа;
6-графа - ушул Нускоонун 7-пунктунун 3-пунктчасына ылайык эсептелген өлчөнгөн куймалардын бирдигин даярдоого сом түрүндөгү орточо сарптоолор (металлдын наркын кошпогондо);
7-графа - өлчөнгөн куйманын комиссиясыз баасы 5-графа + 6-графа;
8-графа - пайыз түрүндөгү комиссиялык үстөк акысы;
9-графа - өлчөнгөн куйманын рыноктук сатуу баасы 7-графа * 8-графа / 100 + 7-графа;
10-графа - өлчөнгөн куймалардын өздүк наркы;
11-графа - 9-графа - 10-графа;
12-графа - өлчөнгөн куйманын белгиленген сатуу баасы 9-графага барабар, бирок өлчөнгөн куйманын өздүк наркы рыноктук баадан төмөн болсо, анда 12-графада өлчөнгөн куйманын 10-графадагы сатуу баасы белгиленет.
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө нускоонун 2-тиркемеси |
Өлчөнгөн куймалардын 20__-жылдын ___________ карата кайра сатып алуу баасын эсептөө жана аны белгилөө
№ | Куйманын грамм боюнча салмагы | Металлдын баасы | ||||
Куйманын салмагы унцияда | 1 унция алтындын (күмүштүн) баасы ________ карата кечки фиксинг ($ түрүндө) | Улуттук банктын _______ карата расмий курсу ($/сом) | Улуттук банктын куйманы даярдоого кеткен орточо сарптоолору (сом, тыйын) | Куйманы сатып алуу баасы (сом, тыйын) | ||
А | 1 | 2=1/31,1035 | 3 | 4 | 5 | 6=2*3*4+5 |
1 | 1,0 | 0,032 |
|
|
|
|
2 | 2,0 | 0,064 |
|
|
|
|
3 | 5,0 | 0,161 |
|
|
|
|
4 | 10,0 | 0,322 |
|
|
|
|
5 | 31,1035 | 1,000 |
|
|
|
|
6 | 100,0 | 3,215 |
|
|
|
|
Өлчөнгөн куймаларынын кайра сатып алуу баасын эсептөөдө эсептөөнүн төмөнкү ыкмасы колдонулат:
1-графа - өлчөнгөн куймалардын салмагы грамм боюнча;
2-графа - өлчөнгөн куймалардын салмагы трой унциясында;
3-графа - LBMA тарабынан мурунку жумуш күнү белгиленген кечки фиксинг боюнча бир унция үчүн баа;
4-графа - Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын АКШ долларына карата расмий курсу;
5-графа - өлчөнгөн куймаларга кеткен, ушул нускоонун 7-пунктунун 3-пунктчасына ылайык эсептелинген сом түрүндө туюндурулган орточо сарптоолор (металл наркын кошпогондо);
6-графа - 2-графа * 3-графа * 4-графа + 5-графа.