Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-октябры № 631/35/10
Кыргыз Республикасында накталай эсептешүүлөр учурунда тыйын калдыгынын суммасын тегеректөө тартиби жөнүндө
Финансы-банк системасында жана эсептешүүлөр системасында жүргүзүлүп жаткан реформалардын чегинде Кыргыз Республикасында накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү өркүндөтүү жана анын тартибин белгилөө максатында, ошондой эле 10 тыйын наркындагы монеталарды жүгүртүүгө чыгаруу жана аны накталай эсептешүүлөрдүн бардык түрүн ишке ашырууда мындан ары пайдалануу токтотулганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда 50 тыйынга чейинки тыйын калдыгынын суммаларын тегеректөөнүн тиркелген тартиби бекитилсин жана 2011-жылдын 1-сентябрынан тартып колдонууга киргизилсин.
2. Бардык чарба жүргүзүүчү субъекттер жана бюджеттик мекемелер тыйын наркындагы банкнотторду, анын ичинде 10 тыйын номиналындагы монеталарды эч кандай чектөөсүз кабыл алышсын жана коммерциялык банктарга белгиленген тартипте тапшырышсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансылык жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2008-жылдын 18-февралындагы N 54/50/1 "Кыргыз Республикасында накталай эсептешүүлөрдө суммаларды тегеректөө тартиби жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын
Биринчи вице-премьер-министри, Улуттук банкынын
Премьер-министрдин милдетин төрагасы аткаруучу Ө.Бабанов З.Асанкожоева
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 13-октябрындагы № 631/35/10 токтому менен бекитилген
1. Суммаларды тегеректөөнүн бул Тартиби бардык чарбалык субъекттер жана бюджеттик мекемелер тарабынан колдонулат.
2. Накталай эсептешүүлөр суммаларды төмөнкүдөй тартипте тегеректөө менен жүргүзүлөт:
- эгерде тыйындык калдыктын суммасы 1 тыйындан 24 тыйынга чейинкини түзсө, анда тыйындык калдыктын өлчөмү нөлгө айландырылат;
- эгерде тыйындык калдыктын суммасы 25 тыйындан 49 тыйынга чейин болсо, анда тыйындык калдыктын өлчөмү 50 тыйынга чейин тегеректелет;
- эгерде тыйындык калдыктын суммасы 50 тыйындан 74 тыйынга чейинкини түзсө, анда тыйындык калдыктын өлчөмү 50 тыйынга тегеректелет;
- эгерде тыйындык калдыктын суммасы 75 тыйындан 99 тыйынга чейинкини түзсө, анда тыйындык калдыктын өлчөмү 1 сомго чейин тегеректелет;
3. Накталай эмес эсептешүүлөр тыйындык калдыкты тегеректөөсүз жүргүзүлөт.
|
|