Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-апрели № 22/6
Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:
- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу";
- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө".
2. Токтомдун талабы ал күчүнө киргенден кийин жаңыдан берилген жана реструктуризацияланган кредиттерге да таркатылат.
3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредиттик мекемеси "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.
Төрагасынын милдетин аткаруучу | Н.Жениш |
| Тиркеме |
1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун:
- 3.8-пунктунун экинчи сүйлөмүндөгү "классификациялоо категориясын" деген сөздөр "эгерде ушул жободо башкасы белгиленбесе" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы 4.2.3-пункт менен толукталсын:
"4.2.3. Эгерде аталган кредитти алган карыз алуучунун анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы кирешелер үлүшү 75 пайыздан көбүрөөгүн түзгөн учурда, банк чет өлкө валютасындагы кредитти жок дегенде "канааттандыраарлык" актив катары классификациялоого тийиш.";
- 4.3.2-пунктунун:
9-абзацындагы "кредит" деген сөздөн кийин ";" деген белгисин "." дегенге белгисине алмаштырылсын;
10-абзац алынып салынсын;
- төмөнкү мазмундагы 4.3.3 жана 4.3.4-пункттар менен толукталсын:
"4.3.3. Эгерде, аталган кредитти алган карыз алуучунун анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы кирешелер үлүшү 50 пайыздан 75 пайызга чейин түзгөн учурда, банк чет өлкө валютасындагы кредитти жок дегенде "байкоого алынган" актив катары классификациялоого тийиш.";
4.3.4. Эгерде, аталган кредитти алган карыз алуучунун анын чогуу алгандагы кирешесинин жалпы көлөмүндө чет өлкө валютасындагы кирешелер үлүшү кеминде 50 пайызы түзгөн учурда, банк чет өлкө валютасындагы кредитти жок дегенде "байкоого алынган" актив катары классификациялоого тийиш.";
- 13.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"13.4. Улуттук банк активдер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй өлчөмдөрүн белгилейт:
Жалпы камдар: | Атайы камдар: | ||
Нормалдуу - | 0% | Субстандарттык - | 25%; |
Канааттандыраарлык - | 2/2,5% | Шектүү - | 50%; |
Байкоого алынган активдер - | 5/7,5% | Жоготуулар - | 100%. |
Банк, ушул жобонун 4.2.3-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 2,5%ды түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, "канааттандыраарлык активдер" боюнча РППУну 2% өлчөмүндө түзүүгө тийиш.
Банк, ушул жобонун 4.3.4-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 7,5%ды түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, банк "байкоого алынган активдер" боюнча РППУну 5% өлчөмдө түзүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы РППУну "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Мыйзамына ылайык түзөт жана чегерет.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
4-бөлүгүнүн 34-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 34-1-пункт менен толукталсын:
"Банк, эгерде ар айлык пландаштырылган кредит боюнча төлөмдөр (негизги карыз жана пайыз төлөмдөрү) карыз алуучунун орточо айлык чогуу алгандагы кирешесине карата катышы кеминде 50 пайызды түзгөн учурда гана карыз алуучуга керектөө кредиттерин бере алат.".