Загрузка документа…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 12-майындагы № 27/8 токтому менен бекитилген |
1. Бул жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Жободо коммерциялык банктар тарабынан электрондук акчаны чыгаруу, аларды жайылтуу жана нак акчага айландыруу (ордун жабуу), Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо тартиби, ошондой эле системанын катышуучуларына карата негизги талаптар аныкталат.
3. Жободо ошондой эле, электрондук акчаны жайылтууну ишке ашырган, аларды пайдалануу менен кызматтарды сунуштаган жана электрондук акча чыгарган банк менен агенттик келишим түзүү аркылуу андан пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган жабдууну колдонуу менен электрондук акчаны которууну жүзөгө ашырган төлөм системаларынын операторлоруна, агенттерине карата талаптар белгиленет.
4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктарга электрондук акчаны чыгарууга лицензия берүү укугуна ээ жалгыз лицензиар болуп саналат.
5. Жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
Электрондук акча акцептанты - бул, оператор/агент жана электрондук акча чыгарган коммерциялык банк менен түзүлгөн келишимге ылайык, электрондук акча менен операциялар ишке ашырылгандыгын тастыктаган документтерди түзүү менен товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акчаны кабыл алган юридикалык жак же жеке ишкер.
Электрондук акча агенти (дистрибьютор) - электрондук акча чыгарган банк менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде, ушул Жобонун шарттарына ылайык электрондук акчаны нак же нак эмес акча каражаттарына алмаштырууну, ошондой эле аларды жайылтууну ишке ашырган юридикалык жак же жеке ишкер.
Аутентификация - бул, идентификатордун (ПИН-код, логин ж.б.) дал келишин текшерүү аркылуу ошол адамдын аныктыгын такташтыруу.
Эсептешүүлөрдө электрондук акчаны пайдалануу - ээлик кылуучу программалык-техникалык каражаттарды пайдалануу менен сунушталган товарлар жана/же кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатында акцептантка электрондук акчаны өткөрүп бериши.
Электрондук капчыктын идентификациялык номери - системада иштелип чыгып, анда алгач каттоодон өтүү учурунда ыйгарылган электрондук капчык эсебинин кайталангыс (уникалдуу) номери. Электрондук капчыктын идентификациялык номери боюнча электрондук акча ээси өз капчыгындагы акча каражаттарынын жылышы жана калдыктары жөнүндө маалыматты алууга, ошондой эле зарыл учурларда капчыкты блокировкалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Нак акча каражаттары - банкнот жана монета түрүндөгү акча белгилери.
Электрондук акча менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасынын оператору (мындан ары - оператор) - бул, банк менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып барган, электрондук акча менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн атайы программалык камсыздоону, аппараттык жана түйүндүк жабдууларды орноткон жана/же техникалык жактан колдоого алынышын камсыздаган, процессинг жүргүзгөн юридикалык жак. Ошондой эле оператор банк менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде ушул Жобонун шарттарына ылайык электрондук акчаларды жайылтууну жана нак акчага айландырууну, акцептанттар менен өз алдынча келишим түзүүнү, өзүнүн банктык эсептешүү эсеби аркылуу алар менен эсептешүүлөрдү ишке ашыра алат.
Төлөө - электрондук акча ээсинин банкка/операторго/агентке карата аларда сакталган калдыктардан ашпаган электрондук акча суммасында нак же нак эмес каражаттарга электрондук акчаны алмашуу операциясы. Ошол суммада аларда төлөө жана жүгүртүүдөн алуу бир эле учурда ишке ашырылат.
Электрондук акча процессинги - эсептешүү системасынын катышуучулары ортосунда түзүлгөн тиешелүү келишимдерге ылайык, өзүндө электрондук акчаларды пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар тууралуу маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана аларды катышуучуларга жөнөтүү ишин камтыган иш.
Эсептешүү банкы - электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм системасынын катышуучуларынын ортосунда өз ара эсептешүүнү жүзөгө ашырган банк.
Электрондук акчаны жайылтуу - банктын/агенттин/оператордун ээлик кылуучуларга электрондук акчаны пайдалануу үчүн берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрү.
Электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсеби - бул банктын, чыгарылган электрондук акча боюнча каражаттардын суммасын чегерүү жана электрондук акчанын ордун жабуу үчүн аларды эсептен алып салуу операцияларын ишке ашырууда гана пайдалануу үчүн ачылган эсеби. Бул эсептеги калдык бардык чыгарылган электрондук акча боюнча милдеттенмелердин жалпы суммасына барабар. Бул эсептен акча каражаттарын эсептен алып салуу чектелген жана каражаттарды бир электрондук капчыктан экинчиге которуудан улам, электрондук акчанын ордун жабууда ээлик кылуучулардын электрондук акчасы аркылуу кызмат көрсөтүүлөр/товарлар үчүн төлөмдөрдү кабыл алышкан акцептанттардын эсебине гана жүзөгө ашырылат.
Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүү системасы (электрондук акча системасы) - электрондук акчанын жүгүртүлүшүн камсыз кылган чогуу алгандагы банктык жана башка институттар, аппараттык-техникалык каражаттар, эрежелер жана жол-жоболор.
Пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жабдуу - бул, ээлик кылуучуларды электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда өз электрондук капчыгынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган инструмент (персоналдык компьютер, уюлдук телефон же башка жабдуу).
Электрондук акча системасынын катышуучулары - банк, агент, оператор, акцептант, электрондук акча ээлери, эсептешүү банкы.
Электрондук акча эмиссиясы (мындан ары - чыгаруу) - аларга мындан ары да ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо менен нак же нак эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу банктын өз электрондук акчаларын жүгүртүүгө чыгаруу иши.
Электрондук акча - программалык-техникалык жабдууда электрондук түрдө сакталган (алдын ала төлөнгөн карттар, виртуалдык алдын ала төлөнгөн карттар жана электрондук капчык электрондук акча инструменти болуп саналат), акцептанттар уюмунун жана электрондук акча эмитенти-уюмунун товарлары/кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы.
Электрондук капчык - анда электрондук акча суммасы жана алардын ээлик кылуучуларга таандык экендиги жөнүндө маалымат камтылган программалык камсыздоо же башка программалык-техникалык жабдуу түрүндөгү электрондук акчаны сактоо жабдуусу.
Электрондук акча эмитенти (мындан ары - банк) - бул, электрондук акча чыгарууну жүзөгө ашырган, Улуттук банктын электрондук акча чыгаруу лицензиясына ээ, ошондой эле электрондук акчаларды нак акчага айландырууга ээлик кылуучулар тарабынан сунушталган акчанын ордун жабуу боюнча шартсыз жана кайтарылып алынгыс милдеттенмелерди өзүнө алган коммерциялык банк.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акча улуттук валютада чыгарылууга тийиш. Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны башка валютада чыгарууга тыюу салынат.
7. Электрондук акчаны пайдалануу менен акцептанттардан кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды сатып алуу боюнча операцияларды ишке ашырууга, нак акча каражаттарын алууга, электрондук акчаларды бир электрондук капчыктан экинчисине которууга жана банктык эсепке электрондук акчаны которуу аркылуу алардын ордун жабууга болот.
8. Банк/оператор акцептанттардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдүн төлөнүшүн камсыз кылуу үчүн акцептанттар менен электрондук акчаны кабыл алуу келишимин түзөт, электрондук акчаны пайдалануу менен сунушталуучу кызматтардын тизмегин белгилейт. Тараптардын укуктары жана жоопкерчиликтери, ошондой эле алар ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби келишимде белгиленет.
9. Банктын/оператордун коммерциялык уюм жана электрондук капчыктын ар бир ээлик кылуучусу менен түзүлгөн келишими болгон учурда жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары сакталган шартта, ошол коммерциялык уюмдарга гана электрондук капчыкка төлөөлөрдү жана сый акыларды которууга жол берилет.
10. Ушул жобонун нормаларынын алкагында төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө юридикалык жак менен электрондук акчаны пайдалануу укугу каралган келишим түзүлгөн шартта электрондук капчык, ички буйруктар, буйруулар жана ишеним каттар аркылуу тиешелүү түрдө таризделген уюштуруу документтерине ылайык ошол электрондук капчыкты пайдалануу укугуна ээ ыйгарым укуктуу адамды көрсөтүү менен юридикалык жакка катталат.
11. Банк/оператор ээлик кылуучуну милдеттүү түрдө аутентификациялоо менен электрондук акча системасында аны каттоодон өткөрүү учурда анын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын көрүүгө тийиш.
12. Электрондук акча системасында катталган ар бир электрондук капчык идентификациялык номерге ээ болууга тийиш.
13. Электрондук акча менен ишке ашырылган кайсыл болбосун операция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бардык реквизиттерди камтыган электрондук капчык ээсинин электрондук дарегине келип түшкөн билдирүү, смс-билдирүү, төлөөнү тастыктаган кандай болбосун документ же төлөө чектери менен тастыкталууга тийиш.
14. Кыргыз Республикасында электрондук акча эмитентинен болуп, электрондук акча чыгарган жана ордун жабуу үчүн электрондук акча сунуштаган ээлик кылуучуларга алардын ордун жабуу боюнча шартсыз жана кайтарымсыз милдеттенмелерди өзүнө алган банк саналат.
15. Банк электрондук акчаларды чыгарууну жана аларды иштеп чыгууну (процессинг) жүзөгө ашыруу үчүн кошумча лицензияга ээ болууга тийиш.
16. Чыгарылган электрондук акчанын суммасы, алар менен түзүлгөн келишимдерге ылайык өздүк каражаттардын же ээлик кылуучулардан же операторлордон/агенттерден алынган акча каражаттардын суммасына барабар болууга тийиш.
17. Банк электрондук акча менен эсептешүүлөр боюнча электрондук акчаны чыгаруу, жүгүртүү, иштеп чыгуу жана ордун жабуу ишин жөнгө салган эрежелерди иштеп чыгат.
18. Банк электрондук акча операторунун милдетин өз алдынча аткарат жана электрондук акча процессингин жүзөгө ашырат же болбосо оператор менен электрондук акчаны пайдалануу аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасынын жана ушул жобонун талаптарына, эрежелерине ылайык процессинг милдетин аткаруу келишимин түзөт.
19. Банк менен оператор ортосунда түзүлгөн келишимде төмөнкү милдеттүү шарттар камтылууга тийиш:
- оператор банкта камсыздандыруу депозитин ачууга тийиш, анын өлчөмү тараптар ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталат же тараптар ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген шарттарда мүмкүн болуучу тобокелдиктердин жана жоготуулардын ордун жабууга каралган кам катары банктык гарантия болууга;
- тараптардын ишкердигинин токтотулушуна (лицензияны кайтарып алуу, банкроттук ж.б.), системада орун алган штаттан тышкаркы жагдайларга, ошондой эле форс-мажордук жагдайларга байланыштуу милдеттенмелерди аткаруу боюнча тараптардын шарттары жана жоопкерчиликтери;
- милдеттерди бөлүштүрүү жана электрондук акча системасынан пайдалануу укугу;
- системада, ага карата кине коюулар боюнча иш алып баруу шарттары жана тараптардын жоопкерчиликтери.
20. Банк өзүнүн маалымат системасынын үзгүлтүксүз ишин жана транзакцияларды жүргүзүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ички эрежелерди жана жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш. Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүү системасында колдонулган программалык жана техникалык каражаттар Улуттук банктын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу талаптарына дал келүүгө тийиш.
21. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттерди көрүү боюнча талаптарды аткарууга милдеттүү.
22. Банк электрондук акча ээлери жана аларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган операциялар тууралуу маалыматтардын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү. Электрондук акча ээлери жана алардын электрондук акчалары боюнча ишке ашырылган операциялар тууралуу маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.
23. Оператор өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде жүзөгө ашырат жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарды аткарат.
24. Электрондук акча менен ишке ашырылган операциялар боюнча процессинг милдетин аткаруу үчүн оператор банк менен келишим түзүүгө тийиш. Аталган келишимдин алкагында оператор ушул жободо көрсөтүлгөн талаптарга ылайык, электрондук акчаны жайылтуу жана анын ордун жабуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштай алат.
25. Эгерде оператор бир нече банк менен электрондук акча чыгаруу келишимин түзгөн болсо, анда ал электрондук акча системасында ар бир банк боюнча өзүнчө электрондук капчык эсебин жүргүзүүгө тийиш.
26. Оператор электрондук акча ээлери жана аларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган операциялар тууралуу маалыматтардын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү. Электрондук акча ээлери жана алардын электрондук акчалары боюнча ишке ашырылган операциялар тууралуу маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.
27. Оператор электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялардын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат.
28. Оператор өз маалымат системасынын үзгүлтүксүз ишин жана төлөмдөрдү жүргүзүү коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ички эрежелерди жана жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш. Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүү системасында колдонулуучу программалык жана техникалык каражаттар Улуттук банктын маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
29. Оператор Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча талаптарды аткарууга тийиш.
30. Оператор электрондук капчыктардын лимиттери боюнча шарттарды, банк менен түзүлгөн келишим шарттарын, ушул Жобого жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык электрондук акчаларды эсепке алуу шарттарын аткарууга тийиш.
31. Банк/агент/оператор өз жол-жоболоруна ылайык, системада электрондук капчык ээсин каттоо аркылуу жөнөкөйлөтүлгөн идентификацияны жүргүзөт. Бир электрондук акча жабдуусундагы калдык 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.
32. Жөнөкөйлөтүлгөн идентификациялоо процессинен өткөн жактарга төмөнкү операцияларды ишке ашырууга тыюу салынат:
- идентификацияланбаган электрондук капчыктарын толтурууга;
- ордун жабууга (нак акчага айландырууга).
33. Жөнөкөйлөтүлгөн идентификациялоодон өткөн жактар үчүн транзакциялардын жалпы суммасы ай ичинде бир электрондук жабдуу боюнча 300 (үч жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.
34. Эгерде жабдуудагы электрондук акча суммасы 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашкан болсо, анда банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте электрондук акча ээсин - жеке адамды идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосун жүргүзүүгө милдеттүү.
35. Толук идентификациялоодон өткөн бир жабдуудагы электрондук акчанын өлчөмү (суммасы) жеке адамдар үчүн улуттук валютада 500 (беш жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.
36. Толук идентификациялоо процессинен өткөн электрондук акчаларды нак акчага айландырууда бир транзакциянын максималдуу суммасы жеке адамдар үчүн улуттук валютада 250 (эки жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.
37. Жеке ишкерлер үчүн бир электрондук акча жабдуусундагы максималдуу өлчөм (сумма) 1000 (миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.
38. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер толук идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунан өтүүгө тийиш. Электрондук акчанын ордун жабуу юридикалык жактын жана жеке ишкердин банктык эсебинде жүзөгө ашырылат.
39. Электрондук акча менен операциялар, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбеген, банктын/оператордун ички эрежелерине жана тараптар ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык эсептешүүлөр системасында электрондук акча системасынын катышуучулары тарабынан жүзөгө ашырылат.
40. Электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча акча каражаттардын эсеби банктын чыгарылган бардык электрондук акчаны эсепке алуу үчүн каралган өзүнчө эсептешүү эсебинде жүргүзүлөт.
41. Электрондук акча системасында чыгарылган элекрондук акча көлөмү жана суммасы, банктын бухгалтердик балансында жана тиешелүүлүгүнө жараша электрондук акчаны эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебинде чагылдырылган көлөмгө жана суммага дал келүүгө тийиш.
42. Оператор банкка ээлик кылуучулар, электрондук капчыктар, айкын убакыт ыргагында ишке ашырылган транзакциялар жөнүндө маалыматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
43. Банк/агент/оператордун чарба жүргүзүү же башка ишкердик боюнча акча каражаттарды кабыл алуусу жана өз ара эсептешүүлөрү, ошондой эле электрондук акчаны кабыл алуу жана тейлөө учурунда алынган кайсыл болбосун комиссиялык төлөм түрлөрү банкта ачылган, электрондук акчаны эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебинен башка эсепте жүзөгө ашырылат.
44. Банк чейрек сайын, отчеттук чейректен кийинки айдын 15 кечиктирбестен, ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген формага ылайык, электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар жөнүндө бардык зарыл отчеттордун Улуттук банкка берилип турушун камсыз кылууга тийиш.
45. Улуттук банк туруктуу негизде сунушталуучу отчеттордун негизинде, ошондой эле инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын эрежелеринин жана ушул жобонун талаптарынын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырат.
46. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, банк агент менен электрондук акчаны пайдалануу менен айрым бир кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишим түзө алат.
47. Банк агенттик келишимдин алкагында банктын атынан иш алып барган өз агенттеринин иш-аракеттери/аракеттенбей коюусу үчүн өз ээлик кылуучулары алдында жоопкерчилик тартат.
48. Агент банктын атынан төмөнкү иштерди аткара алат:
1) электрондук акча түрүндө төлөмдөрдү жөнөтүүгө, алууга жана электрондук система аркылуу электрондук акчага байланыштуу башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого;
2) электрондук акчаны пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн өздүк түйүнгө ээ болууга;
3) алардын ордун жабууну кошо алганда, электрондук акчаны пайдалануу менен кызматтарды сунуштоого, ошондой эле банк менен агент ортосунда түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн башка кызматтарды көрсөтүүгө.
49. Агент ар бир банк менен агенттик келишим түзгөн шартта, бир нече банкка кызматтарды сунушташы мүмкүн.
50. Банк жаңы агентти ишке тартып жаткан учурда келишимге кол коюуга чейинки 14 жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү. Эгерде келишим ага агент тарабынан кол коюлгандан кийин сунушталган болсо, ал келишимде Улуттук банк тарабынан доо коюлган учурда ал күчүн жоготкон катары тааныла тургандыгы жөнүндө пункт белгиленүүгө тийиш.
51. Банк электрондук акчаны жайылтуу үчүн агенттерди тартуу боюнча төмөнкү документтерге ээ болууга тийиш:
1) агент менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү, анда Улуттук банктын талабы боюнча агенттин милдеттенмеси, маалыматтан, өз жайларынан, системаларынан жана жазууларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө каралууга тийиш;
2) электрондук акчаны пайдалануу менен кызмат көрсөтүү жана өз агенттери аркылуу алардын ордун жабуу саясатына, жол-жобосуна, анын ичинде терроризмге бөгөт коюу жана акчанын изин жашырууга каршы чараларды көрүү боюнча саясатка, жол-жобого, ошондой эле тиешелүү жоболорго жана колдонмолорго;
3) тобокелдиктерди кыскартуу үчүн пайдаланылган контролдоо чараларын кошо алганда, электрондук акча менен кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу тобокелдиктерге баа берүү жана агенттер аркылуу алардын ордун жабуу документтерине;
4) агенттерди окутууда пайдаланылуучу колдонмолорго жана кайсы болбосун материалдарга;
5) Улуттук банктын талабы боюнча башка маалыматтарды сунуштоого.
52. Электрондук акча менен кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн агентти тартууда банк төмөнкү маалыматтар камтылган эсепке алуу/жазууларды чагылдыруу ишин жүргүзүүгө тийиш:
1) юридикалык жактын же жеке ишкердин аталышы;
2) тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документ;
3) агенттин кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган ар бир кеңсесинин телефон номерлери, айкын жайгашкан/юридикалык дареги.
53. Банк Улуттук банктын талабы боюнча өз агенттери тууралуу маалыматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн сунуштоого милдеттүү.
54. Электрондук акча менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн агентти тарткан банк төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
1) өз агентин тиешелүү негизде окутууга, анын ичинде агент же акцептант үчүн кардарларга кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуз жана ңатыйжалуу сунушталышын камсыз кылуу боюнча саясатты, эрежелерди жана операциялык колдонмону берүүгө;
2) өз агенттеринин ишине контролдукту жүзөгө ашырууга;
3) ар бир агент тарабынан ишке ашырылган операциялардын санын, көлөмүн жана өлчөмүн эсепке алууга.
55. Электрондук акча банк, оператор, агент тарабынан жайылтылышы мүмкүн.
56. Электрондук акчаны жайылтууда банк/агент/оператор ээлик кылуучуну тараптардын укуктары жана милдеттери, алар тарабынан жайылтылып жаткан электрондук акчанын мүнөздөмөлөрү жана ээлик кылуучудан электрондук акча үчүн төлөм алынганга чейин сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө карата белгиленген тарифтер менен тааныштырууга тийиш.
57. Электрондук акчаны жайылтуу үчүн агент/оператор ага банк тарабынан өткөрүлүп берилген электрондук акча номиналынын суммасына барабар суммадагы акча каражаттарды банкка которот. Агентке берилүүчү сый акы өлчөмү жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө ыкмасы банк менен агент ортосунда түзүлгөн келишимде каралат.
58. Банк, агент жана оператор ортосундагы бардык өз ара эсептешүүлөр алардын банктык эсептешүү эсептери жана/же электрондук капчыктары аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш.
59. Банк ээлик кылуучуга чыгарылган электрондук акчаны нак акча каражаттарына алмаштыруу же болбосо ээлик кылуучунун банктык эсебине нак эмес каражаттарды которуу аркылуу ордун жабууга милдеттүү.
60. Электрондук акчаны нак акчага айландыруу банк тарабынан сыяктуу эле, банк менен агенттик келишим түзгөн электрондук акча оператору/агенти тарабынан да жүргүзүлөт.
61. Юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге электрондук акчанын ордун жабуу алардын банктык эсептерине акча каражаттарын которуу жолу менен гана жүзөгө ашырылат.
62. Электрондук акчанын ордун жабуу учурунда берилген акча каражаттардын суммасы ордун жабууга сунушталган электрондук акчанын суммасына дал келүүгө тийиш. Мында банк/оператор/агент электрондук акчанын ордун жабууда акча каражаттардын төлөнө турган суммасынан ээлик кылуучу менен түзүлгөн келишимде же системанын эрежелеринде көрсөтүлгөн сый акы суммасын кармап калууга укуктуу.
63. Электрондук акча ээси мындай транзакцияны жүргүзүүгө өз макулдугун берген шартта, электрондук акча менен жүргүзүлгөн операция санкцияланган катары эсептелинет. Электрондук акча менен транзакцияларды жүргүзүүгө макулдук берүү, банк/оператор/агент менен электрондук акча ээси ортосунда макулдашылган формада сунушталат. Ал эми мындай макулдашуу формасы жок болгон учурда, бул транзакция санкцияланбаган катары эсептелинет.
64. Акцептант тарабынан электрондук акча менен транзакцияларды жүргүзүүгө тапшырма алуусу ээлик кылуучулардан алынган тапшырма сыяктуу эле күчкө ээ жана банктын/оператордун коопсуздук боюнча жол-жоболорунда белгиленген тартипке ылайык, банк/оператор, электрондук акча ээси тарабынан текшерилиши зарыл.
65. Эгерде транзакцияларды жүргүзүү тапшырмасы коопсуздук талаптарына ылайык берилип, бирок мында электрондук акча системасы транзакцияларды туура эмес жүргүзсө, ал белгиленген лимиттен ашса, транзакцияларды жүргүзүү тапшырмасы кайталанса же башка туура эмес иштерге жол берилсе, анда эрежелерде төмөнкүлөр каралууга тийиш:
1) эгерде электрондук акча ээси төмөнкүлөрдү тастыктай алса:
- өзү же анын атынан иш алып барган адам коопсуздук талаптарын сактаган болсо;
- эгерде акцептант транзакциялар боюнча ушул жол-жоболорду аткарган болсо, анда каталарды аныктоо мүмкүн болуп, электрондук акча ээси ушул пунктка тиешелүү пунктчаларда көрсөтүлгөн тапшырма боюнча төлөөгө тийиш эмес;
2) эгерде транзакция туура эмес тапшырманын негизинде жүргүзүлсө, анда электрондук акчаны алуучу же акцептант төлөнгөн сумманы тапшырманы жөнөткөн адамга кайтарып берүүгө тийиш;
3) эгерде транзакция кайталанып ишке ашырылса, анда электрондук акча ээси транзакциянын суммасынан ашкан сумманы алуучудан өндүрүп алууга укуктуу.
66. Банк милдеттүү түрдө электрондук акча ээсине кандай болбосун чыгымдар, кыянаттык менен пайдалануу, уурдоолор же электрондук акчалардан же башка электрондук жабдуулардан санкциясыз пайдалануу же болбосо андан пайдалануу кодунун бузулгандыгы жөнүндө маалымдоонун натыйжалуу жана ыңгайлуу каражаттарын сунуштоого тийиш.
67. Банк ээлик кылуучу тарабынан билдирүүлөрдүн, анын ичинде телефон аркылуу кандай болбосун чыгымдар, электрондук акчанын же башка электрондук жабдуулардын туура эмес колдонулгандыгы, уурдалгандыгы, санкциясыз колдонулгандыгы же болбосо пайдалануу кодунун бузууга жол берилиши жөнүндө билдирүүлөрдү алгандыгын тастыктоо жол-жоболорун аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.
68. Банк/оператор электрондук акча ээлери алдында төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) эгерде банк/оператор ушул бөлүктө көрсөтүлгөн электрондук акча системасында орун алган үзгүлтүктөр жөнүндө ээлик кылуучуга билдирүү талабын аткарбаган болсо, электрондук акча ээсинин тапшырмасына ылайык кабыл алынган транзакцияларды жүргүзүү учурунда электрондук акча системасынын иштебей калышы үчүн чыгымдар үчүн;
2) эсептөөдө же бухгалтердик эсепке алууда жол берилген каталар үчүн.
69. Банк/оператор транзакцияны жүргүзүү учурунда кандай болбосун жеткиликтүү каражаттар аркылуу электрондук акча менен транзакцияларды жүргүзүү системасын же жабдууну пайдалануу мүмкүн эмес экендиги тууралуу электрондук акча ээсине дароо маалымдоого милдеттүү.
70. Банк/оператор транзакцияны жүргүзүү учурунда системада мурда аныкталбаган кандай болбосун үзгүлтүктөр жана электрондук акча менен транзакцияларды жүргүзүү учурунда келип чыккан проблемалар жөнүндө электрондук акча ээсине билдирүүгө милдеттүү.
71. Банк транзакцияны жүргүзүү учурунда электрондук акча ээсине техникалык үзгүлтүктөр жөнүндө алдын ала билдирген болсо, ал контролдой албаган форс-мажордук жагдайлардан же болбосо башка жагдайлардан улам электрондук акча каражаттарын которуу ишке ашырылбаса, анда банк электрондук акча ээси алдында жоопкерчилик тартпайт.
72. Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасы, анын ишин жөнгө салган ички эрежелер, электрондук акчаны колдонуу жол-жоболору жана келишимдик мамилелер менен камсыз болууга тийиш. Электрондук акча системасы, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, коопсуздукту камсыз кылууда тобокелдикке жол бербөө, ага бөгөт коюу жана аныктоо үчүн техникалык, уюштуруу, технологиялык коопсуздуктун тиешелүү механизмдери менен камсыздалууга тийиш.
73. Электрондук акча системасы, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, терроризм жана экстремизм иштерине катыштыгы бар адамдар тизмесине кирген адамдар тарабынан жүзөгө ашырылган же аларга тиешелүү операцияларды токтотуу жана электрондук капчыктарды блокко коюу, шектүү транзакцияларды (операцияларды) аныктоо жана алдамчылык иш аракеттерден коргонуу механизмдерине ээ болуусу зарыл.
74. Электрондук акча системасы, Улуттук банктын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк жүргүзүүнүн, банктык көзөмөлдөөнүн жана акча-кредит саясатынын чегинде электрондук акча формасындагы акча жүгүртүү жөнүндө зарыл статистикалык жана маалыматтык отчетторду түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.
75. Электрондук акча системасы, аларды колдонуу учурунда акцептанттын жана электрондук акча ээлеринин чыгымдарын кыскартуу үчүн маалыматтарды берүүнүн өңчөйлөштүрүлгөн стандарттарын жана төлөмдөрдүн форматтарын колдонуу менен электрондук акча катышуучуларынын өз ара иш алып барган системасы (акча каражаттарынын жылышын эсепке алуу боюнча ички система) менен натыйжалуу интеграциялануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу мүмкүн.
76. Электрондук акча системасы электрондук акчаны пайдаланууда катышуучулар үчүн натыйжалуу, электрондук акча ээлери үчүн баасы жеткиликтүү жана колдонууда ыңгайлуу болууга, ошондой эле, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
77. Электрондук акча системасында операциялык тобокелдиктерди тескөө төмөнкү негизги принциптерди ишке ашырууга негизделиши зарыл:
1) системанын ишинде ички контролдук жана аудит жүргүзүү жол-жобосунун болушу, системанын иши жана ишке ашырылган транзакциялар жөнүндө маалыматтарды электрондук түрдө сактоо;
2) кызматтык нускоолорго ылайык, жүктөлгөн жоопкерчиликти аткаруу боюнча талаптарга ылайык келген квалификациялуу персоналдын болушу;
3) маалыматтардын өз убагында иштелип чыгышын, ар бир транзакция боюнча маалыматтардын эсепке алынышын жана сакталышын, ошондой эле маалыматтардын системада сакталышын жана корголушун камсыз кылган маалымат системасынын болушу;
4) кеминде электрондук акча системасынын системалуу маанилүү модулдары үчүн иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча пландын болушу.
78. Лицензия алуу үчүн коммерциялык банк Улуттук банкка расмий жана/же мамлекеттик тилдерде төмөнкү документтерди эки нускада сунуштоого тийиш:
1) ишкердикти жүзөгө ашыруу үчүн лицензия берүүгө өтүнүч катты;
2) документтерди сунуштоо учурунда бюджет алдында карыздын жоктугу жөнүндө салык органдарынан маалымкат;
3) электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент менен түзүлгөн типтүү агенттик келишимдин көчүрмөсү;
4) оператор менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (эгерде эмитент оператор менен иш алып барган болсо);
5) электрондук акча боюнча калдыктарды жана анын жүгүртүлүшү жөнүндө маалыматтар базасын күн сайын жаңыртып туруу жана сактоо, аны алуу үчүн программалык камсыздоону орнотуу боюнча актынын көчүрмөсү;
6) төмөнкүлөрдү камтыган бизнес-планды:
а) маалымат системасы тууралуу маалымат (Улуттук банктын маалымат коопсуздугу талаптарына ылайык келүүсүн кошо алганда), алардын эсептерине акча каражаттары чегерилүүчү акцептанттар, агенттер тууралуу маалымат базасын түзүү жана маалыматтардын берилишин камсыз кылган инфраструктура жана электрондук акча боюнча акча каражаттардын жүгүртүлүшү жана калдыктары тууралуу жобо;
б) маалымат системасы дуушар болгон мүмкүн болуучу бардык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү, аларды контролдукка алуу, аныктоо жана баа берүү, ошондой эле аларга бөгөт коюу чаралары боюнча саясатты;
7) Башкарманын Төрагасы/Директорлор кеңеши тарабынан кол коюлган (мындан ары - жетекчи) электрондук акча системасынын иштөө эрежелеринде төмөнкүдөй жоболор камтылууга тийиш:
- банк, оператор, агент жана акцептант ортосунда операцияларды жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө, анда бардык акча жана маалыматтык агымдардын жалпы схемасы камтылууга тийиш;
- электрондук акчаны пайдалануу учурунда финансылык жана техникалык тобокелдиктерге контролдукту уюштуруу жөнүндө;
- электрондук акчаны пайдалануу учурунда маалыматтык ресурстардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү укугун чектөө, маалыматты коргоо жана коопсуздук системасы жөнүндө;
8) Улуттук банк өтүнүч кат ээсинин болжолдуу ишкердигин ар тараптуу, толук жана так түшүнүүсү үчүн сунуштоону туура көргөн башка документтер жана электрондук акчаларды чыгаруу материалдары;
9) лицензияны кароого алуу жана берүү үчүн төлөм ишке ашырылгандыгын тастыктаган документ;
10) лицензия алууга берилген ишеним кат.
79. Улуттук банк өтүнүч катта жана документти алган күндөн тартып алтымыш күндөн кечиктирилбеген мөөнөт ичинде өтүнүч кат ээсинин документтерин карап чыгат жана лицензияны берүү же берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алат. Ал эми лицензияга (2-тиркеме) Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген адамдын кол тамгасы коюлат.
80. Эгерде документтер толук эмес көлөмдө сунушталса же болбосо алар ушул жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе, анда өтүнүч катты жана документтерди кароо мөөнөтү ушул жобонун талаптарын канааттандырган бардык документтер кайрадан кабыл алынган күндөн тартып башталат.
81. Банкка лицензия төмөнкү операциялардын түрлөрүн гана жүзөгө ашырууга берилет:
1) электрондук акчаны чыгаруу, жайылтуу жана нак акчага айландыруу;
2) Интернетти, уюлдук жана башка байланыш каражаттарын колдонуу менен банкка берилүүчү товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу тапшырмаларын электрондук акча ээлеринен кабыл алуу;
3) төлөмдөр жөнүндө маалыматты кайра иштеп чыгуу жана эсепке алуу, электрондук акча боюнча акча каражаттарын төлөө жана алардын жылышы тууралуу маалыматты электрондук акча ээлеринин суроо-талабы боюнча сунуштоо;
4) келишим түзүлгөн акцептанттар менен кардарлардын атынан жана алардын тапшырмасы боюнча системада иштелип чыккан төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу.
82. Лицензияны берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тариздетилген лицензияны алууга ишеним каттын жана ыйгарым укуктуу адамдын же болбосо жетекчинин ким экендигин тастыктаган документтин негизинде жүзөгө ашырылат. Лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелинет. Лицензия ажыратып алынгыс болуп саналат жана аны үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат. Бул пункттун талаптарын бузуу лицензиянын кайтарылып алынышына алып келет.
83. Коммерциялык банктарга лицензияны берүү жөнүндө маалымат катар номер ыйгаруу менен каттоо журналында Улуттук банк тарабынан берилген лицензияларды эсепке алуу реестрине киргизилет. Колдонуудагы лицензиялар боюнча реестр Улуттук банктын сайтында жайгаштырылат.
84. Лицензия бланктары алардын колдонулушу боюнча так отчет берилүүчү документ болуп саналат. Лицензиянын бланктары Улуттук банк тарабынан эсепке алынат.
85. Эгерде лицензиянын түп нускасы жоголсо, ошондой эле лицензия бланкы жараксыз болуп калса банк үч күндүк мөөнөт ичинде лицензиянын дубликатын алууга өтүнүч кат сунуштоого милдеттүү. Ал өтүнүч катта жоголуп кеткен (жараксыз) бланктын бардык реквизиттери жана анын жоголгондугунун (жараксыз болуп калышынын) себептери көрсөтүлүүгө тийиш. Дубликат Улуттук банктагы документтердин негизинде берилет. Берилген лицензияда "Дубликат" деген белги болууга тийиш, ал эми лицензияларды эсепке алуу реестрин жүргүзүү китебиндеги лицензиянын түп нускасы жөнүндө жазуунун жанында дубликат берилгендиги жөнүндө маалымат чагылдырылат. Эгерде банк тарабынан лицензиянын жоголгон нускасы табылган болсо, ал "Дубликат" деген белгиси менен лицензияны Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.
86. Эгерде уставга анын аталышы жана жайгашкан жери боюнча өзгөртүүлөр киргизилсе, анда банк ушул жобонун талаптарына ылайык жаңы лицензия алуу үчүн белгиленген өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийинки 10 жумуш күн ичинде Улуттук банкка тиешелүү тастыктоочу документтерди берүүсү зарыл.
87. Лицензия төмөнкү учурларда берилбейт:
1) өтүнүч кат ээси документтерде туура эмес маалыматтарды чагылдырса же болбосо ушул жободо көрсөтүлгөн документтер сунушталбаса. Өтүнүч кат ээси бул кемчиликтерди четтеткенден кийин ал жалпы негизде кароого алынат;
2) мыйзам аркылуу бул категориянын субъекттери үчүн лицензияда көрсөтүлгөн ишкердиктин ушул түрүн жүзөгө ашырууга тыюу салынса/уруксат берилбесе;
3) өтүнүч кат ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
4) өтүнүч кат ээсинин уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбесе;
5) өтүнүч кат ээсине карата соттун аталган ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салган чечими болсо;
6) лицензияны берүү үчүн төлөө жүргүзүлбөсө;
7) лицензия алууга ыйгарым укуктуу адамда ишеним кат же тиешелүү ыйгарым укуктар чегерилген башка документтер жок болсо.
88. Лицензия берүүдөн баш тартылган учурда өтүнүч кат ээсине жазуу жүзүндө жүйөлүү себептер көрсөтүлгөн жооп берилет, мында кароого сунушталган документтердин бир нускасы кайтарылып берилбейт. Лицензияны берүүдөн баш тартуу чечими боюнча белгиленген тартипте даттануу менен кайрылууга жол берилет.
89. Кыргыз Республикасынын аймагында башка субъекттер Улуттук банктын тиешелүү лицензиясыз электрондук акча системасын уюштуруу же аны пайдалануу укугуна ээ эмес. Улуттук банктын лицензия берүү боюнча ыйгарым укуктарында лицензиянын аракетин токтотуу жана аны кайтарып алуу да камтылат.
90. Эгерде банк тарабынан ушул жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын бузууга жол берилиши аныкталган болсо, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык ал банкка карата таасир этүү чаралары колдонулат.
91. Электрондук акча чыгарууну жүзөгө ашырган банктар Улуттук банкка алар тарабынан чыгарылган жана тейлөөгө алынган электрондук акча, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөткө жана формаларына ылайык акча каражатынын жүгүртүүсү жөнүндө маалыматтарды берет.
92. Электрондук акча менен иш алып барган банк, агент жана оператор келишим шарттарынын, операцияларды жүргүзүү коопсуздугунун жана электрондук акчаны колдонуу эрежелеринин сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга милдеттүү.
93. Электрондук акча менен иш алып барган банк, агент жана оператор тиешелүү системанын эрежелеринде белгиленген параметрлер боюнча алар тарабынан жүзөгө ашырылган операцияларга мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле операциялардын туура эмес жана жаңылыш ишке ашырылышын токтотуу жана/же ага бөгөт коюу жагында иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү.
| Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө жобого карата 1-тиркеме |
______________________________________________________________ (банктын аталышы, банктын коду/оператору) электрондук акчаны чыгаруу жана аны жүгүртүүгө байланыштуу ишкердиги тууралуу ______-жылдын _________ чейреги үчүн ОТЧЕТУ
Жеке адамдар (агенттик түйүндүн саны көрсөтүлсүн)
_______________________________________________________________________
Түрү | Оператору | Продуктунун аталышы | Пайдалануучулардын саны (электрондук капчыктардын саны) | Отчеттук мезгилдин акырына карата электрондук акчанын көлөмү | Бир электрондук капчыктан акча каражаттарын которуу | Электрондук акчаны нак акчага айландыруу | Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө | Электрондук капчыктарды толтуруу | ||||
Транзакция саны | Транзакция көлөмү | Транзакция саны | Транзакция көлөмү | Транзакция саны | Транзакция көлөмү | Транзакция саны | Транзакция көлөмү | |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
E-money |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Байланышуучу адам _____________________________________________________________
(Аты-жөнү, телефон номери)
Башкарманын төрагасы __________________________________________________________
(кол тамгасы) (аты-жөнү)
Мөөрү
Юридикалык жактар-ээлик кылуучулар, акцептанттар жана жеке ишкерлер боюнча агенттик түйүн
_________________________________________________________________________________
Түрү | Оператору | Продуктунун аталышы | Пайдалануучулардын саны (электрондук капчыктардын саны) | Отчеттук мезгилдин акырына карата электрондук акчанын көлөмү | Бир электрондук капчыктан акча каражаттарын которуу | Электрондук акчаны нак акчага айландыруу | Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө | Электрондук капчыктарды толтуруу | ||||
Транзакция саны | Транзакция көлөмү | Транзакция саны | Транзакция көлөмү | Транзакция саны | Транзакция көлөмү | Транзакция саны | Транзакция көлөмү | |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
E-money |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Байланышуучу адам ________________________________________________________
(аты-жөнү, телефон номери)
Башкарманын төрагасы ______________________________________________________
(кол тамгасы) (аты-жөнү)
Мөөрү
| Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө жобого карата 2-тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
Электрондук акчаны чыгаруу укугуна № ____ ЛИЦЕНЗИЯ
_________________________________________________________________________________ (коммерциялык банктын толук аталышы)
_____________________________________________________________________ берилген.
(коммерциялык банктын кыскартылган аталышы)
______________________________________________________________________________
(жайгашкан жери: өлкөсү, областы, калктуу пункту, көчөсү, үйү, батири, телефон номери)
Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк
_________________________________________________________ (сериясы, номери)
______________________ берилди. Идентификациялык коду: _________________(берилген күнү, ким тарабынан берилген)
Коммерциялык банктын улуттук валютада __________________________ банктык операцияларды жүргүзүү укугуна карата лицензиясы.
Коммерциялык банктын чет өлкө валютасында ______________________________ банктык операцияларды жүргүзүү укугуна карата лицензиясы.
Бул лицензия ___________________________________________________________,
(коммерциялык банктын кыскартылган аталышы)
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук акчаны чыгарууга, анын ичинде:
- электрондук акчанын чыгарылышы, жайылтылышы жана алардын нак акчага айландырылышы;
- электрондук акча ээлеринен Интернет, уюлдук жана башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен банк тарабынан товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдү жүргүзүүгө тапшырмаларды кабыл алууга;
- электрондук акча менен өткөн транзакцияларды иштеп чыгуу (процессинг);
- ээлик кылуучулардын атынан жана алардын тапшырмасы боюнча системада иштелип чыккан төлөмдөр боюнча келишимдер түзүлгөн акцептанттар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө укук берет.
Лицензиянын аракеттенүү мөөнөтү чектелген эмес.
Лицензиянын көчүрмөлөрү жараксыз болуп эсептелет.
Бул лицензия ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
Лицензия катталды (күнү, айы, жылы).
Бланктын № _____________ сериясы ____________________
___________________________________ | ____________________ | _____________________________ |
(Улуттук банктын кызмат адамы) | (кол тамгасы) | (аты-жөнү) |
Мөөрү