Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-июну № 31/2
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган толуктоолор жана өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин:
- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу";
- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө".
2. Токтом күчүнө киргенден кийин анын талабы жаңыдан берилген жана реструктуризацияланган кредиттерге да таркатылат.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит мекемеси "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.
Төраганын милдетин аткаруучу | Н. Жениш |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 10-июнундагы № 31/2 токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун:
- 2-главасынын 2.3-1-пунктунан кийин төмөнкү мазмундагы 2.3-2-пункт кошулсун:
"2.3-2. Контракттык каржылоо дегенден улам, кардардын контрагенттери менен келишимдери боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн жүгүртүү капиталын кыска мөөнөткө каржылоо (бир жылга чейинки) түрүндөгү кредиттик продуктту түшүнүү зарыл.";
- 4.3-пункттун 4.3.2-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- активдин күрөө менен толук камсыздалбашы, калган учурда канааттандырылган активдерге тиешелүү бардык мүнөздөмөлөргө же контракттык каржылоонун алкагында камсыздоого ээ болгон (мисалы: каржыланган контракт, гарантиялар, дебитордук карыздар жана башкалар боюнча талап коюу укугу);";
- 5.2-пунктун 5.2.2-пунктчасы төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- кепилдик берүүчүнүн/гаранттын жана/же контракттык каржылоонун алкагында кредит алган кардардын контрагентинин финансылык абалынын начарлашы.";
- 5.3-пункттун 5.3.2-пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- кардардын карызды төлөөгө жөндөмсүздүгү, андан баш тартышы же айкын төлөөнү ишке ашырбастан төлөө ниетин билдириши жана активдин ордун жабуу үчүн экинчи булактын жоктугу, кепилдик берүүчүнүн/гаранттын жана/же контракттык каржылоонун алкагында кредит алган кардардын контрагентинин өз милдеттенмелерин аткарууга жөндөмсүздүгү/андан баш тартышы;".
2. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
- 4-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Контракттык каржылоо дегенден улам, кардардын контрагенттери менен келишимдери боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн жүгүртүү капиталын кыска мөөнөткө каржылоо (бир жылга чейинки) түрүндөгү кредиттик продуктту түшүнүү зарыл.";
- 30-пункттун бешинчи абзацындагы ";" белгиси "." белгисине алмаштырылып, төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Эгерде гарантия жана/же контракт боюнча талап коюу укугу 100000 сомдон ашкан өлчөмдөгү контракттык каржылоо боюнча камсыздоодон болсо, банк карыз алуучунун гарантынын/контрагентинин эң аз дегенде акыркы жыл ичиндеги төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө иликтөө жүргүзүүгө, тараптардын ошол кредит боюнча милдеттенмелерди аткарышына жана карыз алуучу кредитти кайтара албай калган шартта, экинчи төлөө булагынан пайдаланууга байланыштуу тобокелдиктерге баа берүүгө тийиш;";
- 4-глава төмөнкү мазмундагы 61-4-пункт менен толукталсын:
"61-4. Күрөө менен камсыздалбаган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченемин эсептөөдө бардык төмөнкү критерийлерге жооп берген контракттык каржылоо формасындагы кредиттер эске алынбайт:
- контракттык каржылоо формасындагы кредиттер боюнча карыз калдыгы банктын кредит портфелинин жалпы көлөмүнүн 3% ашпаганды түзсө;
- контракттык каржылоо формасында берилген, мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттердин кредит портфелинин жалпы көлөмүндөгү үлүшү акыркы 6 ай ичинде 1% ашпаганды, ал эми акыркы 12 ай ичинде ошол кредиттердин жалпы көлөмүнүн 2% ашпаса;
- карыз алуучу менен анын контрагенттери ортосунда контракттык каржылоо боюнча эсептешүүлөр карыз алуучунун ошол банктагы эсеби аркылуу гана ишке ашырылат;
- кредит алган карыз алуучу, анын гаранты/кепилдик берүүчүсү (эгерде болгон болсо), ошондой эле ошол карыз алуучунун контрагенти банктын инсайдерлери же аффилирленген жагы болуп саналбайт.".