Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2021-жылдын 9-февралы № 36
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 153 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 153 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жобонун бүткүл тексти боюнча "шайлоо комиссияларында" деген сөздөр "шайлоо комиссиясында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2.4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.4. Төмөнкүлөр шайлоо комиссиясында өкүл болууга укуксуз:
- Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттары;
- Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер;
- саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар;
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар;
- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү;
- судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери;
-диний кызматкерлер;
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар.";
3) 2.6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.6. Эгерде ал жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылманын мүчөсү жана (же) уюштуруучусу, мамлекеттик же муниципалдык ишкананын, мекеменин, 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү бар мекеменин кызматкери болуп саналса, шайлоо комиссиясындагы өкүл өзүнүн кызмат орундук жана кызматтык абалынын артыкчылыгынан пайдаланууга укугу жок.";
4) 2.8.3-пункттагы "токтолушу жана башка адамга өткөрүп берилиши мүмкүн" деген сөздөр "токтотулат жана башка адамга өткөрүп берилет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 3.1-пунктта:
- "Талапкерлер" деген сөз "Талапкерлер, саясий партиялар экиден көп эмес" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) пункт 3.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3.2.Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси ар бир ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын, фамилиясын, аты-жөнүн, туулган датасын, паспортунун же анын ордун басуучу документинин сериясы менен номерин жана ал берилген датаны, жашаган жеринин дарегин, негизги ишинин же кызматынын ордун, ээлеген кызматын (негизги иштеген же кызмат кылган жери жок болгон учурда - ишинин түрүн), телефон номерин, ал эми талапкердин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл үчүн - каржы документтерине кол коюу укугун көрсөтүү менен тиешелүү шайлоо комиссиясына тапшырылат. Шайлоо комиссиясына тапшырылган көрсөтүлгөн тизмеде саналган ар бир адамдын көрсөтүлгөн иштерди жүзөгө ашырууга ошондой эле жазуу жүзүндөгү макулдугу тиркелет. Мында талапкер, саясий партия ыйгарым укуктуу өкүлдүн 21 берененин талаптарына ылайыктыгын тастыктайт жана берилген маалыматтар үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.".
8) 3.4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.4. Төмөнкүлөр ыйгарым укуктуу өкүл боло алышпайт:
- Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары,
- Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер,
- саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдар,
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар,
- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү,
- судьялар,
- укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери,
- диний ишмерлер,
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар.";
9) 3.6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
10) 3.7.пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
3.7. Ыйгарым укуктуу өкүл:
1) талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берет;
2) каттоого документтерди кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону (маалымкатты) шайлоо комиссиясынан алат;
3) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзөт, үгүт материалдарын таратат;
4) талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын берүүнүн тартибин аныктоодо шайлоо комиссиялары тарабынан жүргүзүлүүчү чүчү кулактарга катышууга укуктуу;
5) ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындаган талапкерге, саясий партияга тиешеси бар маселелер боюнча шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу;
6) талапкердин, саясий партиянын тапшыруусу боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.";
Талапкер, саясий партия аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү чечимдин көчүрмөсүн жиберүү менен ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын ар кандай убакта токтотууга укуктуу.
11) 3.8-пункттагы "аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү чечимдин көчүрмөсүн жиберүү менен" деген сөздөр "тийешелүү ыйгарым өкүлдү каттаган шайлоо комиссиясына бул тууралуу жазуу жүзүндө билдирүү менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 3.10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3.10. Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү депутаттыкка талапкердин, бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинде көрсөтүлгөн бардык талапкерлер талапкердин статусун жоготкон учурдан тартып, бирок шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн кечиктирилбестен аяктайт. Талапкердин, саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 20 календардык күндөн кийин аяктайт.";
13) 4.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.1. Талапкер, саясий партия өздөрүнүн ишенимдүү адамдарын дайындоого укуктуу.
Талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын, саясий партиянын сунуштамасынын жана ишенимдүү адам болууга макулдугун берген жарандын өзүнүн арызынын негизинде ишенимдүү адамдарды каттоо талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы тарабынан токтоосуз ишке ашырылат. Шайлоо комиссиясы ишенимдүү адамга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берет.";
14) 4.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.2. Ишенимдүү адамдарды каттоо талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы тарабынан талапкердин арызынын, саясий партиянын жазуу жүзүндөгү сунуштамасынын жана ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө жарандын өзүнүн арызынын негизинде жүзөгө ашырылат. Шайлоо комиссиясы ишенимдүү адамга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берет.";
15) 4.3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.4. Төмөнкүлөр ыйгарым укуктуу адам боло алышпайт:
- Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары,
- Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер,
- саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар,
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар,
- шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү,
- судьялар,
- укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери,
- диний ишмерлер,
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар.";
16) 4.4-пункттагы "депутаттыкка талапкерлер жана/же саясий партия" деген сөздөр "талапкерлер, саясий партиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 4.7-пункттагы "Саясий партиялар, саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлер" деген сөздөр "Ишенимдүү адамдарды көрсөтүшкөн талапкерлер, саясий партиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 4.8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.8. Ишенимдүү адамдардын ыйгарым укуктары ушул жобонун 4.7-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча же болбосо аларды катталган талапкер деп ыйгарым укук берген талапкерлерди көрсөткөн саясий партия, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия статусунан ажырашы менен бирге токтотулат.";
19) 5.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1. Талапкер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партия байкоочуларды дайындоого укуктуу, алар мыйзамдарда белгиленген тартипте шайлоого даярдык көрүүгө, добуш берүүнү жүргүзүүгө, добуштарды саноого, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу.";
20) 5.2-пунктта:
- экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жолдомо талапкердин кол тамгасы же саясий партиянын мөөрү болгондо жана паспорту же аны алмаштырган документи болгондо анык деп эсептелинет.";
21) 5.4-пукнттун 17-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) добуш берүүнүн жүрүшүнө, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга жолтоо болбостон, шайлоочулардын добуш берүүсүнүн купуялуулугун бузбастай, шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото-, көрмө тартууну, үн жазууну жеке жүргүзүүгө.";
22) 6.2-пункттагы "согушту үгүттөөгө;" деген сөздөрдөн кийин "жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу менен башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлери менен эл алдында иш-чараларды өткөрүүгө;";
23) 6.6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6.6. Өкүл шайлоо процессинин субъекттеринин (талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкер, саясий партия, шайлоо комиссияларындагы саясий партиялардын өкүлү) шайлоо укуктарын, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузган мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка субъекттеринин чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыз менен кайрылууга укуктуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык прокуратура органдарына, ички иштер органдарына, шайлоо комиссияларына же сотко кайрыла алат.
Шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) жогору турган шайлоо комиссияларында, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) - сотто даттанылышы мүмкүн.".
"Токтом" МБ эскертүүсү: Берилген токтомдун 1-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 1-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
2. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шайлдабекова |