Загрузка документа…
2009-жылдын 1-сентябрындагы N 551 токтомунун редакциясыяларына ылайык)
I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги(мындан ары - Министрлик) экономикалык өнүгүү, тышкы экономикалык жана тышкысоода ишмердүүлүк, инвестицияларды тартуу, техникалык жөнгө салуу, ишкердиктиөнүктүрүү жана колдоо, эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү тармагындабирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну жүргүзгөнаткаруу бийлигинин борбордук органы болуп саналат.Министрлик анын карамагында болгон Экономикалык стратегиялар борборунунишмердүүлүктөрүнө координация жана көзөмөл жүргүзөт. 2. Министрлик өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, КыргызРеспубликасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдикукуктук актыларын, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринжана нормаларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптекүчүнө кирген, эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликкеалат. 3. Министрлик өз ишмердигин аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдарменен өз ара карым-катнашта жүзөгө ашырат. 4. Министрлик юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик герби түшүрүлгөн жана өз аталышы мамлекеттик, расмий жана англистилдеринде жазылган мөөрү болот. Министрлик өз атынан жарандык-укуктукмамилелерди жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттинатынан жарандык-укуктук мамилелер тарабы катары чыгууга укуктуу. II. Министрликтин милдеттери 5. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн бирдиктүү мамлекеттикстратегиясын аныктоо; - экономиканын түзүмүн өркүндөтүү жана анын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу; - бирдиктүү мамлекеттик макроэкономикалык, финансылык, салык жана бажысаясатын иштеп чыгуу жана жүргүзүү; - региондук өнүгүүнүн келечектүү багыттарын иштеп чыгуу процессинкоординациялоо жана ишке ашырууга катышуу; - тышкы экономикалык жана тышкы соода иш-аракетин өнүктүрүү, тышкырынокторго ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү; - чарбалык иш-аракеттердин бардык катышуучулары үчүн ишкердикти өнүктүрүүбоюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, экономикалыкэркиндиктин дењгээлин жогорулатуу; - техникалык жөнгө салуу тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгөашыруу;инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу, долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугунжогорулатуу, тике инвестицияларды тартуунун натыйжалуу системасын түзүү боюнчачараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; - өзгөчө жагдайларда экономиканын туруктуу өнүктүрүү чараларын иштеп чыгуу; - донорлордун расмий жардамынын чектеринде каражаттарды тартуу жанаколдонуу боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жана ишке ашыруу; - министрликтердин жана ведомстволордун аталган багыттар боюнча иш-аракеттерин координациялоо. III. Министрликтин функциясы 6. Министрлик өз компетенциясынын чегинде төмөнкүдөй функцияларды аткарат: 6.1 Негизги функциялар:экономикалык өнүгүү тармагында:өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын, мамлекеттикпрограммаларын жана божомолдоолорун иштеп чыгат; - экономикадагы түзүмдүк жана администрациялык өзгөртүп түзүү маселелерибоюнча аналитикалык материалдарды жана сунуштарды даярдайт; - республиканын финансылык-экономикалык абалына жана анын социалдык-экономикалык өнүгүү тенденциясына талдоо жүргүзөт,экономиканын өнүгүүсүндөгү диспропорцияны табат жана аларды четтетүүжолун аныктайт; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттикадминистрациялар менен бирдикте социалдык-экономикалык, жаратылыштык-климаттык,демографиялык жана экологиялык шарттары кыйла татаал региондорду мамлекеттикколдоо иш-чараларын иштеп чыгат; - мамлекеттик инвестициялар Программасын иштеп чыгат жана ишке ашырат; - бюджет саясатын экономикалык негиздөөнү жана республикалык бюджеттинчыгымдарынын айрым бөлүмдөрүн иштеп чыгууга катышат (өнүктүрүү бюджети); - кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте мамлекеттик тышкыөздөштүрүүнүн жана өнүгүүнүн расмий жардамын тартуу жана жайгаштыруучөйрөсүндөгү саясатты жана стратегияны аныктайт жана координациялайт; - расмий тышкы финансылык, техникалык жардамдын бардык түрлөрүн жанаформаларын эсепке алууну жана талдоону жүргүзөт; - аткаруу бийлигинин органдары жана чарбакер субьекттер менен бирдиктесалык-бюджеттик, бажы-тарифтик жана тарифтик эмес саясатты иштеп чыгат жанаөзгөртүү боюнча белгиленген тартипте сунуштарды киргизет; - эркин экономикалык аймактардын түзүлүшү жана иштешине байланыштуумамлекеттик саясатты аныктайт жана жүргүзөт;мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программаларын экономикалык негиздөөнү жанамүлктүк мамилелер, менчиктештирүү процессинин, мамлекеттик мүлктү башкаруу жанасарамжалдуу пайдалануу маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардыиштеп чыгууга катышат; - жумушка орноштуруу, демографиялык өнүгүү, калктын жашоо дењгээлинжогорулатуу проблемаларын кошкондо, мамлекеттик социалдык саясатты түзүүгөкатышат; - аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын структурасын талдоого катышатжана ишкердик иш-аракеттерди жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууформаларынын, мамлекеттик жана башка ыйгарым укуктуу органдардын функцияларынкайталоону четтетүү боюнча сунуштарды даярдайт; - өзүнүн компетенциясынын чектеринде республикада эл аралык финансылыкинституттар жана донордук уюмдар менен өз ара аркеттенүүнү ишке ашырат жанакоординациялайт; -республиканын экономикасын мобилизациялык даярдоо тармагында мамлекеттиксаясаттыиштеп чыгат жана жүргүзөт, мобилизация планын түзөт;тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы соода цшмердиги тармагында: - Халал" индустриясында бирдиктүү саясатты жүргүзөт; - Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы экономикалык жана соода саясатыништеп чыгат жана жүзөгө ашырат; - тышкы соода ишмердигин жакшыртуу, кыргыз продукциясынын экспортун өстүрүүжана кызыктыруу, республиканын экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнчачараларды ишке ашырат; - тышкы экономикалык байланыштар жана соода, ишкердикти өнүктүрүү жанаколдоо, инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу, тике инвестицияларды тартуу,Министрликтин компетенциясына кирген башка чөйрөлөр тармагында иш-чаралардыиштеп чыгат жана ишке ашырат; - соода балансына талдоо жана мониторинг жүргүзөт; - электрондук соода негиздерин иштеп чыгат жана ишке киргизүүнү камсыздайт; - товар рынокторундагы конъюнктураны изилдейт жана талдоого алат,экспорттун жана импорттун структурасын өркүндөтүү бөлүгүндө саясаттыкоординациялайт; - эл аралык финансылык жана соода-экономикалык уюмдар менен байланыш түзөтжана ата мекендик товар өндүрүүчүлөр үчүн божомолдорду жана сунуштарды даярдайт;керектөө рыногундагы абалды иликтейт жана товардык ресурстардагы керектөөлөрдүаныктоо үчүн зарыл болгон продукцияларга суроо-талаптардын божомолдукэсептөөлөрүн жана талдоосун ишке ашырат; - рыноктордун конъюнктурасын талдоонун жана маркетингдик изилдөөлөрдүннегизинде республикада импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталганпродукцияларды чыгаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;республиканын соодасын Көз карандысыз Мамлекеттер шериктештигине катышуучу-мамлекеттер, алыскы чет өлкөлөр жана региондук бирликтер менен интеграциялообоюнча программаларды иштеп чыгат; - тышкы соода ишмердигин Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) нормаларына жанаэрежелерине, ошондой эле ЕврАзЭС боюнча өнөктөштөр алдындагы милдеттенмелергеылайык шайкеш келтирүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат; - тышкы экономикалык жана соода байланыштары, техникалык жөнгө салуумаселелери боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды белгиленгентартипте иштеп чыгат, ушул келишимдер боюнча кыргыз тараптын милдеттенмелердиаткарышын камсыздайт жана алардан келип чыккан укуктарды жүзөгө ашырат, ошондойэле келишимдин башкакатышуучуларына жүктөлгөн милдеттенмелердин аткарылышына байкоо жүргүзөт; - эл аралык келишимдерди түзүү иштерине, эл аралык долбоорлорду жанапрограммаларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга, ошондой эле Министрликтинкомпетенциясына кирген маселелер боюнча чет мамлекеттердин мамлекеттикоргандары, өкмөттүк эмес уюмдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыктыжүзөгө ашырууга катышат; - тышкы экономикалык жана соода байланыштары маселелери боюнча түзүлгөн эларалык келишимдердеги милдеттенмелерди аткарууга мониторинг жүргүзөт; - ички рынокто атаандаштык чөйрөсүнүн абалын эске алуу менен жана КыргызРеспубликасынын ички рыногун ак ниет эмес атаандаштыктан коргоо максатындатарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун (анын ичинде бажы тарифтерининставкаларын өзгөртүү боюнча) тиешелүү методдорун жана чараларын колдонуу боюнчасунуштарды иштеп чыгат; - тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууну кошкондо ички рынокту коргоогосунуш кылынган чаралардын атаандаштык үчүн натыйжаларына баа берет; - Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо боюнча демпингге каршытериштирүүлөргө жана жол-жоболорго катышат; - эл аралык атаандаштык процессинде Кыргыз Республикасынын экономикалыккызыкчылыктарын коргоону камсыз кылат; - өкмөттөр аралык комиссияларды түзүү боюнча белгиленген тартиптесунуштарды киргизет, алар кабыл алган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт; - Министрликке, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жана КыргызРеспубликасынын биринчи вице-премьер-министрине бекитилген чет өлкөлөр мененөкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиялардын катчылыгынын функциясынаткарат; - чет мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыкты камсыздайт; - экспорттук көзөмөл тармагындагы чараларды жүзөгө ашырат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды жана кызматкөрсөтүүлөрдү экспорттоого жана импорттоого лицензиялардын жана квоталардынбардык түрүн жана лицензиялардын башка түрүн берет;ишкердик тармагында: - ишкердикти өнүктүрүү жана колдоо жагындагы чараларды ишке ашырат; - мамлекеттик жөнгө салуу саясатын иштеп чыгууга жана уруксат берүүчү-жөнгө салуу системасын оптималдаштырууга катышат; - ишкердик чөйрөсүн талдоонун негизинде улуттук, ошондой эле эл аралыкдењгээлдерде ишкердик саясатын жүзөгө ашырууга жањы урунттуумамилелерди түзөт, ошондой эле ишкердикти өнүктүрүүнүн орто мөөнөттөгүпрограммаларын жана аны аткаруу боюнча чараларды иштеп чыгат;экономиканы дерегуляциялоонун мамлекеттик саясатынын алкагында КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына нормативдик актылардын долбоорлорунун ылайыккелишине жана ишкердик чөйрөнү начарлатуучу нормаларды аныктоо максатындаэкспертиза жүргүзөт; - ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү инфраструктурасын түзүүгө, ишкердиктиөнүктүрүү үчүн бизнес-борборлорду, бизнес-инкубаторлорду, консультациялык,аудитордук жана юридикалык кызматтарды түзүүгө көмөктөшөт; - уруксат берүүчү документтерди алуу тартибин жөнөкөйлөтүү жана алардынсанын азайтуу боюнча белгиленген тартипте сунуштарды киргизет; - инвестицияларды тартуу тармагында: - экономиканы өнүктүрүү артыкчылыгын эске алуу менен инвестициялартармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат; - эл аралык финансылык жана экономикалык уюмдардын жана донор өлкөлөрдүнфинансылык жана техникалык жардамын тартуунун жана пайдалануунун артыкчылыктуубагыттарын аныктайт;экономика секторлору жана региондор боюнча тике инвестицияларды тартууга талдоожана мониторинг жүргүзөт; - Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча чаралардынкомплексин иштеп чыгат жана кызыкдар мамлекеттик башкаруу органдары мененбирдикте тике инвестицияларды тартуунун негизги багыттарын жана артыкчылыгынаныктайт, инвесторлорду колдоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга катышат; - кызыкдар аткаруу бийлигинин органдары менен бирдикте белгиленген тартиптеинвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууларды даярдайт жанатүзөт; -инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзөт, аларга экспертиза жана алгажылдырууну ишке ашырат; - өлкөнүн экономикасына түз инвестицияларды жана капиталдарды тартуумаселеси боюнча чет өлкөлүк, эл аралык финансылык институттар жана потенциалдууинвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт; -чет элдик түз инвестицияларды тартуу маселелерин жөнгө салуучу укуктук-ченемдик актылардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;техникалык жөнгө салуу тармагында:: - техникалык регламенттерди даярдоо, кабыл алуу, колдонуу жана кайра карапчыгуу боюнча иштерди уюштурууну камсыз кылат; - «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу негиздери тууралуу»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын принциптерине жана максаттарына ылайыккелтирүү максатында милдеттүү талаптарды жана мамлекеттик көзөмөл мененконтролдоо жол-жоболорун белгилеген Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктукактыларына инвентаризация жүргүзүү боюнча иштерди уюштурат; - техникалык жөнгө салуу тармагында Кыргыз Республикасынын маалыматсистемасын түзөт жана анын иштешин камсыздайт; - аккредитацияланган органдардан башка ылайык келүүнү баалоо боюнча шайкешкелүүнү милдеттүү ырастоо органдарынын жыйынтыктарынын мамлекеттик реестринжүргүзөт;- мамлекет-жеке өнөктөштүгү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат; - эксперттик комиссиялардын жеке курамын бекитет жана алардын ишмердүүлүгүн
камсыздайт;
- техникалык жөнгө салуу жаатында эл аралык кызматташууну өнүктүрүү боюнча
сунуштарды даярдайт;
- техникалык жөнгө салуу тармагында министрликтер жана ведомстволор,
ошондой эле башка уюмдардын ортосунда иш милдеттерин чектөө боюнча сунуштарды
даярдайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча жана санитардык, фитосанитардык
чараларды колдонуу боюнча ДСУнун макулдашууларына ылайык Кыргыз Республикасынын
милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы N 551 токтомунун
редакциясына ылайык)
6.2 Координациялоо жана көзөмөлдөө функциясы:
- экономиканы комплекстүү өнүктүрүү, жањы индустрияларды өнүктүрүү жана түзүү
боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну
координациялайт;
экономиканы комплекстүү өнүктүрүү жана мамлекеттик социалдык-экономикалык
программаларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракетин координациялайт;
- экономиканын структурасын жакшыртуучу чараларды иштеп чыгууну жана ишке
ашырууну координациялайт;
- тышкы соода чөйрөсүндө жана көргөзмө-жармањкелик иш-аракетте аткаруу
бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иш-
аракетин координациялайт;
- экспорттук көзөмөлдөө чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын иш-аракетин
координациялайт;
- товарлардын демпингдик жана субсидияланган импортуна көзөмөлдөө жүргүзөт;
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрүнүн иш-аракетин
координациялайт;
- эркин экономикалык, бажы, соода жана башка аймактар жаатында мамлекеттик
саясатты өркүндөтүү боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана
администрациялык ведомстволордун иштерин координациялайт, Министрликтин
компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча алардын иш-аракетине мониторинг
жүргүзөт;
- ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясатты жана
программаларды ишке ашырууга катышкан Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин
органдарынын жана башкы түзүмдөрдүн иш-аракетин координациялайт;
- Кыргыз Республикасында товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө штрихтик код
системасын киргизүү боюнча иштерди координациялайт;
- техникалык жөнгө салуу системасындагы органдардын иш-аракетин
координациялайт;
- уруксат берүүчү система маселеси боюнча мамлекеттик органдардын иш-
аракетин координициялайт;
ишкердик субьекттеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүү
предметине мамлекеттик көзөмөлдөө органдары тарабынан аларга белгиленген
тартипте текшерүүлөрдү жүргүзүүнү макулдашат;
- мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функциясына жана алардын бизнес
чөйрөсүн өнүктүрүүгө таасир этишине мониторинг жүргүзөт;
- мамлекеттик көзөмөлдөө органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген текшерүүлөрдү жүргүзүүдө тартип бузууларды четтетүү жөнүндө
белгиленген тартипте көрсөтмөлөрдү берет;
- техникалык жөнгө салуу принциптерин бузууну жоюу, ошондой эле бул
функциялардын кайталанышына жол бербөө максатында ылайык келүүгө баа берүү
жаатында милдеттүү талаптарды жана функцияларды белгилеген Кыргыз
Республикасынын нормативдик укуктук актыларын талдоо боюнча ишмердикти
координациялайт;
- аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын,
илимий мекемелердин, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштарынын
негизинде жыл сайын программаны түзүүнүн жардамы менен техникалык регламенттерди
иштеп чыгуу боюнча ишмердикти координациялайт жана аны Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берет.
6.3 Кызмат көрсөтүүглөр функциясы:
- Министрликтин карамагындагы маселелер боюнча экономиканын чарбакер
субьекттерине маалыматтык-консультациялык көмөктөшүүнү камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекекттик органдарынын
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматка жетүү
жөнүндө» Мыйзамына ылайык Министрликтин карамагындагыларга маалымат берет;
- илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, форумдарды өткөрөт;
- жармањкелерди, товарлардын көргөзмөлөрүн уюштурууга көмөктөшөт;
- билдирүүлөр жана түзүлгөн келишимдер (контрактар) боюнча баа маалыматын
берет;
- Кыргыз Республикасында ишкердик иш-аракетти жүргүзүү үчүн укук жана
ыйгарым укук берүүчү инвесторлорго бардык макулдашылган, уруксат берилген жана
башка документтерди алууга, инвесторлорго зарыл маалыматтык, консультациялык
жана администрациялык колдоо көрсөтүүгө көмөктөшөт;
- инвестициялык долбоорлорго талдоо, экспертиза жана тандоо жүргүзөт,
аларды илгерилетүүнү уюштурат;
- жеке жана юридикалык жактардын арыздарын, даттанууларын, кайрылууларын
карайт.
IV. Министрликтин укуктары
7. Министрлик иш-аракеттердин белгиленген чөйрөсүндө функцияларды ишке
ашыруу максатында төмөндөгүлөргө укуктуу:
- Министрликтин иш-аракет чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги
багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп
чыгууга жана Министрликтин иш-аракетинин маселелерине карата ченемдик укуктук
базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Министрликтин иш-аракетинин чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы башка
мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен түзгөн эл аралык келишимдер боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген аткаруу бийлигинин
жана өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин жокко чыгаруу боюнча сунуштарды
киргизүүгө;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын атынан эки тараптуу же көп
тараптуу макулдашууларга жана келишимдерге, ошондой эле региондук жана эл аралык
уюмдар менен макулдашууларга жана келишимдерге кол коюуга;
- Министрликтин иш-аракет чөйрөсүнө тийиштүү маалыматты белгиленген
тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынан, уюмдарынан жана ишканаларынан, кызмат адамдарынан жана
жарандарынан суроого жана алууга;
- тышкы экономикалык байланыштар маселелер боюнча материалдарды даярдоого,
Кыргыз Республикасында жана чет өлкөдөгү эл аралык институттардын, экспорттук
топтордун, ведомстволор аралык комиссиялардын, конференциялардын, кењешмелердин
иштерине катышууга;
- Министрликтин иш-аракет чөйрөсүндө координациялоочу жана кењеш берүүчү,
анын ичинде ведомстволор аралык органдарды (кењештерди, комиссияларды, топторду)
түзүүгө;
- ДСУ маселелери, КНСти кайтаруу жана башка маселелер боюнча Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ведомстволор аралык комиссиянын иштерин
уюштурууга;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча комиссияларда,
атайын жумушчу топтордо, ошондой эле ведомстволор аралык жана өкмөттөр аралык
дењгээлдеги иштерге катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттик ишканалар сөзсүз
түрдө аткара турган көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде Министрликтин карамагына тийиштүү маселелер
боюнча нормативдик-укуктук актыларды бекитүүгө;
- Министрликтин компетенциясындагы маселелер боюнча мамлекеттер аралык
(региондук) уюмдарда Кыргыз Республикасынын таламын талашууга;
- Министрликтин компетенциясындагы маселелер боюнча башка өлкөлөрдүн
тиешелүү ведомстволору, эл аралык уюмдар жана юридикалык жактар менен
кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, эл аралык келишимдерди,
макулдашууларды, протоколдорду, меморандумдарды түзүүгө;
- өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилеге кирүүгө, Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын чегинде мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы
катары чыгууга укугу бар;
- Министрликтин компетенциясына кирген иш-аракет чөйрөсүндө мамлекеттик
саясатты жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор-
өлкөлөрдүн гранттарын тартууга;
- Министрликтин компетенциясындагы милдеттерди жана иш милдеттерди аткаруу
үчүн чет өлкөлөрдө жана Кыргыз Республикасынын аймагында Министрликтин өкүлдөрүн
дайындоого;
- демпингке каршы териштирүүлөрдү, атайын коргоочу, демпингке каршы же
компенсациялык чараларды колдонуу боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүүгө;
- мамлекеттик катышуусу бар мамлекеттик ишканалардын жана уюмдардын иш-
аракетине натыйжалуу талдоо жүргүзүү жана баа берүүгө, белгиленген тартипте
сунуш киргизүүгө;
- республиканын социалдык-экономикалык жана өнөр жайлык өнүгүшүнө
байланыштуу айрым долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын
министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык
ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, илимий-
изилдөөчү жана башка мекемелердин өкүлдөрүн, экономиканы өнүктүрүүнүн негизги
маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн айрым окумуштууларды жана практик-
адистерди тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде акы төлөмө
консультацияларды, маалыматтык-сурап алма жана башка кызматтарды көрсөтүүгө;
- соода өкүлчүлүктөрүн түзүү жана/же башка мамлекеттерде соода өкүлдөрүнө
ээ болуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизүүгө;
Министрликтин компетенциясындагы маселелер боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик
органдарынын коллегиясынын ишине катышууга;
- белгиленген иш-аракет чөйрөсүндө башка иш-милдеттерин аткарууга.
V. Министрликтин ишмердигин уюштуруу
8. Министрликти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындоочу Кыргыз Республикасынын
Экономикалык өнүгүү жана соода министри (мындар ары - министр) башкарат.
9. Министрликке жүктөлгөн милдеттерди аткарууда жана ишмердиктин
белгиленген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты турмушка ашырууда министр жеке
жоопкерчилик тартат.
10. Министрликте статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат
орду, ошондой эле министрдин эки орунбасарынын кызматы уюштурулган.
11. Статс-катчыны Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу жана министрдин
макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана бошотот. Статс-катчынын
иш милдети жана ыйгарым укуктары Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш бекиткен
Мамлекеттик органдын статс-катчысы жөнүндө жободо аныкталат. Министр статс-
катчыга башка иш милдеттерди жана ыйгарым укуктарды да тапшырышы мүмкүн. Статс-
катчы Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењеши менен күндөлүк, учурдагы иштерди жүргүзөт.
12. Министрдин орун басарларын министрдин сунушу боюнча Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана оошотот.
13. Министр:
- Министрликтин иш-аракетине, анын коллегиясына, борбордук аппаратына,
ведомстволук жана аймактык органдарына жалпы жетекчилик кылат жана Министрликке
жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жооп берет;
- статс-катчынын, министрдин орунбасарларынын ортосунда милдеттерди
бөлүштүрөт;
- белгиленген тартипте Министрликтин борбордук аппаратынын структуралык
бөлүктөрү тууралуу жобону бекитет;
- ведомстволук органдардын жобосун, структурасын жана штаттык расписаниесин
бекитет;
- белгиленген тартипте Министрликтин аймактык органдарынын жобосун,
структурасын жана штаттык расписаниесин бекитет;
- статс-катчыны кызматка дайындоого жана бошотууга макулдук берет;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине министрдин орун басарларын
дайындоого талапкерлерди көрсөтөт;
- белгиленген тартипте Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин,
Министрликтин аймактык органдарынын жетекчилерин жана жетекчилеринин орун
басарларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга сыйлоо жана тартип
жазаларын көрөт;
- Министрликке жүктөлгөн иш милдеттерди аткарууга байланыштуу ведомстволук
органдардын жетекчилерин жана орун басарларын белгиленген тартипте кызматка
дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Министрликтин системасындагы кызматкерлердин милдеттүү түрдө аткарышы
үчүн буйруктарды чыгарат;
- мыйзамдарда аныкталган чектерде Министрликтин мүлкүн жана каражаттарын
тескейт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдерди түзөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана анын тапшыруусу боюнча эки
тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерге кол коет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча өз ыйгарым укугунун
чегинде башка иш милдеттерди аткарат;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте Кыргыз
Республикасынын Премьер-министрине Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрүнүн
жетекчилерине талапкерлер боюнча сунуштарды берет;
- мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
статс-катчынын сунушу боюнча Министрликте, анын ведомстволук жана аймактык
органдарында, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода-экономикалык
маселелер боюнча өкүлчүлүктөрүндө мамлекеттик кызмат өтөөгө байланыштуу
маселелерди чечет;
- белгиленген тартипте Министрликтин кызматкерлерине класстык чиндерди
ыйгарат;
- Министрликтин кызматкерлеринин айлык акысына үстөктөрдү белгилейт;
Министрликтин системасындагы өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди белгиленген
тартипте мамлекеттик сыйлыктарды алууга, ардак наамдарды ыйгарууга жана Кыргыз
Республикасына сињирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөөгө көрсөтөт;
- кызмат орду боюнча Министрликтин жарандык коргонуу начальниги болуп
эсептелет жана Министрликте жарандык коргонууга жетекчилик кылат;
- Министрликтин ведомстволук органдарына тапшырмаларды берет жана алардын
аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
- чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби мыйзамдарда белгеленбеген
учурларда, Министрликтин ведомстволук органдарынын Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга ээ.
14. Статс-катчы жана министрдин орунбасарлары министр тарабынан алардын
ыйгарым укуктарына киргизилген маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алышат,
өздөрү тейлөөгө алган багыттары боюнча ишти уюштурушат.
15. Министрликте курамына 10 адам: кызматы боюнча кирүүчү министр (төрага),
статс-катчы, министрдин орунбасарлары, Кыргыз Республикасынын Премьер-
министринин Аппаратынын өкүлү жана ошондой эле башка мекемелердин, уюмдардын
жана ишканалардын жетекчилери кирген коллегия түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы N 551 токтомунун
редакциясына ылайык)
16. Министрдин сунушу боюнча Министрликтин коллегия мүчөлөрүнүн жеке
курамын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.
17. Министрликтин коллегиясы өз заседаниелерињде Министрликке жүктөлгөн
милдеттердин жана функциялардын алкагында маселелерди пландаштырат жана карайт,
өз чечимдерин токтом түрүндө ишке ашырат. Коллегиянын чечимдери жөнөкөй көпчүлүк
добуш менен кабыл алынат, добуштардын саны тењ экиге бөлүнүп калган учурда,
коллегиянын заседаниесинде төрагачылык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат.
Коллегиянын төрагасы жана башка мүчөлөрү ар кандай талкуулануучу
маселе жана ал боюнча кабыл алынган чечимге өзгөчө же башка пикирде болушу
мүмкүн, бул жөнүндө протоколго жазылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
билдирилет.
18. Министрликтин коллегиясынын жана борбордук аппаратынын, анын
структуралык бөлүмчөлөрүнүн иштерин уюштуруу жана пландоо, күн тартиби,
документтердин өтүү жана көзөмөлдөө тартиби жана Министрликтин иш-аракетиндеги
башка маселелер Министр бекиткен тийиштүү жоболор менен жөнгө салынат.
19. Министрликтин алдында төмөнкүлөр иштейт:
- Экономикалык стратегиялар борбору;
- Министрликтин аймактык органдары;
- чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү жана соода өкүлдөрү.
Экономикалык стратегиялар борбору өз функцияларын өз алдынча ишке
ашырат жана түздөн түз Министрликке баш ийет.
Экономикалык стратегиялар борборунун укуктары жана иш-аракетин
уюштуруу Министрлик тарабынан бекитилген өзүнчө жоболордо аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-июнундагы N 249
токтомунун редациясына ылайык)
20. Министрлик илимий-консультациялык жана эксперттик кењештерди түзө алат.
Министрликтин илимий-консультациялык жана эксперттик кењештеринин курамын жана
алар жөнүндө жоболорду Министр бекитет. Ушул кењештерди уюштуруу-техникалык
камсыздоо Министрлик тарабынан Министрликти күтүү үчүн бөлүнгөн акча каражатынан
жана борбордук аппараттын бекитилген кызматчылардын санынын чегинде жүргүзүлөт.
21. Министрликте мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча комиссия иштейт.
22. Борбордук аппараттын структуралык бөлүмчөлөрүнүн, ведомствого караштуу
жана аймактык органдарынын иш-аракетин көзөмөлдөө Министрлик тарабынан
белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
23. Министрлик өз функцияларын түздөн түз жана өзүнүн аймактык органдары
аркылуу ишке ашырат.
24. Министрликтин борбордук аппаратын, ведомстволук жана аймактык
органдарын кармоого чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражатынан,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка
булактарынан жүргүзүлөт.