Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2007-жылдын 6-апрели №100 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маселелери (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июлу № 398,
2009-жылдын 1-сентябрындагы №551 токтомунун редакциясыларына ылайык) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-мартындагы«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруу чаралары тууралуу» № 96Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигижөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигининбашкаруу схемасы. 2. Эксперимент катары Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жанасоода министрине бекитилген бюджеттин чектеринде Кыргыз РеспубликасынынЭкономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмүнжана штаттык расписаниесин өз алдынча бекитүүгө жана өзгөртүүгө укук берилсин. Премьер-министр А. Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин башкаруу схемасы __________________________ | Кыргыз Республикасынын | | Экономикалык өнүгүү | | жана соода министрлиги | |__________________________| | | ________________________________|________________________ | | _______|_____ _____|_______ |Экономикалык | | Аймактык | |стратегиялар | | органдар | |борбору | |_____________| |_____________|