Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 1-сентябры № 551
"Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-апрелиндеги № 100 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 3-пункттагы "357" жана "180" деген сандар тиешелүү түрдө "362" жана "185" деген сандар менен алмаштырылсын;
аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги жөнүндө" жободо:
Министрликтин функциялары деген III бөлүмдүн 6-пунктунун 6.1-пунктчасынын "экономикалык өнүгүү тармагында:" деген бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Халал" индустриясында бирдиктүү саясатты жүргүзөт;";
Министрликтин функциялары деген III бөлүмдүн 6-пунктунун 6.1-пунктчасынын "инвестицияларды тартуу тармагында:" деген бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- мамлекет-жеке өнөктөштүгү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;";
15-пункттагы "9" деген цифра "10" деген цифрага алмаштырылсын;
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |