Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 13-октябры № 480-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин «2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө» 2011-жылдын 21-февралындагы ПЖ №39 Жарлыгы менен бекитилген «2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссия жөнүндө Жобого» (мындан ары-Мамлекеттик комиссия), жана Мамлекеттик комиссиянын 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 22 чечимине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2010-жылдын 6-8-апрелинде Талас областындагы окуялардын катышуучуларына эстелик орнотуу үчүн атайын эсептен 2 000 000 (эки миллион) сом бөлсүн.
2. Мамлекеттик комиссия 2010-жылдын 6-8-апрелинде Талас областындагы окуялардын катышуучуларына эстелик орнотуу боюнча ишти уюштурсун.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |