Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 31-октябры № 506-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 «Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө» токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө жобонун 32-пунктун ишке ашыруу максатында:
1. Тиркемеге ылайык өзүнчө «Эскроу-Эсепке» которулган каражаттардан 2011-жылдын IV кварталында каржыланууга тийиш болгон объекттердин тизмесине макулдук берилсин.
2. Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы өзүнчө «Эскроу-Эсепке» түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүдө ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тизмени так сактасын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |
Тиркеме
«Эскроу-эсепке» түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү
механизми
(млн. сом) | ||||||
№ | Райондор жана Балыкчы шаары | Калкт ын саны | Райондорду нжана Балыкчы шаарынын калкынын жалпы санынын %и | Эксроу-эсептин каражаты н бөлүштүрүү | Облустук түзүмдөргө жана оорукананын курулушуна чегеруүлөр | Бөлүнүүчү сумма |
1. | Жети-Өгүз району | 83046 | 47,1 | 48,37 | 13,95 | 34,42 |
2. | Тон району | 49480 | 28,2 | 28,96 | 10,08 | 18,88 |
3. | Балыкчы ш. | 43490 | 24,7 | 25,37 | 7,38 | 17,99 |
| Жыйынтыгы: | 176016 | 100% | 102,7 | 31,41 | 71,29 |
«Эскроу-эсептин» каражатынан каржылануучу объекттердин
тизмеси
(млн. сом) | ||||
№ | Райондордун аталышы жана Балыкчы шаарынын мэриясы | План боюнча | №3 протокол боюнча бөлүнгөн | Талап кылынуучу сумма |
| Жети-Өгүз району |
|
| 34,42 |
1. | Барскоон айылынын мектебин куруу | 18,0 | 10,0 | 6,0 |
2. | Ак-Терек айылындагы электр линияларды жана зым карагайларды алмаштыруу | 2,3 | 0,5 | 1,8 |
3. | Кызыл-Суу айылынын аймактык райондук ооруканасын ремонттоо | 1,5 | 0,75 | 0,75 |
4. | Светлая Поляна айылында спорт залы бар мектеп куруу | 18,0 | 5,804 | 5,0 |
5. | Жети-Өгүз айылында спорт залдын курулушун аяктоо | 5,0 | 3,0 | 1,0 |
6. | Кытай айылында спорт зал куруу | 2,8 | 0,5 | 1,3 |
7. | Балтабай айылындагы бала бакчаны капиталдык ремонттоо | 3,5 | 1,5 | 2,0 |
8. | Райондун аймагындагы айылдын ички жолдорун ремонттоо үчүн грейдер сатып алуу | 4,2 | 1,0 | 3,2 |
9. | Тамга айылындагы мектепти капиталдык ремонттоо | 3,6 | - | 1,580 |
10. | Кичи-Жаргылчак айылында спорт зал куруу | 1,3 | - | 1,3 |
11. | «Ысык-Көл» санаторийинде башталгыч мектеп куруу | 2,5 | - | 1,5 |
12. | Саруу айылында Чабалдаев атындагы мектептин жаны имаратынын курулушун аяктоо | 6,2 | - | 1,64 |
13. | Кшыл-Суу айыл округу үчүн дөнгөлөктүү эксковатор сатып алуу | 2,85 | - | 2,85 |
14. | Кызыл-Суу айылында ҮМБнын чатырын ремонттоо жана терезелерин алмаштыруу | 1,5 | 0,5 | 1,0 |
15. | Дархан айылында клубдун курулушун аяктоо | 3,0 | 1,5 | 1,5 |
16. | Кызыл-Суу айылында Абдрахманов атындагы мектептин жылытуу системасын ремонттоо | 2,0 | - | 2,0 |
| Тоң району |
|
| 18,88 |
1. | Тон айылында спорт зал куруу | 3,0 | 1,0 | 2,0 |
2. | Бөкөнбаев айылында спорт комплекс куруу боюнча АРИС долбоорун тен каржылоо | 5,5 | 4,845 | 0,66 |
3, | Бөкөнбаев айылында жаны курулуш жана «Корумду» участкасы үчүн трансформатор сатып алуу | 0,450 | - | 0,450 |
4. | Кызыл-Туу айылында мектеп куруу | 7,0 | 2,392 | 4,2 |
5. | Тогуз-Булак айылында спорт комплекси үчүн жабдууларды сатып алуу жана ремонттоо | 0,250 | - | 0,250 |
6. | Кара-Шаар айылында моделдик китепкана түзүү | 0,155 | - | 0,155 |
7. | Туура-Суу айылында спорт зал куруу | 5,0 | 2,2 | 2,8 |
8. | Корумду участкасында ичүүчү суу булактарын тазалоо боюнча каптаждык иштерге АРИС долбоорун тең каржылоо | 0,3 | - | 0,3 |
9. | Бөкөнбаев айылындагы Ленин көчөсүн асфальтгоо | 4,5 | - | 4,5 |
10. | Бөкөнбаев айылындагы спорт зал үчүн автомастерскойду кайра профилдүү | 7,033 | - | 1,94 |
11. | Төрт-Күл айылынын жаны курулушу үчүн трансформатор сатып алуу | 0,320 |
| 0,320 |
12. | Долбоорлорду тең каржылоо | 2,309 | - | 1,309 |
| Балыкчи ш. |
|
| 17,99 |
1. | Гагарин көчөсүнүн сверден төмөн жагын реконструкциялоо, асфальттоо жана аң-чөнөктөрүн ремонттоо | 6,81 | 5,6 | 0,71 |
2. | Шаардын жаңы негизги планын иштеп чыгуу | 6,0 | 4,4 | 1,6 |
3. | Гагарин көчөсүнүн сол тарабына асфальт-бетон жабуусун төшөө | 3,5 | - | 3,5 |
4. | Гагарин көчөсүнүн Аманбаев көчөсүнөн Алиев көчөсүнө чейинки бөлуп турган скверди көрктөндүрүү | 4,5 | - | 3,68 |
5. | Апрель революциясынын баатырларына эстелик орнотуу | 1,0 | - | 1,0 |
6. | Шаардык санитариялык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун имаратынын чатырын ремонттоо | 0,494 | - | 0,494 |
7. | МЕРСИКО долбоорун тең каржылоо | 1,0 | - | 0,670 |
8. | С. Каралаев атындагы № 6 орто мектепти борбордук отканадан бөлүү, электр менен жылытууга которуу | 2,5 | - | 2,5 |
9, | Манас атындагы № 10 орто мектепти борбордук отканадан бөлүү, электр менен жылытууга которуу | 2,6 | - | 2,6 |
10. | № 6 ҮДТнын чатырын капиталдык ремонттоо | 0,75 | - | 0,75 |
11. | Спорткомплекстин душ кабиналарын ремонттоо жана орнотуу | 0,495 | - | 0,495 |