Загрузка документа…
КР Президентинин 2017-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 207 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1999-жылдын 10-майы ПУ № 121
Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2006-жылдын 13-мартындагы ПЖ № 106, 2009-жылдын 10-февралындагы ПЖ № 96 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Колдонулуп жаткан мыйзамдар граждандарга таандык баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жүргүзүүнүн тартибин камтыбай тургандыгын эске алып, баалуу кагаздардын рыногунун иштөө механизмин андан ары өнүктүрүү жана граждандардын укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 38-статьясынын 1-пунктуна, 42-статьясынын 3-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ачык типтеги акционердик коомдордун баалуу кагаздарынын соода-сатыгы жана аларды жайгаштыруу боюнча бүтүмдөрдү брокердик, дилердик иш жүргүзүү, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте баалуу кагаздарды ишеним менен жана баалуу кагаздардын рыногунуда сооданы лицензиясы бар уюштуруучулар аркылуу башкаруу укугуна лицензиясы бар баалуу кагаздардын профессионал катышуучулары гана жүргүзүүгө укуктуу экендиги;
- акционердик коомдордун баалуу кагаздардын реестрин жүргүзүүчү жана сактоочу адистештирилген каттоочулар жана адистер ачык типтеги акционердик коомдордун баалуу кагаздарына менчик укугунун өтүшү жөнүндө жазууну реестрге баалуу кагаздардын рыногунда сооданы лицензиясы бар уюштуруучулар аркылуу бүтүм жасалып жаткандыгын ырастаган документтердин негизинде гана киргизе тургандыгы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Баалуу кагаздардын рыногу боюнча улуттук комиссия менен бирдикте:
- ушул Указдын 1-пунктунда каралган чараларды ишке ашырууну камсыз кылсын;
- баалуу кагаздардын жүгүртүлүшүнө салык салуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ушул Указдан келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун 1999-жылдын 1-сентябрына чейин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- баалуу кагаздардын рыногунда сооданы лицензиялык уюштуруучулар аркылуу менчиктештирилген ишканалардын акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуунун тартибин иштеп чыксын жана ишке киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.
(КР Президентинин 2006-жылдын 13-мартындагы ПЖ № 106, 2009-жылдын 10-февралындагы ПЖ № 96 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
3. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Акаев |