Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 140 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1999-жылдын 17-сентябры ПУ № 228
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын
16-мартындагы "Кыргыз Республикасында сот реформасын
тездетүү боюнча кээ бир уюштуруу чаралары жөнүндөгү"
Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралу
(КР Президентинин 2000-жылдын 22-январындагы ПУ № 14 Указынын редакцитясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. (КР Президентинин 2000-жылдын 22-январындагы ПУ № 14 Указына ылайык күчүн жоготту)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 16-мартындагы № 75 "Кыргыз Республикасында сот реформасын тездетүү боюнча кээ бир уюштуруу чаралары жөнүндөгү" Указынын 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 2-августундагы № 197 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 16-мартындагы № 75 "Кыргыз Республикасында сот реформасын тездетүү боюнча кээ бир уюштуруу чаралары жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" Указы.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 16-мартындагы № 75 "Кыргыз Республикасында сот реформасын тездетүү боюнча кээ бир уюштуруу чаралары жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" Указынын 1-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Сот реформасынын маселелери боюнча, ошондой эле соттордун ишин уюштуруу жана анын иштөө тартибин жөнгө салган нормативдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы сот реформасы боюнча Комиссияда сөзсүз түрдө алдын ала экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш экендиги белгиленсин".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- бир айлык мөөнөттө ушул Указдан келип чыккан төмөнкүдөй мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин:
"Мамлекеттик пошлина жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө;
"Кыргыз Республикасында бюджет укугунун негизги принциптери жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-статьясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө;
- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Указга ылайык келтирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык соту бир айлык мөөнөттө ушул Указдан келип чыккан "Кыргыз Республикасынын арбитраждык сотторунун системасы жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы сот реформасы боюнча Комиссияга киргизсин.
6. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын юридикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |