Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-апрели № 204
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле миздүү куралды жүгүртүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле миздүү куралды жүгүртүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле миздүү куралды жүгүртүүнүн эрежелерине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 27-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Чет элдик аскерлештирилген уюмдардын жана атайын кызматтардын чет мамлекеттердин башчыларын жана чет мамлекеттердин өкмөттөрүнүн башчыларын, башка чет мамлекеттик, саясий, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүшкөн мезгилде мамлекеттик кайтарууга алынчу коомдук ишмерлерди коштоп жүрүшкөн кызматкерлери, ошондой эле кызматтык зарылчылыкка байланыштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасына келишкен адамдары куралдарды жана алардын ок-дарыларын Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүсү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгуусу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын уруксаты боюнча жүргүзүлөт.";
- 27-пункттун экинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин" деген сөздөрдөн кийин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин" деген сөздөр менен толукталсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |