Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 31-октябры № 756
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында жана атайын кызматтарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2013-жылдын 14-июнундагы № 354 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Курал жөнүндө" Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарында жана атайын кызматтарында согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды жүгүртүүнүн эрежеси бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-июнундагы № 354 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-июнундагы № 354 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри | Ф.Кулов |