Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 756 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда жана атайын кызматтарда согуштук атуучу кол куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды колдонуунун ЭРЕЖЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 528, 2010-жылдын 2-февралындагы № 52, 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 204 2011-жылдын 13-июнундагы № 305, 2012-жылдын 26-июнундагы № 440 2013-жылдын 18-февралындагы № 79, 2013-жылдын 14-июнундагы № 354 2014-жылдын 21-январындагы № 42, 2015-жылдын 18-февралы № 71, 2017-жылдын 3-февралы № 65, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 435, 2026-жылдын 6-июнундагы № 400 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Куралдарды сатуу, өткөрүп берүү жана сатып алуу
3. Куралдарды коллекциялоо жана экспонаттоо
4. Куралдарды эсепке алуу жана алып жүрүү
5. Куралдарды жеткирүү жана ташуу
6. Куралды алып коюу жана жок кылуу
7. Куралдарды Кыргыз Республикасынан алып чыгуу жана Кыргыз
Республикасынын аймагына алып келүү
8. Куралдарды колдонууга контроль
1. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер колдо алып жүрүүчү ок атуучу согуштук куралдарды, алардын ок-дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралдарды (мындан ары куралдар) колдонууну, аларды жасоону, сатууну, бирөөгө берүүнү, сатып алууну, оңдоону, эсепке алууну, сактоону, алып жүрүүнү, ташууну, пайдаланууну, алып коюуну, жок кылууну, экспорттоону жана импорттону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына куралдын бирден нускаларын алып кирүүнү жөнгө салат.
Куралдарды жүгүртүү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, мамлекеттик күзөт органынын, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын аскердик бөлүктөрүндө жана уюмдарында, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атайын кызматтарында, Кыргыз Республикасынын сот приставдары кызматтарында (мындан ары – мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар жана атайын кызматтар) жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 528, 2010-жылдын 2-февралындагы № 52, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305, 2013-жылдын 18-февралындагы № 79, 2013-жылдын 14-июнундагы № 354, 2014-жылдын 21-январындагы № 42, 2017-жылдын 3-февралы № 65, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 435, 2026-жылдын 6-июнундагы № 400 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Куралдарды сатуу, өткөрүп берүү жана сатып алуу
2. Мамлекеттик аскерлештирилген уюм же атайын кызматтар төмөнкүлөргө укуктуу:
а) өзүнүн куралдануусунда болгон ок атуучу куралды жана анын ок дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды башка аскерлештирилген мамлекеттик уюмга же Кыргыз Республикасынын резиденти болуп эсептелген атайын кызматка өткөрүп берүүгө.
Ушуну менен бирге куралды жана ок-дарыларды өткөрүп берүү мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен тиешелүү мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын жана (же) атайын кызматтардын өкүлдөрү тарабынан түзүлүүчү кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысы боюнча ведомстволор аралык буйруктун негизинде жүргүзүлөт;
б) өзүнүн куралдануусунда болгон ок атуучу куралды жана анын ок дарыларын, ошондой эле дүрмөтсүз куралды мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен куралдын жана ок дарылардын тиешелүү түрлөрү менен соода кылууга белгиленген тартипте укук алган юридикалык жактарга сатууга;
в) куралды жана ок дарыларды өндүрүүгө жана (же) сатууга укуктуу юридикалык жактардан аларды белгиленген тартипте сатып алууга;
г) мыйзамдуу негизде куралга ээ болгон жеке жактардан аны сатып алууга;
д) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына ыктыярдуу түрдө куралды жана (же) ок-дарыларды өткөрүп берген жеке жактардан аларды кабыл алууга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда жана тартипте сый акы берүү менен;
е) өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактарга мыйзамдардын негизинде аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн айрым типтеги жана моделдеги согуштук атуучу кол куралдарын убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүүгө;
ж) куралды сактоого жана алып жүрүүгө мыйзам менен уруксат берилген мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын айрым категорияларына кыска найлуу куралды убактылуу берүүгө.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 18-февралы № 71 , КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 435 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Ушул Эреженин 2-пунктунун “е” жана “ж” пунктчаларында каралган тартипте куралды жана ок-дарыларды өткөрүп берүү мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын өкүлүнүн катышуусунда тиешелүү мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын жана (же) атайын кызматтардын өкүлдөрү тарабынан түзүлүүчү кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысы боюнча ведомстволор аралык буйруктун негизинде жүргүзүлөт.
22. Ушул Эреженин 2-пунктунун “а”, “е” жана “ж” пунктчаларында аныкталган тартипте куралды жана ок-дарыларды өткөрүп берүүдө алар текшерилет, саны, комплекттүүлүгү, куралдын жана ок-дарылардын номерлери менен маркировкаларынын актыда берилген маалыматтарга шайкештиги текшерилет.
23. Кызматтык милдеттерин аткарууда же болбосо үйрөтүүчү атуулардын жүрүшүндө сарпталган ок-дарыларды толуктоо өзгөчө уставдык милдеттери менен юридикалык жактын же курал убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген мамлекеттик органдын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте сатып алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
24. Өзгөчө уставдык милдеттери менен юридикалык жак же курал убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген мамлекеттик орган тарабынан куралды колдонуунун же пайдалануунун жана ок-дарыларды сарптоонун ар бир учуру боюнча ушул Эреженин 2-пунктунун “е” жана “ж” пунктчаларында аныкталган тартипте акт түзүлүп, анын көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана куралдын менчик ээси болуп эсептелген мамлекеттик аскерлештирилген уюмга же атайын кызматка жиберилет.
25. Зарылдыгына жараша убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген курал ушул Эреженин 2-пунктунун “е” жана “ж” пунктчаларында аныкталган тартипте менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде дароо кайтарып берилүүгө тийиш.
26. Ушул Эреженин 2-пунктунун “е” жана “ж” пунктчаларында аныкталган тартипте убактылуу пайдаланууга өткөрүп берилген куралды сактоонун, алып жүрүүнүн, пайдалануунун жана колдонуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Эрежеде белгиленген тартибин бузуу фактысы аныкталган учурда аталган курал менчик ээсине дароо кайтарып берилүүгө тийиш.
27. Ушул Эреженин 2-пунктунун “б” пунктчасында аныкталган тартипте куралды жана ок-дарыларды сатуу орто рыноктук баалардын же болбосо көз карандысыз баалоонун жыйынтыктарынын негизинде комиссия тарабынан аныкталган баа боюнча жүзөгө ашырылат.
Ушуну менен бирге комиссия ведомстволор аралык буйрук менен түзүлөт, анын курамына тиешелүү мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын жана (же) атайын кызматтардын, ошондой эле мамлекеттик мүлк, ички иштер жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүнүн арасынан 5тен кем эмес адам кирет.
28. Ушул Эреженин 2-пунктунун “б” пунктчасында аныкталган тартипте куралды жана ок-дарыларды сатуудан келип түшкөн акча каражаты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан башкача тартип белгиленбеген учурдан тышкары республикалык бюджетке кириштелүүгө тийиш.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 18-февралы № 71 , КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 435 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын жетекчилери өздөрүнүн кызматында иштеген офицердик курамдын адамдарын кортик, шашка же кылыч менен сыйлоого укуктуу. Курал-жарак менен сыйлоо мамлекеттик аскерлештирилген уюмдун жетекчисинин буйругу менен таризделет.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган сыйлыкка берилүүчү куралдын башка түрлөрү менен мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда кызмат өтөгөн офицердик курамдын адамдарын сыйлоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Координациялык кеңешинин макулдугу болгондо Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын буйруктары менен ишке ашырылат.
Сыйлыкка берилчү сайлуу куралды берүүнүн алдында ар бир нускасы контролдук атуу жана атылган окторду жана гильзаларды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалисттик борборунун ок-гильзотекасына коюу үчүн курал-жаракты берген орган тарабынан беш патрону менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилет.
Куралды берген орган атып көрүү үчүн сыйлыкка берилүүчү сайлуу куралды бербеген учурда аны сактоого жана алып жүрүүгө уруксат берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-июнундагы № 440 , КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 435 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ысмы жазылган курал менен сыйланган адамдарга ок-дарыларды ошол уюм белгилеген комплектиде белгиленген баа боюнча накталай акчага сатууга укуктуу. Ысмы жазылган дүрмөттүү куралдын тиешелүү түрүнө ок-дарылар Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилчү тиешелүү уруксатты негизинде сатылат.
5. Куралдарды сатуу, өткөрүп берүү жана сатып алуу белгиленген үлгүдөгү документтер менен таризделет, алардын тизмеси, формасы жана жүргүзүү тартиби тиешелүү мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын нормативдик укуктук актылары менен аныкталат.
6. Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын куралдарында турган сайлуу найы бар ок атма куралдан республикалык ок-гильзотека түзүү үчүн контролдук ок атуу жүргүзүлөт.
7. Сайлуу найы бар дүрмөттүү куралдарды мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар курал жасоого, сатууга жана оңдоого укуктуу юридикалык жактардан, алар контролдук ок аткандан кийин сатып алышат.
Контролдук ок атпай туруп сайлуу найы бар дүрмөттүү куралды башка мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардан гана сатып алууга уруксат берилет.
8. Сайлуу найы бар дүрмөттүү куралдан контролдук ок атуу ошондой эле ал куралды капиталдык оңдоо өткөргөн учурда да жүргүзүлөт.
Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын жетекчилеринин уруксаты боюнча куралды колдонуунун башка стадияларында да контролдук ок атуу болушу мүмкүн.
9. Сайлуу найы бар ок атуучу куралдан контролдук ок атууга техникалык талаптар, аны документтик тариздөө, эсебин алуунун, сактоонун жана октор менен гильзаларды республикалык ок-гильзотекага өткөрүү эрежелери, ошондой эле керектен чыккан окторду жана гильзаларды жокко чыгаруу жана жок кылуу (утилдештирүү) тартиби мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан белгиленет.
3. Куралдарды коллекциялоо жана экспонаттоо
10. Куралдарды коллекциялоого жана экспонаттоого музейлер, эксперттик жана мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын ушул максаттар үчүн атайын түзүлгөн мекемелери укуктуу.
Куралдын коллекциясы мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардан каттоодон өтүүгө жана ок атуу үчүн жараксыз абалга келтирилүүгө тийиш.
11. Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар малыматтары мамлекеттик сырды түзбөгөн куралдарды коллекциялоо жана экспонаттоо үчүн берүүгө жана сатууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана Улуттук коопсуздук кызматынын музейлерине, эксперттик жана ушул максатта түзүлгөн мекемелерине куралдар керектен чыгарылбастан же үйрөтүүгө пайдаланган түрүнө келтирилбестен берилиши мүмкүн, ал эми коллекциялоого жана экспонаттоого лицензиялары бар юридикалык жактарга жана жарандарга куралдар керектен чыгарылган же үйрөтүүгө пайдаланчу түргө келтирилип берилет.
4. Куралдарды эсепке алуу жана алып жүрүү
12. Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар белгиленген үлгүдөгү документти толтуруу менен куралдардын эсебин жүргүзүүгө милдеттүү. Ал документтердин тизмеси, алардын формасы жана толтуруунун тартиби тиешелүү мамлекеттик аскерлештирилген уюмдун нормативдик укуктук актылары менен аныкталат.
13. Сыйлыкка берилген куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксатты Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлиги берет. Курал менен сыйланган адамдар жашаган жерин алмаштырганда жаңы жашаган жерин көрсөтүү менен арыз жазып Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине кайрылууга тийиш.
14. Белгиленген тартипте сый курал алган аскер кызматчылары жана мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын кызматкерлери куралдын сакталышына тиешелүү шартты камсыз кылууга милдеттүү. Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын кызматкерлери жашаган жердеги ички иштер органдары аларга катталган куралдардын сакталышынын шарттарын текшерүүгө укуктуу.
15. Аскер кызматчылары жана мамлекеттик аскерлештирилген уюмдун кызматкерлери сыйлыкка алган куралын жоготкондо ички иштер органдарына дароо билдирүүгө милдеттүү.
16. Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда куралдар бул максатка атайын жабдылган жайда гана сакталууга тийиш. Курал сактоочу жай кайтаруунун жана өрт коопсуздугунун техникалык каражаттары менен жабдылган.
Куралды сактоого талаптар анын арналышына ылайык мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын тиешелүү нормативдик укуктук актылары менен белгиленет.
17. Курал жоголгон, керектен чыккан же бузулган учурдун бардыгында аскер кызматчылары жана мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын кызматкерлери ал жөнүндө өздөрүнүн түздөн түз (тикелей) начальниктерине билдирүүгө милдеттүү, алар болсо өз кезегинде ички иштер органдарына, ал эми зарыл учурда Кыргыз Республикасынын аймактык Улуттук коопсуздук органдарына жана прокуратура органдарына куралдын жоголгон жагдайы жөнүндө кабарлап, анын моделин, калибрин, сериясын, номерин, жасалып чыгарылган жылын кошо көрсөтөт, сурамжылоо же изилдөө жүргүзөт да, уурдалган же жоголгон куралды издөө боюнча чара көрөт.
18. Жоголгон курал Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин Маалымат борборунан маалымкат алынгандан кийин мамлекеттик аскерлештирилген уюмунун нормативдик укуктук актыларында белгиленген тартипке ылайык мамлекеттик аскерлештирилген уюмдун эсебинен чыгарылат.
19. Эгерде жоголгон курал аскер бөлүгүнө же мамлекеттик аскерлештирилген уюмга кайра берилсе, алардын жетекчилери өздөрүнүн түздөн-түз (тикелей) жетекчилерине 3 күндүн ичинде билдирүүгө, ошондой эле куралдын уурдалганы же жоголгону боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан мамлекеттик органдарга кабарлоого милдеттүү.
5. Куралдарды жеткирүү жана ташуу
20. Куралдарды аба, темир жол, суу, автомобиль жана башка унаалардын түрлөрү менен ташып жеткирүү мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын нормативдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана формада белгиленген үлгүдөгү тиешелүү документтерди тариздөө менен куралданган күзөттүн коштоосунда ишке ашырылат.
21. Ташып, жеткирүүдө куралдар ок-дарылардан бөлөк, дүрмөтсүз абалда болууга тийиш. Куралдар жана ок-дарылар атайын тараларга таңылып, мөөр коюп же пломбаланып бекитилүүгө тийиш.
22. Эгер, куралдарды ташыган унаа ачылганы, тара бузулганы, мөөрдүн изи же пломбасы бузулганы байкалса, куралданган кароолдун жетекчиси кечиктирбестен бул туурасында темир жол (суу) участкасынын же станциясынын аскер комендантына, станциянын начальнигине, унаа боюнча ички иштер органына билдирип, акт жазып, болгон окуянын себептерин жоюуга керектүү чараларды көрүп, окуя болгон жерди кайтарууну камсыз кылууга милдеттүү.
6. Куралды алып коюу жана жок кылуу
23. Аскер кызматчыларынан жана мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын кызматкерлеринен куралдарын алып коюу куралдардын колдонулушун контролдоо жүктөлгөн тиешелүү уюмдардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгилеген тартипте жүргүзөт.
24. Куралдардын катарынан чыгарылган, ошондой эле жараксыз болуп калган куралдар тиешелүү акт жазылып, эсептен чыгарылууга тийиш. Куралды эсептен чыгаруу актысын мамлекеттик аскерлештирилген уюмдун нормативдик укуктук актыларына ылайык аныкталган курамдагы комиссия жазат.
25. Эсептен чыгарылган куралдар мамлекеттик аскерлештирилген уюмдун нормативдик укуктук актыларына ылайык утилдештирилүүгө жана жок кылынууга тийиш.
61. Куралдарды жана ок-дарыларды өндүрүү, оңдоо
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 435 токтомунун редакцияcына ылайык)
251. Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда жана атайын кызматтарда ок-дарыларды жабдуу өз муктаждыктарын камсыздоонун алкагында, ок-дарыларды жабдуу тартибин жөнгө салуучу тиешелүү ведомстволук ички актынын негизинде бөлүмдөрдү ок-дарылар менен сапаттуу жана үзгүлтүксүз жабдуу максатында ишке ашырылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 435 токтомунун редакцияcына ылайык)
252. Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар жана атайын кызматтар куралдарды жана приборлорду тейлөө жана оңдоо, куралдардын жана ок-дарылардын параметрлерин өлчөө үчүн багытталган жабдууларды, ок атуучу куралды оңдоо, тейлөө жана модернизациялоо үчүн запастык бөлүктөрдү, механизмдерди жана башка зарыл болгон материалдарды сатып ала алышат жана пайдалана алышат, патрондорду жабдуу үчүн жабдууларды, ошондой эле патрондорду жабдуу үчүн комлекттөөчүлөрдү (гильза, порох, капсюль) сатып ала алышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 435 токтомунун редакцияcына ылайык)
253. Согуштук кол куралды оңдоо жана модернизациялоо, ошондой эле ок-дарылардын курамдык бөлүктөрүнөн патрондорду чогултуу мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда жана атайын кызматтарда, ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген тиешелүү лицензиясы бар уюмдарда ишке ашырылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 435 токтомунун редакцияcына ылайык)
7. Куралдарды Кыргыз Республикасынан алып чыгуу жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү
26. Куралдарды Кыргыз Республикасынан алып чыгуу жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү аскер кызматчыларынын жана мамлекеттик аскерлештирилген уюмдун кызматкерлеринин куралды кызматтык милдетти аткаруу үчүн алып жүрүүгө укугун күбөлөндүргөн документинин жана командировкалык күбөлүгүнүн негизинде ишке ашырылат, ал документтерде алып чыгуучу (алып келүүчү) курал көрсөтүлөт. Аталган документ командировкалык күбөлүктүн көчүрмөсү менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүүчү пунктта жайгашкан бажы органына көрсөтүлөт. Командировкалык күбөлүктүн көчүрмөсү бажы органынын кызматкери тарабынан анын нукура нускасы менен салыштырылгандан соң номерлүү мөөр коюлат жана куралды алып чыгуу (алып келүү) кагаздарын толтурган бажы органында калат.
27. Чакыруу же кызмат муктаждыгы боюнча Кыргыз Республикасына келишкен чет элдик аскерлештирилген уюмдардын жана атайын кызматтын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын аймагына куралдарды алып келүүсү жана Кыргыз Республикасынан алып чыгуусу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин уруксаты боюнча жүргүзүлөт.
Чет өлкөлүк аскерлештирилген уюмдардын жана атайын кызматтардын чет мамлекеттердин башчыларын жана чет мамлекеттердин өкмөттөрүнүн башчыларын, мамлекеттик күзөткө алынууга тийиш болгон башка чет өлкөлүк мамлекеттик, саясий, ошондой эле коомдук ишмерлерди алар Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн мезгилде коштоочу кызматкерлеринин, ошондой эле кызматтык зарылчылыкка байланыштуу мамлекеттик күзөт органынын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасына келген адамдардын куралдарды жана алардын ок-дарыларын Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүсү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгуусу мамлекеттик күзөт органынын уруксаты боюнча жүргүзүлөт.
Уруксатта чет өлкөлүк аскерлештирилген уюмдун кызматкеринин фамилиясы, аты, атасынын аты, куралдын тиби (маркасы), номери, калибри жана ар бир куралдын өзүнө тиешелүү ок-дарыларынын саны көрсөтүлөт. Уруксатка Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, мамлекеттик күзөт органынын жетекчисинин тиешелүү кызматынын жетекчиси же анын ордун алмаштырган адам кол коет. Кабыл алуучу тараптын өкүлү уруксатты жана анын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүүчү пункт жайгашкан бажы жана чегара органдарына көрсөтөт.
Салыштырылгандан соң уруксат жана анын көчүрмөсү бажы органынын кызматкери тарабынан номерлүү мөөрдү коюу жолу менен күбөлөндүрүлөт. Анын көчүрмөсү алынып келип жаткан куралга бажылык тариздөө жүргүзгөн бажы органында калат. Куралды алып чыгуу учурунда Кыргыз Республикасына алып келген учурда бажы органы күбөлөндүргөн уруксаттын өзү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасынан өткөрүү пунктунда жайгашкан бажы жана чегара органдарына көрсөтүлөт жана бажы органында калат.
Алынып келинген куралдарды Кыргыз Республикасынын аймагында сактоо, алып жүрүү, пайдалануу тартиптерине контролду тиешелүү мамлекеттик аскерлештирилген уюм ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 204, 2026-жылдын 6-июнундагы № 400 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
28. Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдун куралдарды экспорттошу, импорттошу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8. Куралдарды колдонууга контроль
29. Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда куралдарды колдонууга контролду мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын кызмат адамдары өз укуктарынын чектеринде ишке ашырат.