Загрузка документа…
КР Президентинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 352 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы № 152 Указы менен бекитилген |
Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы УП № 328, Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы түшүнүктөр
Элдик курултай - жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн жергиликтүү маанидеги иштерди башкарууга катышуусунун ушул Жобого ылайык өздөрү курултайдын делегаттарын шайлоо жана курултайда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын отчетторун камтуу менен, жергиликтүү жамааттардын жашоо-тиричилигинин маанилүү маселелерин талкуулоого катышуу аркылуу турмушка ашырылуучу өкүлчүлүктүү формасы:
жарандардын жыйыны - жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн жергиликтүү маанидеги иштерди башкарууга жамааттын жашоо-турмушунун жана аны камсыз кылуунун маселелерин бир көчөнүн кварталдын, кичи райондун же айылдын аймагында жашаган жарандардын чогулуштарында талкуулоо жана Жергиликтүү жамааттардын уставына ылайык алар боюнча сунуштарды жана чечимдерди кабыл алуу аркылуу түздөн-түз катышуу формасы;
демилгелүү топ - Жергиликтүү жамааттардын уставына ылайык жергиликтүү жамааттардын курултайын же жарандардын жыйынын өткөрүү жөнүндө демилге көтөрүп жаткан топ;
курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия - Жергиликтүү жамааттардын уставына ылайык тийиштүү жергиликтүү кеңеш тарабынан курултайдын жана анын биринчи уюштуруу чогулушунун делегаттарын шайлоону өткөрүү үчүн түзүлүүчү комиссия;
жергиликтүү жамаат - айылдык, поселкалык жана шаардык кеңештердин аймагында туруктуу жашаган жана жергиликтүү маанидеги маселелерди өздөрүнүн өкүлчүлүктүү, аткаруучу жана башка органдары аркылуу чечүүдө жалпы таламдары менен бириккен калк;
жергиликтүү жамааттардын мүчөсү - жергиликтүү жамааттарынын аймагында туруктуу жашаган жана алар менен өз ара милдеттенмелери аркылуу байланышкан Кыргыз Республикасынын жараны Жергиликтүү жамааттын аймагында жашабаган, бирок менчик укугунда бул аймакта кыймылсыз мүлкү болгон, жергиликтүү бюджетке салыктарды төлөп жүргөн жана жергиликтүү жамааттын иштерине катышууну каалагандыгын билдирген Кыргыз Республикасынын жараны анын мүчөсү боло алат.
II. Жалпы жоболор
1. Жергиликтүү маанидеги, жамааттын мүчөлөрү менен талкуулоону талап кылган маанилүү маселелер боюнча биргелешип чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын ар бир айылдык (поселкалык) кеңешинин жана шаарынын аймагында ушул Жобого ылайык жарандардын жыйындарында курултайдын делегаттары болуп шайланган жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн арагынан злдик курултайлар чакырылат.
2. Курултай төмөнкүлөрдү камтуу менен жергиликтүү жамааттардын турмуштук мааниге ээ болгон бардык маселелерин кароого укуктуу:
- жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуу, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү;
- жергиликтүү жамааттардын аймагында өзүн-өзү каржылоону, өзүн-өзү камсыз кылууну, өзүн-өзү жөнгө салууну жана өзүн-өзү тарбиялоону уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин бекитүү;
- жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү бюджетин, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарын түзүү, аткаруу жана пайдалануу;
- аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты социалдык жактан коргоо программаларынын долбоорлору;
- айылдык, поселкалык жана шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын курултайдын чечимдерин турмушка ашыруу боюнча иш-аракеттери жөнүндөгү отчетторун угуу:
- коомдук тартипти коргоо боюнча негизги эрежелерди жана иш-чараларды белгилөө, майрамдарды, жүрүштөрдү жана диний ырым-жырымдарды, башка иш-чараларды уюштуруунун жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине таасир этиши мүмкүн болгон экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо;
- өзгөчө кырдаалдарда жана коомчулуктун таламында жергиликтүү жамааттардын күчүн жана каражатын моблизациялоону талап кылган башка шарттарда жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтөшү боюнча милдеттүү нормаларды белгилөө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттардын Уставына каршы келбеген, жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине тиешеси бар башка маанилүү маселелерди кароо.
3. Курултайдын бардык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттардын Уставына каршы келбеген чечимдери тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында аткарылууга милдеттүү.
4. Элдик курултайдын жергиликтүү бюджет, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты социалдык жактан коргоо программалары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына ишеним көрсөтпөө боюнча, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн экинчи мөөнөткө узартуу жөнүндө чечимдери сунуш кылуу мүнөзүндө гана болот жана милдеттүү түрдө тийиштүү кеңештердин сессиясынын кароосуна киргизилет жана кеңештин бүткүл курамынын депутаттарынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.
III. Элдик курултайды чакырууну уюштуруу
5. Тийиштүү аймактын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн элдик курултайын чакыруу жөнүндө чечим, анын күн тартиби жана өткөрүү мөөнөттөрү тийиштүү жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат. Мында ар бир кеңеш, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн санына жараша жана өз аймагынын башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен курултайдын делегаттарын шайлоо үчүн өкүлчүлүк нормасын аныктайт. Эгерде айылдык же шаардык кеңештин аймагы бирден ашык калктуу конуштан турса, анда өкүлчүлүк нормасында калкынын санына пропорционалдуу түрдө ар бир айылдын өкүлчүлүгү эске алынууга тийиш.
6. Айылдын, поселканын жана шаардын элдик курултайына делегаттар тийиштүү кеңеш тарабынан белгиленген өкүлчүлүх нормасына ылайык тургундардын жыйындарында, чогулуштарында шайланат.
Райондун жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн элдик курултайына делегаттар айылдардын, поселкалардын жана райондун курамына кирген райондук баш ийүүдөгү шаарлардын курултайларында райондук кеңеш тарабынан белгиленген өкүлчүлүк нормасына ылайык шайланат.
Областтын жана республиканын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн элдик курултайына делегаттар райондун жана шаардын курултайларында областтык кеңеш же Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар конгресси тарабынан белгиленген өкүлчүлүк нормасына ылайык шайланат.
7. Тийиштүү аймактын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн элдик курултайын чакыруу жөнүндө демилге курултайдын конкреттүү күн тартибин белгилөө менен жергиликтүү кеңешке, калктын демилгелүү тобуна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү иштери боюнча министрине, Жергиликтүү жамааттардын конгрессине, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Шаарларынын ассоциациясына таандык.
Мында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү иштери боюнча министринин, Жергиликтүү жамааттардын конгрессинин, Кыргыз Республикасынын Шаарларынын ассоциациясынын сунушу боюнча киргизилип жаткан жалпы республикалык маанидеги маселелер Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү иштери боюнча министри тарабынан бекитилген графикке ылайык бирдиктүү күн тартиби менен бардык деңгээлдеги элдик курултайларда талкууланышы мүмкүн.
8. Тийиштүү аймактын элдик курултайын чакыруу үчүн калктын демилгелүү тобу жергиликтүү кеңешке жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына тийиштүү жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн кеминде 15 проценти кол койгон кол коюу баракчаларын берүүгө тийиш. Мында аймагында бирден ашык калктуу конуш бар кеңештерде кол коюу баракчаларына ар бир калктуу конуштун калкынын кеминде 15 проценти кол коюуга тийиш.
Калктын демилгелүү тобунун сунушунун негизинде элдик курултайды чакыруудан баш тартуу жөнүндө областтык мамлекеттик администрацияга же сотко даттанууга болот.
IV. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн жыйындарында жана чогулуштарында элдик курултайдын делегаттарын шайлоо
9. Айылдын, поселканын жана шаардын элдик курултайын чакыруу үчүн делегаттарды шайлоо үчүн жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн жашаган же иштеген жери боюнча жыйындары жана чогулуштары тийиштүү кеңеш тарабынан белгиленген графикке ылайык өткөрүлөт жана аларга элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиялардын мүчөлөрү катышкан жана тийиштүү протокол жазылган учурда гана анык болот.
10. Элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиялар (мындан ары - комиссия) жергиликтүү кеңеш тарабынан жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, калктын демилгелүү топторунун, жарандык коомдун коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, айыл өкмөтүнүн/шаарлардын мэрияларынын кызматкерлеринин ичинен 5-11 адамдан түзүлөт.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы УП № 328, Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Комиссиянын чечими анын мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсү менен кабыл алынат. Комиссия өз жыйналыштарында курултайды даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу иш-чаралардын планын иштеп чыгат жана бекитет.
11. Жарандардын жыйындары жана чогулуштары элдик курултайга делегаттарды жөнөкөй көпчүлүк ачык добуш берүү менен, улуттук, курактык жана гендердик балансты жана өз аймагынын башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өз жамаатынын мүчөлөрүнүн таламдарына өкүлчүлүк кылуу жана аларды коргоо ыйгарым укуктары менен шайлашат.
12. Жарандардын жыйындарында элдик курултайга делегаттыкка талапкерлерди көрсөтүү укугуна жергиликтүү жамааттардын бардык мүчөлөрү, уюмдар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар жана тийиштүү аймактын башка өкмөттүк эмес уюмдары ээ.
Мында делегаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин саны чектелбейт.
13. Баштапкы аймактык деңгээлдеги элдик курултайга делегаттар жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн санын жана тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикке кирген калктуу конуштардын санын эске алуу менен, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген өкүлчүлүк нормасына ылайык шайланат.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы УП № 328, Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн саны төмөнкүдөй болгондо элдик курултайдын сунуш кылынган нормасы:
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы УП № 328, Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2 000ге чейин | 20 |
2 001ден 5 000ге чейин | 40 |
5 001ден 10 000ге чейин | 50 |
10 001ден 20 000ге чейин | 100 |
20 001ден 30 000ге чейин | 150 |
30 001ден ашык | 200 |
Ош шаары | 500 |
Бишкек шаары | 800.”; |
14. Өткөрүлгөн айылдык жыйындардын жана чогулуштардын жыйынтыктары боюнча курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиялар шайланган делегаттардын ыйгарым укуктарынын аныктыгы жөнүндө чечимди тийиштүү кеңештин кароосуна коет жана ал анын ыйгарым укуктарын бир жылга күбөлөндүргөн мандатты шайланган делегатка берүү жөнүндө чечим чыгарат.
15. Кайсы бир себептерден улам делегат чыгып калган учурда элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия чыгып калган делегат шайланган аймактын калкынын жыйынында жаңы делегатты шайлоону уюштурат.
V. Элдик курултайдын ишин уюштуруу
16. Ар бир элдик курултайдын иши салтанаттуу-иштиктүү кырдаалда - элдик курултайды ачууда жана жабууда Кыргыз Республикасынын Гимнин сөзсүз түрдө аткаруу, курултайдын жумушчу органдарын - президиумду, секретариатты жана чечимдерди кабыл алууда делегаттардын добуштарын саноо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү менен өткөрүлөт.
Элдик курултай ага шайланган делегаттардын кеминде 2/3 катышкан учурда өз ишин баштоого укуктуу.
17. Биринчи уюштуруу курултайы башталар алдында шайланган ар бир делегатка анын ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн мандат тапшырылууга тийиш.
Делегат андан кийинки курултайларга мандаты болгондо гана катыша алат.
18. Бардык деңгээлдеги жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчылары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары курултайдын ишине делегаттар менен бирге катышат жана чечүүчү добушка зэ болушат жана бул үчүн аларга курултайдын делегатынын мандаты тапшырылат.
19. Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайын тиешелүү жергиликтүү кеңешинин төрагасы ачат.
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы УП № 328, Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
20. Элдик курултай, эреже катары, маалымдуу, ачык жагдайда, коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн чакыруу менен өткөрүлөт.
Өзгөчө учурларда курултай өзүнүн курамынын көпчүлүк добушу менен айрым маселелерди жабык талкуулоо жөнүндө чечим кабыл ала алат.
21. Элдик курултайдын чечимдери, эреже катары, курултайга катышкан делегаттардын добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгү менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Делегаттардын добуштарын курултай өзү түзгөн эсептөө комиссиясы санайт.
Айылдын, поселканын же шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысына, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына ишеним көрсөтпөө жөнүндө курултайга катышып жаткан делегаттардын 25 проценти менен колдоого алынган сунуш келип түшкөндө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим курултайга шайланган бардык делегаттардын үчтөн экиси менен кабыл алынат.
Чечим кабыл алуунун ушундай жол-жоболору тийиштүү жергиликтүү аткаруу бийлигинин башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн кийинки мөөнөткө узартуу жөнүндө сунуш келип түшкөндө да колдонулат.
22. Курултайдын ар бир делегаты бирден добушка ээ болот.
Элдик курултай жабык добуш берүү жөнүндө чечим кабыл алган учурда кабиналар, мөөр, урналар, бюллетендер ж.б. даярдалып коюлуга тийиш.
23. Элдик курултайдын протоколу мамлекеттик же расмий тилде жазылат.
24. Курултайдын күн тартиби, аны өткөрүүнүн убакыты жана жери жамааттын мүчөлөрүнө жалпыга маалымдоо каражаттары, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, айыл башчысы аркылуу жана башка мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен элдик курултай башталардан кеминде 10 күн мурда билдирилет.
25. Элдик курултай эки жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Кезексиз элдик курултай зарылчылык болгон учурда тийиштүү жергиликтүү кеңеш тарабынан же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын тийиштүү кеңештин чечими менен колдоого алынган демилгеси боюнча, ошондой эле элдик курултайдын чакырылышын курултайдын делегаттарынын 1/3 кат жүзүндө талап кылган учурда чакырылышы мүмкүн. Кезексиз курултайды чакырууда курултайды жарыялоо жана даярдоо мөөнөтү 3 күнгө чейин кыскартылышы мүмкүн.
VI. Корутунду глава
26. Элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
27. Элдик курултайдын жергиликтүү кеңештин өзгөчө ыйгарым укуктары боюнча чечимдери, эгерде мыйзамдарда башка каралбаса, ал тийиштүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет. Элдик курултайдын башка чечимдери жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
28. Элдик курултайдын бардык чечимдери, протоколдору жана башка документтери жергиликтүү кеңештерде 5 жыл бою сакталат жана бул белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин алар архивге тапшырылат.
29. Элдик курултайдын республиканын мыйзамдарына каршы келген чечимдерине карата сотко даттанууга болот. Соттун чечими кабыл алынганча элдик курултайдын чечими областтык жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - губернатор тарабынан токтотула турат.