Загрузка документа…
КР Президентинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 352 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 28-сентябры УП № 328
Кыргыз Республикасынын Презндентинин Элдик Курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Президентинин 2023-жылдын 15-августундагы ПЖ № 194 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы № 152 "Жергаликтүү маанидеги иштерди башкарууда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн элдик курултайынын ролун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө жободо:
10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиялар (мындан ары - комиссия) жергиликтүү кеңеш тарабынан жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, калктын демилгелүү топторунун, жарандык коомдун, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, айыл өкмөтүнүн/шаарлардын мэрияларынын кызматкерлеринин ичинен 5-11 адамдан түзүлөт.";
13-пунктту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Баштапкы аймактык деңгээлдеги элдик курултайга делегаттар жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн санын жана тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикке кирген калктуу конуштардын санын эске алуу менен, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген өкүлчүлүк нормасына ылайык шайланат.
Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн саны төмөнкүдөй болгондо элдик курултайдын өкүлчүлүгүн сунуш кылынган нормасы:
- 2 000ге чейин - 2 001ден 5 000ге чейин - 5 001ден 10 000ге чейин - 10 001ден 20 000ге чейин - 20 001ден 30 000ге чейин - 30 001ден ашык - Ош шаары - Бишкек шаары | 20; 40; 50; 100; 150; 200; 500; 800."; |
|
- 14-пункттагы "төрт жылга" деген сөздөр "бир жылга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- "19. Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайын тиешелүү аймактын жергиликтүү кеңешинин төрагасы ачат.".
2. (КР Президентинин 2023-жылдын 15-августундагы ПЖ № 194 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |