Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 1-августундагы № 431 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
1993-жылдын 19-апрели № 160
Кыргыз Республикасындагы Нарын областынын Эркин экономикалык зонасы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 1994-жылдын 30-майындагы № 363, 2007-жылдын 29-июнундагы № 253 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы Эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү" Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасындагы Нарын областынын Эркин экономикалык зонасы ("Нарын" ЭЭЗи) жөнүндөгү тиркелген жобо бекитилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 1994-жылдын 30-майындагы № 363 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Министрликтер, мамкомитеттер жана администрациялык ведомстволор, Нарын областтык акимдиги, ишканалар, уюмдар жана мекемелер ушул токтомду жетекчиликке алуу менен, "Нарын" ЭЭЗинин өнүгүшүнүн тездешине, эл аралык экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыкта анын позициясынын бекемделишине көмөк көрсөтүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1991-жылдын 3-октябрындагы № 437 "Нарын областындагы Эркин экономикалык зонасы ("Нарын" ЭЭЗи) жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министри | Т.Чыңгышев |