Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 19-апрелиндеги № 160 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-октябрындагы № 784, 1995-жылдын 6-мартындагы № 64, 1995-жылдын 21-декабрындагы № 558, 1998-жылдын 23-июнундагы № 376, 1998-жылдын 2-октябрындагы № 645, 1998-жылдын 16-ноябрындагы № 741, 2000-жылдын 31-июлундагы № 469, 2001-жылдын 6-сентябрындагы № 541, 2002-жылдын 11-мартындагы № 132, 2007-жылдын 29-июнундагы № 253, 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 238, 2009-жылдын 8-майындагы № 285 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Жобо «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасыиын Мыйзамына ылайык Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 20-апрелиндеги токтому менен түзүлгөн Нарын облусунун эркин экономикалык зонасындагы (мындан ары - «Нарын ЭЭЗ») чарбалык жана тышкы экономикалык ишмердиктин өзгөчө укуктук негиздерин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-июнундагы № 253 токтомунун редакциясына ылайык)
2. «Нарын» ЭЭЗинин негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- чет өлкөлүк мамлекеттер менен соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү;
- чет өлкөлүк капиталды, жаңы техниканы жана технологияны, чет өлкөлүк башкаруунун тажрыйбасын тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу;
- областтын табигый ресурстарын комплекстүү өздөштүрүү, биргелешкен ишканаларды куруу жана кызматтарды түзүү жолу менен анын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү;
- дүйнөлүк рыноктун шарттарына ыңгайлашкан региондук деңгээлде чарба жүргүзүүнүн жаңы формаларын иштетүү;
- областтын жана Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуучу өнүккөн инфраструктураны калыптандыруу.
3. «Нарын» ЭЭЗинин тосмолонгон аймагы Нарын шаарынын, Жумгал, Кочкор, Тянь-Шань, Ак-Талаа, Ат-Башы жана Суусамыр райондорунун администрациялык чектеринде жайгашат.
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
4. «Нарын» ЭЭЗинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Жобо күчүндө болот. Алар төмөнкүлөрдү гарантиялайт:
- эркин бажы зоналарынын жана экспорттук өндүрүш зоналарынын субзоналарында чет өлкөлүк инвесторлорго жана чет өлкөлүк инвестициялары бар ишканаларга тышкы экономикалык жана чарбалык ишмердик жагында жеңилдиктерди белгилеген айрыкча укук режимдерин, ошондой эле айрыкча валюталык жана бажылык режимдерди;
- «Нарын» ЭЭЗинин аймагында чет өлкөлүк инвестициялардын укуктук корголушун. Алардын укуктук режими Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана граждандары үчүн белгиленген укук режимине караганда ыңгайсыз болбоого тийиш.
Чет өлкөлүк инвестициялары бар ишканаларды республикада иштеп жаткан башка ишканаларга караганда кандайдыр бир дискриминациялоого, чет өлкөлүк инвестицияларды мамлекеттештирүү, реквизициялоо жана конфискациялоо жолу менен мажбурлап алууга, ошондой эле инвестор тарабынан өз милдеттенмелерин тындырууга чейин аны алып кетүү укугун убактылуу токтоткон учурлардан тышкары, инвестициялык мүлккө тыюу салууга же чектөөгө жол берилбейт.
Мажбурлап алуу соттун чечими боюнча гана компенсацияны төлөп берген шарттарда ишке ашырылышы мүмкүн, компенсациянын өлчөмдөрү мажбурлап алуу учурунда же мажбурлал алуу алдында түздөн-түз аныкталган инвестициялардын реалдуу (рынок) наркына туура келүүгө тийиш. Компенсация бул инвестициялар киргизилген валютада же келишүү боюнча натуралай чийки зат жана даяр продукция түрүндө берилет.
Нарын» ЭЭЗ субьекттеринде алардын финансы-чарбалык иши жана салык салуу маселеси боюнча ар түрдүү текшерүүлөр «Нарын» ЭЭЗ башкы дирекциясынын тапшыруусу менен мамлекеттик салык органы жана мамлекеттик бажы органы тарабынан жылына бир жолудан көп эмес жүргүзүлөт. «Нарын» ЭЭЗ субьекттеринин чарбалык ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө чечиминен башка бардык эле мамлекеттик орган тарабынан кийлигишүүгө жол берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
5. «Нарын» ЭЭЗинин аймагында республикалык жана чет өлкөлүк юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынгандардан тышкары, каалаган түрдөгү ишканаларды, филиалдарды жана өкүлдүктөрдү түзөт жана бардык чөйрөдөгү чарбалык ишмердикти жүргүзө алышат. «Нарын» ЭЭЗинин аймагында Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайык эл аралык коммерциялык банктарды жана камсыздандыруу компанияларын түзүүгө уруксат берилет.
ЭЭЗдин аймагында түзүлүүчү ишканаларды каттоонун тартиби зонанын генералдык дирекциясы тарабынан аныкталат.
Нарын» ЭЭЗнин субъекттери өз филиалдарын Кыргыз Республикасында жана анын аймагынан тышкары жерлерде ача алат, аларды каттоо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
Башкы дирекцияга чекене соода жана ички рынокто түрдүү кызмат көрсөтүүлөр менен алектенген чарбалык субьекттерди «Нарын» ЭЭЗ субьекттери катары каттоого тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
6. «Нарын» ЭЭЗинин статусу бар ишканаларга (мындан ары «ЭЭЗдин ишканалары») Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган, продукциянын экспортун көбөйтүүгө, капиталдын жана технологиянын жылыштарын тездетүүгө, чет өлкөлүк жана ата мекендик өнөктөштөр менен соодадан жана инвестициядан айрыкча пайда табууга, учурдагы өндүрүштүк жана социалдык инфраструктураны түзүүгө, ички рынокту керектелүүчү жана өндүрүштүк багыттагы продукция жана товарлар менен толтурууга багытталган жана башка түрлөрдөгү каалаган чарбалык иш-аракеттерди ишке ашыруучу ишканалар кирет.
7. ЭЭЗдин ишканалары (менчик түрүнө карабастан) ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордун катышуулары менен биргелешкен ишканаларды түзүү жөнүндөгү маселелерди өз алдынча чечишет. Биргелешкен ишканаларды жана толугу менен чет өлкөлүк инвесторлорго таандык ишканалардын реестрин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алардын реестрин түзүүчү «Нарын» ЭЭЗинин генералдык дирекциясы тарабынан ишке ашырылат.
8. ЭЭЗдин ишканалары зонада өндүрүлгөн товарлар менен товар алмашууну (бартер) жана ортомчулук операцияларын, эгерде бул операциялар Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына карама-каршы келбесе, жүргүзүүгө укуктуу.
9. ЭЭЗдин ишканаларынын чет өлкөлүк банктардан, фирмалардан жана уюмдардан кредиттерди алууга, камсыздандыруу бүтүмдөрүнүн бардык түрлөрүн түзүү үчүн чет өлкөлүк камсыздандыруу компанияларын тартууга укугу бар.
10. Чет өлкөлүк инвесторлор «Нарын» ЭЭЗинин аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган каалаган инвестицияларды ишке ашыра алышат.
11. «Нарын» ЭЭЗинде иштеген ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор узак мөөнөттүү арендага алуу жөнүндөгү макулдашуулардын негизинде жерди 50 жылга чейинки мөөнөткө пайдалануу укугуна, арендалык макулдашууга кол койгон тараптардын же алардын укук мураскорлорунун эки жактуу макулдашуулары боюнча жерди, мүлктү, мүлккө карата укуктарды субарендага алуу укугуна жана пайдалануу укугун башкаларга берүү укугуна, ошондой эле башка мүлктүк укуктарга ээ болушат. Пайдалануу укуктары инвесторлор тарабынан күрөө катары да пайдаланылышы мүмкүн.
Чет өлкөлүк инвесторлор менен жерди жана башка табигый ресурстарды, имараттарды, курулуштарды, жабдууларды, өнөр жай жана башка ишканаларын пайдалануу жөнүндөгү арендалык макулдашууларды кайрадан кароого бул макулдашууларга кол койгон тараптардын же алардын укуктук мураскорлорунун эки тараптуу макулдуктары боюнча жол берилет.
12. «Нарын» ЭЭЗинде иштеген чет өлкөлүк инвесторлорго алар пайда түрүндө алган, ошондой эле чет өлкөлүк инвестициялары бар ишкананын уставдык фондусундагы үлүшүнүн бардыгы же анын бир бөлүгү сатылышына, андан чыккандыгына же ишкананын жоюлушуна байланыштуу чет өлкөлүк валютадагы суммадан салыкты төлөгөндөн кийин чет өлкөгө которуу гарантияланат.
13. «Нарын» ЭЭЗинде иштеген чет өлкөлүк инвесторлор колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жана анын чектеринен тышкары тийиштүү каражаттарды чыгымдоо укугу менен банктарда валюталык жана сомдук утурумдук жана эсептешүү счетторун ача алышат. «Нарын» ЭЭЗинде иштеген чет өлкөлүк инвесторлор бардык сомдук счетторунан чет өлкөгө суммаларды которуу максатында «Нарын» ЭЭЗинде санкцияланган сом менен валютаны сатып алуу, сатуунун калыптанган формаларынын (аукциондор, биржалык соода жана башка формалар) чектеринде түзүлгөн курстары боюнча чет өлкөлүк валютаны сатып ала алышат.
14. Чет өлкөлүк инвесторлор «Нарын» ЭЭЗине эл чарбасына айрыкча маанилүү импортту алмаштыруучу продукцияны өндүрүү үчүн тартылган учурда пайданын чет өлкөлүк инвесторго таандык болгон сомдук бөлүгү таламдаш тараптардын валюталык каражаттарынын эсебинен өз ара макулдашылган курсу боюнча которулушу мүмкүн.
15. «Нарын» ЭЭЗинин калыптанышы жана иштеши негизинен өзүн өзү, анын ичинде чет өлкөлүк валюта менен да, финансылоо жолу менен ишке ашырылат. Эркин экономикалык зонаны иштетүү максатында зонанын өз алдынча бюджети түзүлөт. Нарын» ЭЭЗнин бюджети эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
Зонанын бюджетинин эсебине зонанын администрациясынын карамагындагы жерди, имараттарды жана курулуштарды арендага берүүдөн, анын ар түрдүү кызмат көрсөтүүдөн, зоналык займдарды чыгаруудан, ошондой эле приватташтыруудан түшкөн каражаттардан (50 процент өлчөмүндө) алынган пайдалар чегерилет.
Мына ушундан улам жана «Нарын» ЭЭЗине зарыл болгон финансы ресурстарын топтоо максатында зона түзүлгөндөн тартып 10 жыл аралыгында ЭЭЗдин ишканаларынын бардык салыктары жана төлөмдөрү ЭЭЗдин бюджетине жиберилет.
Эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясы калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясынын бюджетинен өзү жайгашкан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жыл сайын пропорционалдуу 0,01 процент чегерүү жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-июнундагы № 253, 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 238 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Кыргыз Республикасындагы экономикалык эркин зоналар жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык «Нарын» ЭЭЗнин субъекттеринен тышкары Кыргыз Республикасынын ички рыногунда керектөө үчүн кызмат көрсөткөн чарбалык жана тышкы экономикалык иш жүргүзгөндөр (белгиленген тартипте катталган юридикалык жактар жана адамдар) экономикалык эркин зонасында иш жүргүзгөн мезгилде салыктын бардык түрлөрүнөн, пошлиналардан жана жыйымдардан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын ички рыногунун керектөөлөрү үчүн «Нарын» ЭЭЗнин субъекттери көрсөткөн кызматтан Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык кошумча нарк салыгы алынат. Кыргыз Республикасынын ички рыногунун керектөөлөрү үчүн кызматтар болуп «Нарын» ЭЭЗнин жана Кыргыз Республикасынын аймагында ар кандай адамдар сатып алган кызматтар саналат.
«Нарын» ЭЭЗнин субъекттеринде жалданып иштеп жаткан адамдардан киреше салыгы жана социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттүү камсыздандыруу взносу Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алынат.
«Нарын» экономикалык эркин зонасынын аймагына «Нарын» ЭЭЗнин катталган субъекттери берген товарлар, материалдар, чийки зат, комплектөөчү түйүндөр жана тетиктер кошумча нарк салыгынан бошотулган болуп саналат, алардан пошлина алынбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-июнундагы № 253 токтомунун редакциясына ылайык)
17. (КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-июлундагы № 469 токтомуна ылайык алып салынган)
18. «Нарын» ЭЭЗинин аймагында өндүрүлгөн товарларды республикадан тышкары ташып чыгууга, ташып кетүүгө мыйзам тарабынан же, өзгөчө учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен чек коюлгандан тышкары учурларда, квоталардан жана лицензиялардан бошотулат. Товар, эгерде ага кошулган нарктын чоңдугу 10 проценттен кемди түзбөсө, зонада өндүрүлгөн катары эсептелет.
ЭЭЗде өндүрүлгөн продукцияларды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары экспорттоодо ЭЭЗдин бул продукциясы Кыргыз Республикасынын бажы аймагында өндүрүлгөн продукция болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
19. «Нарын» Эркин экономикалык зонасында өзгөчө бажы тартиби колдонулуп, ал ЭЭЗде өндүрүлгөн товарларды ташып кетүүдө жана ЭЭЗде керектелүүчү же реэкспортко арналган товарларды ташып келүүдө бажы ишканаларын алып салууну же төмөндөтүүнү, чек ара аркылуу товар ташып өтүүнүн жөнөкөйлөштүргөн тартибин, экспортко жана импортко тарифтик эмес чектөөлөрдү жеңилдетүүнү (жоюуну) камтыйт. «Нарын» ЭЭЗинин аймагынан товарларды жана башка мүлктү Кыргыз Республикасынын башка региондоруна жана анын чектеринен тышкары ташып кеткен учурда бажы пошлинасы товарлардын жана мүлктүн чет өлкөлөрдөн чыккан бөлүгүнөн гана ошол өндүргөн өлкөнү.
«Нарын» ЭЭЗинин аймагына алынып келинүүчү, ошондой эле ушул аймактан ташылып кетилүүчү товарлар жана башка мүлк милдеттүү түрдө декларацияланууга тийиш. Зонада иштетилбеген товарлардын «Нарын» ЭЭЗинин аймагы аркылуу транзит менен ташып өтүү же кайрадан сатуу, ошондой эле башка республикалардан товарларды экспорт үчүн берүү кандайдыр бир бажы-тарифтик жеңилдиктерсиз ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын бажы аймагына «Нарын» ЭЭЗнин субъектери берген товарлардан «Нарын» ЭЭЗинде кайра иштетүүнүн деңгээлине, бүтүмдүн өлчөмүнө жана сатып алуучуга карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акциз салыгы, кошумча нарк салыгы алынат. Нарын» ЭЭЗ аймагында өндүрүлбөгөн жана «Нарын» ЭЭЗ субьекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген товарларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы пошлиналары, кошумча наркка салык жана акциз салыгы салынат.
Эгер эркин экономикалык зонанын аймагында товарлардын кошумча наркы 30%тен азды жана турмуш-тиричилик техникасы жана электроника үчүн - 15%тен азды түзсө, «Бишкек» ЭЭЗ субьекттерине эркин экономикалык зонада өндүрүлгөн товарларды Кыргыз Республикасынын ички рынокторунда сатууга тыюу салынат;
Эркин экон шикалык зонада өндүрүлгөн экспорт продукциялары «Нарын» ЭЭЗде өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнөн 30%тен ашпоого тийиш болуп, Кыргыз Республикасынын бажы аймагына экспорттолгондон башка көлөм бир жылга квоталоодон жана лицензиялоодон бошотулат.
Нарын» ЭЭЗинин субъекттерине аларды каттоо күнүнө карабастан «Нарын» ЭЭЗинин аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык жана бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн акциздик товарларды алып келүүгө, сактоого, чыгарууга жана сатууга тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 132, 2007-жылдын 29-июнундагы № 253 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
20. «Нарын» ЭЭЗинин ишканаларындагы эмгек мамилелери, анын ичинде эмгекке жалдоо жана иштен бошотуу, эмгек жана эс алуу режими, социалдык гарантиялар жана компенсациялар маселелери, коллективдик келишим (макулдашуу) жана (же) жекече эмгек келишимдери (контракттар) аркылуу жөнгө салынат. Эмгекке акы төлөөнүн шарттары жана өлчөмдөрү, ошондой эле кызматкерлердин башка түрдөгү, анын ичинде чет өлкөлүк валютадагы кирешелери ишканалар жана уюмдар тарабынан өз алдынча, өздөрүнүн жеке каражаттарынын эсебинен белгиленет.
Коллективдик жана жекече эмгек келишимдеринин шарттары бул ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин абалын Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан эмгек жөнүндөгү мыйзамында каралган шарттарга салыштырганда төмөндөтүп жибербөөгө тийиш. Чет өлкөлүк инвестициялары бар ишканалардын чет өлкөлүк кызматкерлерине эмгекке акы төлөө, отпуска берүү, пенсия менен камсыз кылуу маселелери алардын ар бири менен түзүлгөн жекече эмгек келишимдеринде (контракттарда) чечилүүгө тийиш. Бул кызматкерлер чет өлкөлүк валютада алган эмгек акыларын салыктарды төлөгөндөн кийин чет өлкөгө тоскоолсуз котора алышат.
21. ЭЗЗдин ишканалары өздөрүндө түзүлгөн валюта фонддорунун эсебинен жумушчуларга жана адистерге эмгек акыны, ошондой эле алар чет өлкөлөргө баргандагы командировкалык чыгымдарын чет өлкөлүк валютада төлөп берүүгө укуктуу.
22. Кыргыз Республикасынын башка региондорунун жана анын чегинен тышкары жерлердин ишканаларынын жана уюмдарынын жумушчулары менен адистери ЭЭЗдин ишканаларында келишимдик негизде иштей алышат.
23. Нарын» ЭЭЗнин башкаруу органы болуп башкы директор башкарган башкы дирекция саналат. «Нарын» ЭЭЗнин башкы директору жана анын орун басарлары белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министр тарабынан дайындалат жана бошотулат. ЭЭАнын башкы директору жана анын орун басарлары эмгек келишиминин шарттарында беш жылдык мөөнөткө дайындалышат. Башкы директордун функциясына төмөнкүлөр кирет:
- зонанын өнүгүшүнүн стратегиясын, анын ичинде зонанын генералдык планын иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу;
- зонанын бюджетин калыптандыруу. Мында зонанын бюджетин иштеп чыгуу, бекитүү жана аткаруу процессине мамлекеттик бийлик органдарынын кийлигишүүсүнө жол берилбейт;
- зонанын эл аралык рынок менен экономикалык мамилелерин жөнгө салуу;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордун сунуштарына баа берүү жана аларды жактыруу;
- ишканаларга, филиалдарга, өкүлдүктөргө чарбалык жана ээлик кылуу ишкердигин жүргүзүүгө уруксат берүү жана аларды каттоо;
- экономиканын тигил же бул тармактарына артыкчылык берүү менен өнүктүрүү үчүн «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү» Мыйзамда каралган салык жана башка жеңилдиктерди кабыл алуу;
- «Нарын» ЭЭЗине импорттолуучу жана ушул аймактан экспорттолуучу, ошондой эле кайрадан экспорттоого арналган продукцияга жана товарларга квота белгилөө жана лицензия берүү;
- ЭЭЗдин ишканасынын статусун берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик муктаждыктар үчүн продукция жана товарларды берүүгө мамлекеттик эаказдарды ЭЭЗдин ишканаларынын ортосунда бөлүштүрүү;
- көз каранды эмес банктарды жана ишканаларды түзүү же аларды түзүүгө катышуу;
- ЭЭЗдин ишканаларынын акцияларын сатып алуу;
- ЭЭЗдин ишканаларынан продукция жана товарларды сатып алуу жана аларды тескөө;
- капиталдык салымдарды жалпы зоналык маанидеги долбоорлордо өздөштүрүүнү камсыз кылуу;
- зонадан тышкаркы объекттерди коммерциялык негизде кеңейтүүгө жана модернизациялоого катышуу;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан «Нарын» ЭЭЗи үчүн белгиленген эрежелерге ылайык кызматтык паспортторду алууга уруксат берүү, кетүү жана келүү үчүн визаларды берүү. Уруксат берүү ЭЭЗдин генералдык дирекциясынын каражаттарынын эсебинен күтүлүүчү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук агенти тарабынан ишке ашырылат;
- «Нарын» ЭЭЗинин аймагында чет өлкөлүк фирмалардын өкүлдүктөрүн жана чет мамлекеттерде өз өкүлдүктөрүн (Кыргыз Республикасынын Маминвесткому жана ТИМинин макулдугу менен) ачуу;
- транспорттук каражаттарды, товарларды, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана өкүлдүктөрдүн буюмдарын декларациялоо;
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 238, 2009-жылдын 8-майындагы № 285 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
24. Көрсөтүлгөн иш аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн «Нарын» ЭЭЗинин генералдык дирекциясы кредит, Кыргыз Республикасында жана анын чектеринен тышкары жайгаштыруу үчүн баалуу кагаздарды жана займдарды белгиленген тартипте чыгаруу түрүндө ата мекендик жана чет өлкөлүк финансы каражаттарын тарта алат, каражаттарды инвестициялык, соода-сатык, кредиттик жана башка операцияларга жумшай алат. Ал акча каражаттарынан, граждандардын жана уюмдардын ыктыярдуу взносторунан, жер участкаларынан, курулуштардан жабдуулардан жана башка материалдык байлыктардан жана укуктардан турган материалдык фондду түзүүгө жана аларды өз алдынча пайдаланууга укуктуу.
25. Зонанын генералдык дирекциясы зонанын жерин, кен байлыктарын, суусун, токойлорун, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо, жер, суу, токой мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын кен байлыктарын, атмосфера абасын, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык пайдалануу укугун ишке ашырат.
26. Табигый ресурстарын жана коммуналдык менчик объекттерин адамдардын жана юридикалык жактардын өткөрүп берүүсүнүн жана аны пайдаланышынын тартиби жана шарттары. Кыргыз Республикасынын «Кен байлыктары жөнүндөгү» Мыйзамыма ылайык Нарын областтык Маммүлк фондунун макулдугу боюнча генералдык дирекция тарабынан белгиленет.
«Нарын» ЭЭЗинин аймагында табигый ресурстарды чалгындоого, иштеп чыгууга жана пайдаланууга байланышкан чарбалык ишмердикти жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан нормативдик актыларына ылайык зонанын генералдык дирекциясы тарабынан берилүүчү лицензияны алуу зарыл. Мындай уруксат (лицензия) конкурстук негизде берилүүгө тийиш. Конкурстун эрежелери зонанын генералдык дирекциясы тарабынан белгиленет.
27. «Нарын» ЭЭЗинде ээлик кылуу ишмердигинин мыйзам тарабынан тыюу салынбаган каалаган түрүнө уруксат берилет.
Зонанын генералдык дирекциясы ээлик кылуу ишмердигинин айрым түрлөрүнө төмөнкү негиздерде тыюу сала алат:
- эгерде иш-аракет аймактын же калктын коопсуздугуна коркунуч келтирсе;
- эгерде иш-аракеттин шарттары же анын натыйжасы экологиялык же техникалык стандарттарга туура келбесе;
- эгерде иш-аракет калктын ден соолугуна же адебине коркунуч келтирсе;
- эгерде иш-аракет маданий же табигый эстеликтердин сакталышына коркунуч келтирсе.
28. Бийликтин жана башкаруунун жергиликтүү органдары кызмат адамдарынын укукка таянбаган иш-аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган жоопкерчиликте болушат. Бийликтин жана башкаруунун жергиликтүү органдарынын кызмат адамдарынын укукка таянбаган иш-аракеттеринин натыйжасында келтирилген зыян ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана граждандарга күнөөлүүнүн эсебинен толук көлөмдө өндүрүлүп берилет.