Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябрындагы № 716, 2015-жылдын 30-июлу № 543 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардын жоболорунун маалымат берүүчү жактар (мындан ары - көзөмөлдө турган жактар) тарабынан аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу максатында, көзөмөлдөө органдарынын тизмесин жана алардын ыйгарым укуктарын, ошондой эле алардын көзөмөлүндө турган тийиштүү жактарды аныктайт.
2. Көзөмөлдөө органдары жана алардын көзөмөлүндө турган тийиштүү жактар
2. Төмөнкүлөр көзөмөлдөө органдары болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги;
3) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы төмөндөгү көзөмөлдө турган жактардын ишин контролдоону жүзөгө ашырат:
1) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары;
2) лизингдик (финансылык лизинг) компаниялар;
3) күрөөканалар жана сатып алуу кеңселери;
4) камсыздандыруу/кайра камсыздандыруу уюмдары;
5) соода жүргүзүүнүн (товардык жана фонддук биржалар) жана аукциондордун уюштуруучулары;
6) уюштуруучу катышуучулардын ортосундагы байге фондун, анын ичинде электрондук түрүн ойноткон, лотереяларды жана башка оюндарды өткөргөн уюмдар;
7) мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор;
8) траст же компанияларды түзүү боюнча тейлөө кызматтарын көрсөтүүчү уюмдар;
9) инвестициялык фонддорду же мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорду башкаруучу уюмдар;
10) аудитордук уюмдар, жеке аудиторлор жана бухгалтерлер.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлу № 543 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги почталык жана телеграфтык байланыш уюмдарынын ишин контролдойт.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти баалуу металлдар жана асыл таштар, алардан, ошондой эле ушундай буюмдардын калдыгынан жасалган зер буюмдар менен операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруучу жактардын ишин контролдойт.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкү көзөмөлдө турган жактардын ишин контролдойт:
1) коммерциялык банктар;
2) банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдар жана мекемелер (микрофинансылык жана микрокредиттик уюмдар, кредиттик союздар, адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер, алмашуу бюролору);
3) төлөөлөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча тейлөө кызматтарын, ошондой эле электрондук акчаларды пайдалануу менен тейлөө кызматтарын көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдар.
3. Көзөмөлдөө органдарынын ыйгарым укуктары
7. Көзөмөлдөө органдары:
1) ички контролдоо системасынын уюштуруу жана милдеттүү контролго алынуучу операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты каттоо, сактоо жана берүү жагында терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарынын тийиштүү көзөмөлдө турган жактар тарабынан аткарылышы боюнча алардын ишин жана контролдоону жана жөнгө салууну жүзөгө ашырууга;
2) терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча көзөмөлдө турган жактарды инспектирлөөнү (пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү, анын ичинде көчмө текшерүүлөрдү) жүргүзүүгө жана анын жыйынтыктары тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына (мындан ары - Финансылык чалгындоо) жөнөтүүгө.
Көзөмөлдө турган жактарды инспектирлөөнү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен белгиленет;
3) терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарын сактабагандыгы үчүн көзөмөлдө турган жактарга карата таасир этүү чараларын Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык колдонууга;
4) терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузуу фактысы айкындалган учурда, беш жумушчу күндүн ичинде материалдарды Финансылык чалгындоого жөнөтүүгө;
5) көзөмөлдө турган жактарга терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын колдонуу маселелери боюнча методологиялык, методикалык жана башка жардамдын берилишин камсыздоого жана кери байланышты камсыздоого;
6) жыл сайын, бирок кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбей, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарынын тийиштүү көзөмөлдө турган жактар тарабынан сакталышы тууралуу жалпыланган маалыматты (Финансылык чалгындоо тарабынан белгиленген формада), анын ичинде айкындалган укук бузуулар жана аларды жоюу үчүн кабыл алынган чаралар жөнүндөгү статистикалык маалыматтарды Финансылык чалгындоого берүүгө;
7) тийиштүү Мыйзам бузуулардын бар экендигин белгилөө үчүн терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарынын көзөмөлдө турган жактар тарабынан бузулушунун типтүү белгилери тууралуу маалыматты пайдаланууга;
8) көзөмөлдө турган жактар жана Финансылык чалгындоо менен эриш-аркак аракеттешүү процессинде алынган кызматтык, коммерциялык, банктык же Мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтын сакталышын жана сактоонун, коргоонун тийиштүү режимин камсыздоого;
9) өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты жана документтерди, анын ичинде көзөмөлдө турган жактардын инспектирлениши боюнча статистикалык маалыматтарды Финансылык чалгындоонун сурамы боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте берүүгө;
10) терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун Финансылык чалгындоо менен макулдашууга;
11) контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруу процессинде адамдын жана жарандын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктарынын жана Мыйзамдуу таламдарынын сакталышын камсыздоого;
12) бул чөйрөдө көзөмөлдөө ишин өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жагында чет мамлекеттердин көзөмөлдөө органдары менен кызматташууну жана маалымат алмашууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу.
8. Көзөмөлдөө органдары контролдоо иши боюнча функциялардын аткарылышы үчүн зарыл болгон маалыматты көзөмөлдө турган жактардан алууга укуктуу.
9. Көзөмөлдөө органдарынын ишин координациялоону Финансылык чалгындоо жүзөгө ашырат.
10. Финансылык чалгындоо тийиштүү материалдарды тиркөө менен, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарын одоно жана бир нече жолу бузгандыгы үчүн көзөмөлдө турган жактардын лицензияларын алып коюу же токтотуу, кызмат адамдарын четтетүү жөнүндөгү талаптарды коюу тууралуу сунушу менен көзөмөлдөө органына кайрылууга укуктуу.
Көзөмөлдөө органдары Финансылык чалгындоонун кайрылуусун карап чыгып, кабыл алынган чаралар туурасында Финансылык чалгындоо тарабынан кийин кабарлоо менен, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык көзөмөлдө турган жактарга карата таасир этүүнүн тийиштүү чараларын колдонууга укуктуу.
11. Көзөмөлдөө органдары:
1) көзөмөлдө турган жактар тууралуу идентификациялык маалыматтарды өзүнүн интернет-сайтында жайгаштырууга жана алардын өз убагында жаңыланып турушун камсыздоого;
2) инспектирлөө (текшерүү) жүргүзүлгөнгө чейин он жумушчу күн калганда пландаштырылып жаткан текшерүү туурасында Финансылык чалгындоого кабарлоого жана текшерүүгө алынуучу маселелердин тизмесин берүү тууралуу сурамды Финансылык чалгындоого жөнөтүүгө;
3) текшерүүнүн жүрүшүндө төмөндөгү маалыматты жана кабарларды чогултууга:
- терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын көзөмөлдө турган жак тарабынан сакталышы тууралуу маалыматтарды жана ички контроль системасын уюштуруу тууралуу маалыматты;
- Финансылык чалгындоого жөнөтүлгөн билдирүүлөрдө камтылган маалыматтын өз убагында берилиши жана ылайыктуулугу тууралуу кабарларды;
- текшерүүнүн жүрүшүндө айкындалган жана мурда белгиленген тартипте Финансылык чалгындоонун дарегине жөнөтүлбөгөн милдеттүү контролго алынуучу операциялар (бүтүмдөр) жана (же) шектүү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты;
- Финансылык чалгындоонун компетенциясына кирген жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка кабарларды жана маалыматты;
4) инспектирлөөнү жүргүзүүдө Финансылык чалгындоодон алынган терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) типологиялары (схемалары) жана методдору тууралуу маалыматты эске алууга;
5) жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча төмөндөгү маалыматтарды жыйырма жумушчу күндөн кечиктирбей Финансылык чалгындоого жөнөтүүгө:
- ушул пункттун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн жыйынтыктоочу маалыматты;
- укук бузуу айкындалган учурда, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузуулар тууралуу маалыматты;
6) операциялар (бүтүмдөр) терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан деген шектенүүлөр болгон кезде Финансылык чалгындоого кабарлоого;
7) Финансылык чалгындоодон алынган маалыматтардын жана кабарлардын купуялуулугун камсыздоого;
8) Финансылык чалгындоо менен эриш-аркак аракеттешүүгө жооптуу кызматкерди же түзүмдүк бөлүктү аныктоого милдеттүү.
4. Көзөмөлдөө ишине тобокелдикке багытталган ыкманы киргизүү
12. Көзөмөлдөө ишине тобокелдикке багытталган ыкманы киргизүү көзөмөлдөө органдарынын текшерилген кезде жогорку тобокелдикке тартылышы мүмкүн болгон айрым тармактардагы ресурстарды бөлүштүрүүсүнө мүмкүндүк берет.
13. Тобокелдикке багытталган ыкманы киргизүү үчүн көзөмөлдөө органдары:
1) Кыргыз Республикасында болгон терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдиктери боюнча айкын түшүнүккө ээ болууга;
2) көзөмөлдө турган жактардын кардарлары, продуктулары жана тейлөө кызматтары менен байланышкан спецификалуу ички жана эл аралык тобокелдиктер боюнча тийиштүү маалыматка ээ болууга;
3) көзөмөлдө турган жактардын ишинин өзгөчөлүктөрүн, атап айтканда, көзөмөлдө турган жактардын спецификасын жана түзүмүн, ошондой эле тобокелдикке багытталган ыкманын алкагында жол берилген эркиндиктин деңгээлин эске алууга жана тобокелдиктердин бааланышына, толуктугуна жана ички контроль эрежелеринин ишке ашырылышына тийиштүү түрдө сереп жүргүзүүгө тийиш.
14. Натыйжалуу контролду камсыз кылуу максатында көзөмөлдөө органдары критерийлерди иштеп чыгышат, алар менен тобокелдик даражасы бааланат. Тобокелдик даражасына байланыштуу көзөмөлдөө органы текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгүн жана (жөнөкөйлөтүлгөн же тереңдетилген) деңгээлин аныктайт.
15. Тобокелдик даражалары кырдаалдын өнүгүшүнө жана жаңы коркунучтардын пайда болушуна жараша өз убагында кайрадан каралып турушу керек.
5. Корутунду жоболор
16. Көзөмөлдөө органдары түзүмдүк бөлүк же көзөмөлдөө ишин жүзөгө ашыруучу айрым кызматкерлер:
1) жетиштүү финансылык, адамдык жана техникалык ресурстарга ээ болуусун;
2) тиешесиз таасирден же кийлигишүүдөн четтетүү үчүн жетиштүү оперативдүү көз карандысыздыкка жана өз алдынчалыкка ээ болуусун;
3) жогорку профессионалдык стандарттарды, анын ичинде купуялуулукка жана квалификацияны жогорулатууга карата стандарттарды колдоосун камсыздоого тийиш.
17. Ведомстволор аралык кызматташууну көзөмөлдөөнүн жана уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле ушул Жобону ишке ашыруу үчүн Финансылык чалгындоо менен көзөмөлдөө органдарынын ортосунда ведомстволор аралык макулдашуулар түзүлүшү мүмкүн.
18. Көзөмөлдөө органдары көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Финансылык чалгындоонун башка расмий документтерин колдонушат.
19. Көзөмөлдөө органдары терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча маалымат берүүчү жактардын ишин текшерүүнү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттө жүргүзүшөт.