Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-октябры № 716
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 164-б буйругуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы;".
3. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 95 "Алардын террористтик жана/же экстремисттик ишке (терроризмди же экстремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын тизмегин түзүү жана аны маалымат берүүчү жактарга жеткирүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 8-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери тууралуу" токтомунун 9-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 54-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-июлундагы № 324-б буйругу.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |