Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 29-майындагы № 288
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 токтому менен бекитилген |
Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 782 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу деп жергиликтүү шериктештиктин тургундарыиын мүчөлөрүнүн жергиликтүү маанидеги маселелерди өздөрү түзүүчү аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу өз алдынча чечүү үчүн жашаган жерлеринде айылдын, поселоктун жана шаардын бөлүктөрү боюнча өз алдынча уюмдашуусу түшүнүлөт.
2. Жергиликтүү шериктештиктин мүчөлөрүнүн аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу укугу төмөнкүдөй:
2.1. Тийиштүү аймакта туруктуу жашаган же тийиштүү аймакта козголбос мүлккө менчик укугу бар жергиликтүү шериктештиктин мүчөсү калктын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелерди чечүүгө (жалпы чогулушка, жыйынга, конференцияга) өзү же өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу.
3. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу (мындан ары ТОС) органдары - булар аймакта жашаган жергиликтүү шериктештиктин мүчөлөрүнүн ыктыярдуу бирикмелери, алардын ишкердиги жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталат.
3.1. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына микрорайондордун, турак жай комплекстеринин кеңештери жана комитеттери, көчөлүк, кварталдык жана ал аймактын калкы жергиликтүү шарттарына жана салттарына жараша түзүүчү башка органдар кирет.
3.2. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймагынын чек араларын тийиштүү жергиликтүү кеңеш калктын сунуштарын эске алуу менен аныктайт.
3.3. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өз статусун ал жергиликтүү кеңеште эсептик каттоого алынган учурдан баштап алат. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныкталган тартипте юридикалык жактын статусун алууга укуктуу.
3.4. Юридикалык жак актары каттоого турган аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кайра өзгөртүп уюштурулбайт, анткени ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын статусуна ээ.
3.5. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишинде аларды шайлаган тургундарга жана аларды каттаган жергиликтүү кеңешке отчет беришет.
3.6. Тийиштүү аймакта жашаган жергиликгүү шериктештиктин мүчөлөрү аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына уюшууга, шайлоого жана шайланууга укуктуу.
3.7. Жергиликтүү шериктештиктин мүчөлөрү ошол аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишкердиги жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу.
3.8. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишкердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларына, тийиштүү кеңештин жана алардын аткаруучу-тескөөчү органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын токтомдору менен буйруктарына жана ушул Жобого, ошондой эле өздөрүнүн чечимдерине таянышат.
3.9. Жергиликтүү кеңештер колдонуудагы мыйзамдардын жана ушул Жобонун талаптарын эске алуу менен аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө өздөрүнүн жоболорун ошол калктуу конуштагы жергиликтүү шарттарды, улуттук, маданий жана жергиликтүү өз алдынча башкаруучулук салттарды эске алуу менен иштеп чыгууга укуктуу.
II. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн тартиби
4. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү шериктештиктин мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча, алардын ыктыярдуу каалоосунун негизинде түзүлөт. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоо жергиликтүү шериктештиктин мүчөлөрүнүн жашаган жериндеги жалпы чогулуштарда (жыйындарда) же конференцияларда жүргүзүлөт.
5. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын түзүүдөгү демилгечи топ тийиштүү аймактын тургундарын жергиликтүү шериктештиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушту (жыйынды), конференцияны өткөрүүнүн убактысы, орду, жалпы чогулуштарга (жыйындарга), конференцияларга катышуунун айылдык, поселоктук, шаардык кеңештер калктын санына, жергиликтүү шарттарга жараша аныктачу нормалары жөнүндө маалымдайт.
6. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүү боюнча жалпы чогулушту (жыйынды), конференцияны даярдоо жана өткөрүү, ошондой эле аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүчөлөрүн шайлоо ачык-айкын жүргүзүлөт.
7. Жергиликтүү шериктештиктин жалпы чогулушу (жыйыны), конференциясы.
7.1. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жогорку органы жергиликтүү шериктештиктин жалпы чогулушу (жыйыны), конференциясы болот.
7.2. Жергиликтүү шериктештиктин жалпы чогулушун (жыйынын), конференциясын аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, тургундардын демилгечи топтору зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес, жергиликтүү кеңештин сунушу боюнча чакырышат.
7.3. Жалпы чогулуштардын (жыйындардын), конференциялардын ишине жергиликтүү шериктештиктин 16 жашка толгон, тийиштүү аймакта туруктуу жашаган мүчөлөрү жана тийиштүү кеңештин өкүлдөрү кеңешүүчү добуш менен катышышат.
Тийиштүү аймакта жашабаган, бирок аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагында менчик козголбос мүлкү бар жана жергиликтүү бюджетке салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын граждандары жалпы чогулуштардын (жыйындардын), конференциялардын иштерине кеңешүүчү добуш менен катыша алышат.
7.4. Тийиштүү аймактагы жергиликтүү шериктештиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулуштары (жыйындары), конференциялары төмөнкүдөй маселелердн чечүүгө укуктуу, алар:
- аймактык коомдук жергиликтүү да алдынча башкаруу органдарынын уставдарын кабыл алуу жана өзгөртүү;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу органдарын шайлоо;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атайын укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишкердигинин программаларын бекитүү;
- финансылык планды бекитүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- жылдык бухгалтердик балансты бекитүү;
- мүлктү түзүүнүн жана пайдалануунун принциптерин бекитүү;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын текшерүү комиссиясын шайлоо;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жоюу жана кайра өзгөртүп уюштуруу;
- тийиштүү аймактын тургундарынын кызыкчылыктарына тиешелүү башка маселелерди чечүү.
7.5. Жергиликтүү шериктештиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулуштарынын (жыйындарынын), конференцияларынын чечимдери добуштардын көпчүлүгү менен кабыл алынат жана протокол менен тастыкталат.
Протоколдо жергиликтүү шериктештиктин жалпы чогулушту (жыйынды), коференцияны өткөрүүнүн күнү жана орду, чечим кабыл алууга укуктуу мүчөлөрүнүн жалпы саны, жергиликтүү шериктештиктин жалпы чогулушка (жыйынга), коференцияга катышкан мүчөлөрүнүн же алардын өкүлдөрүнүн саны жана анда кабыл алынган чечимдер көрсөтүлүп, жалпы чогулуштун (жыйындын), конференциянын төрагасы жана секретары кол коет.
7.6. Жалпы чогулуштардын (жыйындардын), конференциялардын чечимдери ачык (жашыруун) добуш менен кабыл алынат.
III. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каттоонун тартиби
8. Органдар эсептик каттоого туруу үчүч айылдык, поселоктук, шаардык кеңештерге жергиликтүү шериктештиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун (жыйынынын), конференциясынын чечимин (протоколун) тапшырышат.
Айылдык, поселоктук, шаардык кеңештер аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишкердигинин чектерин бир айлык мөөнөттө аныкташат.
Тийиштүү жергиликтүү кеңеш аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каттоонун эсебин жүргүзөт.
9. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары юридикалык жактын статусун алууну каалашса, мыйзамдарга ылайык аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уставы түзүлөт.
10. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уставы коммерциялык эмес уюмдар каттоого турууда юстиция органдарына тапшыруучу уюштуруу документтерине коюлчу талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
10.1. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уставын каттоого алуудан баш тартылганда сотко даттанууга болот.
10.2. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уставында ал аймактагы турак жай фондун, тазалыкты жана тартипти сактоо, өсүмдүктөрдү, көлмөлөрдү коргоо, балдар үчүн аянттарды, эс алуучу орундарды, ден соолукту чыңдоочу-дене тарбиялык комплекстерди, түзүлүштөрдү куруу, жолдорду жана тротуарларды, кудуктарды, коммуналдык чарбанын жана тазалыкты сактоонун башка обьекттерин иреттүү кармоо, кызыкчылыктар боюнча клубдарды, техникалык жана көркөм чыгармачыл ийримдер менен клубдарды, спорттук ийримдерди уюштуруу, балдар менен өспүрүмдөрдүн арасында тарбиялык иш жүргүзүү, майыптарга, кары-картаңдарга, аскер кызматкерлеринин жана курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө, аз камсыздалган жана көп балалуу үй-бүлөлөргө, ата-энесиз калган балдарга жардам берүү, коомдук тартипти чыңдоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга жана поликлиникаларга, кайрымдуулук фонддоруна жана уюмдарына жардам көрсөтүү, көрүстөндөрдү жана башка мүрзө жайларды тийиштүү абалда кармоо, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо, укук коргоо ишкердиги жана башка маселелер боюнча тийиштүү милдеттер жана функциялар бекитилсе болот.
11. Аймактмк коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын каттоонун тартиби
11.1. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси же жалпы чогулушта (жыйында), конференцияда атайын дайындалган адам аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уставын уюштуруу документтерн менен чогуу юстиция органдарына каттоого берет.
11.2. Юстиция органдарына устав менен кошо каттоого берилген уюштуруу документтери жип өткөрүп тигилип, барактарына номер коюлууга тийиш.
Уставды каттоодо кошо тапшырылчулар:
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси же жалпы чогулушта (жыйында), конференцияда атайын дайындалган адам кол койгон аныкталган үлгүдөгү арыз;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уставы үч нускада;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси же жалпы чогулушта (жыйында), конференцияда атайын дайындалган адам кол койюп жалпы чогулуштун (жыйындын), конференциянын чечиминин копиясы;
- жергиликтүү кеңештин аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишкердигинин чектерин аныктоо жөнүндө чечимдеринин копиялары.
11.3. Устав каттоого ал кабыл алынган күндөн кийин бир айдан кечиктирилбей тапшырылат.
11.4. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уставы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы анын ишкердигн жүргүзүлчү аймактагы калктуу конушту (шаар, поселок, айыл, шаардагы район, микрорайон жана башка аймактар) көрсөтүү менен;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тейлөөгө тиешелүү маселелер;
- калктын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө түздөн-түз катышуусунун формалары, тартиби жана гарантиялары;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн структурасы жана тартиби;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу жана башка органдарынын аталыштары;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана шайлануучу кызмат адамдарынын атайын укуктарынын мөөнөтү;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин кабыл алуунун жана алардын күчүнө киришинин түрлөрү, тартиби;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана шайлануучу кызмат адамдарынын жоопкерчиликтеринин негизи жана түрлөрү;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана шайлануучу кызмат адамдарын калктын кайра түшүрүшүнүн, ишеним көрсөтмөөсүнүн же атайын укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуусунун тартиби;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын укуктарынын гарантиясы;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишкердик жүргүзүүсүнүн экономикалык жана финансылык негизи, аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын менчикти ээлөөсүнүн, пайдалануусунун жана тескөөсүнүн жалпы тартиби;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын уюштуруу жөнүндө башка жоболор.
11.5. Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарга жана ушул Жобого каршы келгендик себебине байланыштуу аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын юридикалык жак катары каттоодон баш тартылышы мүмкүн. Мындай учурда себеби көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү жооп берилет.
11.6. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уставына киргизилчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү шериктештиктин мүчөлөрүнүн чогулуштарында (жыйындарында), конференцияларында талкууланат жана жергиликтүү кеңеште каттоого алынууга тийиш.
IV. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары, атайын укуктары жана жоопкерчиликтери
12. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары жана атайын укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Жобо тийиштүү жергиликтүү кеңештин чечимдери менен, ал эми алар юридикалык жактын статусун алган учурларда - аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уставы менен да аныкталат.
Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн органдары аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк органдарында укуктук нормаларды аныктоо боюнча демилге көтөрүүгө укуктуу. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары киргизген нормативдик укуктук актылардын долбоорлору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк органдарында милдеттүү каралууга тийиш, ал эми кароонун жыйынтыктары аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына билдирилет.
13. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз милдеттерин жана милдеттенмелерин аткаруу үчүн төмөнкүдөй укуктарга жана атайын укуктарга ээ, алар:
- мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарында, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде коомдун кызыкчылыктарын, өздөрүнүн укуктарын, ал аймакта жашаган граждандардын мыйзамдуу таламдарынын атынан чыгууга жана коргоого;
- тийиштүү аймактын тургундарынын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелерди талкуулоодо жергиликтүү кеңештердин иштерине кеңеш берүү укугу менен катышууга;
- тийиштүү аймакты өнүктүрүүнүн пландары менен программаларын түзүүгө, аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кароого берүүгө;
- "Кооперация жөнүндө", "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык калктын товарларга жана тейлөөгө муктаждыктарын канааттандыруучу коомперативдерди, ишканаларды жана уюмдарды түзүүгө;
- социалдык чөйрөнүн обьекттерин, аймакты көрктөндүрүү, оңдоо, санитардык тазалоо боюнча иштерди кабыл алууга;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдеринин аткарылышына жардамдашууга;
- жергиликтүү шериктештиктин мүчөлөрүнүн чогулуштарынын (конференцияларынын) чечимдерин аткарууну уюштурууга;
- сунуштарды даярдоого жана алар менен тийиштүү жергиликтүү кеңештерге, алардын аткаруучу-тескөөчү органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, ошондой эле аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тейлеген маселелер боюнча мамлекеттик органдарга, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга кирүүгө;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагында ишканаларды, өндүрүштүк жана социалдык-маданий багыттагы башка ишканалар менен обьекттерди куруу жана кеңейтүү, соода, коомдук тамактануу, тиричиликтик тейлөө ишканаларын жана башка социалдык-маданий мекемелерди жайгаштыруу үчүн жер бөлүү маселеси, алардын иштөө режимдери боюнча маселелерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардамдашууга;
- курулуш куруунун, турак жайлык имараттарды пайдалануунун, турак үйлөрдү жана үйдүн жанындагы аймактарды күтүүнүн, өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана санитардык нормалардын сакталышына, жердин, суунун жана башка табигый ресурстардын сарамжалдуу пайдаланылыгаына, тарыхый жана маданий эстеликтердин корголушуна коомдук көзөмөл жүргүзүүгө, тийиштүү органдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- тийиштүү мамлекеттик мекемелерге жана жергиликтүү шериктештиктин аймагындагы мекемелерге санитардык, эпидимиологиялык, экологиялык жана өрт көзөмөлүнүн жана коопсуздугунун чараларын жүргүзүүгө жардамдашууга;
- укук коргоо органдарына коомдук тартипти сактоого жардамдашууга;
- өз уставына ылайык өзүнүн штатын жана кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн тартибин аныктоого;
- коомдук турмуштун ар кыл маселелери боюнча демилге көтөрүүгө, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына сунуштарды киргизүүгө;
- калкка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сунушу боюнча же анын катышуусу менен кабыл алынган чечимдери жөнүндө кабарлоого;
- жергиликтүү коомдордун кызыкчылыгына тикелей таасир тийгизген маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик органдары жүргүзгөн кеңеш берүүлөргө жана талкууларга катышууга.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 782 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчиликтери:
14.1. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишткердигинин натыйжалары үчүн тийиштүү аймактын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттин алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликте болушат.
V. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара бийланыштары
15. Жергиликтүү кеңештер, алардын аткаруучу-тескөөчү органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенцияларынын чектеринде:
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калыптанышы жана өнүгүүсү үчүн зарыл шарттарды түзүшөт;
- граждандардын демилгечи топторуна жалпы чогулуштарды (жыйымдарды), конференцияларды өткөрүүгө жардам көрсөтүшөт жана аларга катышышат;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн нормативдик документтерди иштеп чыгышат;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз менчиктерин түзүшүнө, өз алдынча экономикалык жана финансылык ишкердик жүргүзүүлөрүнө зарыл шарттарды түзүшөт;
- келишимдик негизде аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн айрым функцияларын аткарууну өткөрүп бере алышат;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чарбалык обьекттерди, турак жайлык жана турак жай эмес фонддорду менчикке өткөрүп берүүгө укуктуу;
- өзүнүн финансылык, материалдык жана башка ресурстарын өткөрүп берүүгө жана алардын пайдаланылышы жөнүндө отчет суроого укуктуу;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин координациялашат;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенцияларынын чектеринде чыгарышкан чечимдердин аткарылышына көмөк көрсөтүшөт;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш программаларын, пландарын суроого, алардын тийиштүү мезгилде жасаган иштери жөнүндө отчетторун суроого укуктуу;
- аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара байланышта иштөө боюнча башка милдеттерди аткарышат.
15.1. Тийиштүү аймактын калкынын кызыкчылыгына тиешелүү маселелерди чечүүдө өзүнүн атайын укуктарынын чегинен чыгып кеткен учурларда аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жергиликтүү кеңеш жана анын аткаруучу-тескөөчү органдары тарабынан жазуу жүзүндөгү эскертүү берилиши мүмкүн.
15.2. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү шериктештиктин жалпы чогулушунун (жыйынынын), конференциясынын же соттун чечими боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоюлушу мүмкүн.
15.3. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймакты өнүктүрүү планы берилгенде тийиштүү жергиликтүү кеңеш аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен аны эки айдын ичинде кароого жана жүйөлүү жооп берүүгө милдеттүү.
15.4. Жергиликтүү кеңештер жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери менен сунуштарынын ишке ашырылышына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жардам көрсөтүшөт, алардын сунуштарын карашат жана жүйөлүү жоопторду беришет.
VI. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык ресурстары жана менчиги
16. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүлкү жана финансылык каражаттары:
16.1. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүлкү жана финансылык каражаттары аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каражаттарынын жана чарбалык демилгесинин эсебинен куралган, алар сатып алган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же юридикалык жактар менчикке өткөрүп беришкен каражаттардан, ошондой эле граждандар, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер ыктыярдуу салым катары кошушкан каражаттардан, жер салыгынан (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тийиштүү буйругу менен белгиленген салыктан) түшкөн каражаттардан турат. Алар тийиштүү аймактагы аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын менчиги болот жана тургундарга бөлүштүрүүгө болбойт.
Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын менчигине ээлик кылуунун, тескөөнүн тартибин эгер келишимдерде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, граждандардын жалпы чогулушу (жыйыны), конференциясы аныктайт.
Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлган учурда уюмдун кредиторлордун талаптарын канааттандыруудан кийинки калган мүлкү жана финансылык каражаттары граждандардын жалпы чогулушунун (жыйынынын), конференциясынын чечимине ылайык өзүнүн адеп түзүлгөндөгү арналыш максатына жана кайрымдуулук максаттарга жумшалат.
16.2. Мүлктү жана финансылык каражаттарды аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өз уставына ылайык тескейт. Сметанын аткарылышын жөнүндө жылдык отчеттор граждандардын жалпы чогулуштарында (жыйындарында), конференцияларында каралат.
16.3. Жергиликтүү кеңештер жана алардын аткаруучу-тескөөчү органдары жана алардын граждандары аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мүлкү жана финансылык милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт.
16.4. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кошулганда жана бириккенде алардын ар биринин бардык укуктары жана милдеттенмелери жаңы уюшулган аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өткөрүп берилет.
16.5. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын бөлүүдө жана ажыратууда мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана соттук тартипте бөлүштүрүлөт.
VII. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишкердигин көзөмөлдөө
17. Укуктарды аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өткөрүп берген жергиликтүү кеңеш, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы өткөрүп берилген атайын укуктардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
18. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын текшерүү комиссиялары (мындан ары текшерүү комиссиясы)
18.1. Текшерүү комиссиясы аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана анын структураларынын финансылык-чарбалык иштерин көзөмөлдөйт.
18.2. Тургундарга өз иши жөнүндө жылына бир жолудан кем эмес маалымат берет жана аларга отчеттуу.
VII. Корутунду жоболор
19. Аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишкердигин токтотуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- тийиштүү аймактын тургундарынын жалпы чогулушунун (жыйынынын), конференциясынын чечими боюнча;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.