Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 96 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2002-жылдын 17-августу № 217
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын
5-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Чет өлкөлүк
инвестициялар жана экономикалык жардам боюнча
мамлекеттик комиссиясы жөнүндөгү" Указына
өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн структурасынын өзгөрүшүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык жардам боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндөгү" № 115 Указына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- Указдын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык жардам боюнча мамлекеттик комиссиясы (мындан ары - Маминвестком) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
комиссиянын төрагасы - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
комиссиянын төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү, соода жана инвестициялар боюнча биринчи вице-премьер-министри.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлү;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын тышкы соода жана өнөр жай министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
областтык мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы - Бишкек шаарынын мэри.".
- аталган Указ менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык жардам боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндөгү жободо:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Маминвесткомдун төрагасы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп эсептелет;
комиссиянын төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү, соода жана инвестициялар боюнча биринчи вице-премьер-министри.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлү;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын тышкы соода жана өнөр жай министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;
областтык мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы - Бишкек шаарынын мэри.";
10-пунктта:
үчүнчү абзацтагы "ал эми ал жок болуп калган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны алмаштыруучу адам" деген сөздөр "ал эми ал жок болуп калган учурда - комиссиянын төрагасынын орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Оперативдүү чечим кабыл алуу зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Маминвесткомдун чечиминин долбоорун даярдап, аны сөзсүз түрдө таламдаш министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Маминвесткомдун мүчөлөрүнүн кеминде жарымынан көбү менен макулдашып, иш тартибинде Маминвесткомдун төрагасына кол койдуруу үчүн киргизүүгө укуктуу.".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 22-августундагы "Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана пайдалануу боюнча ишти андан ары өркүндөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү" № 254 Указынын 3-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А.Акаев |