Загрузка документа…
КР Президентинин
2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 138 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2008-жылдын 28-февралы ПЖ № 96
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын
14-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык
саясат боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө"
Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралу
Макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 14-мартындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш жөнүндөгү" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- кызматы боюнча Кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри - Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - Кеңештин төрагасынын орунбасары;
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстар министри;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын финансы рыногуна көзөмөл жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Кеңештин жыйналыштарына кеңеш берүү добуш укугу менен туруктуу катышат;
- Кеңеш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, эларалык уюмдар жана донор-өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен тыгыз карым-катнашта иштейт.";
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө Жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- II бөлүк төмөнкү мазмундагы он биринчи-он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- аткаруу бийлик органдарынын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин четөлкөлүк инвестицияларды жана экономикалык жардамдарды пайдалануу боюнча ишин координациялоо, ошондой эле ал иштин натыйжалуулугуна контролдук кылуу;
- республикага экономикалык жардам көрсөтүп жаткан четөлкөлүк инвесторлор, эларалык жана четөлкөлүк мекемелер жана уюмдар менен иштөөнүн натыйжалуу системасын түзүү;
- четөлкөлүк инвесторлор менен келишимдерди жана макулдашууларды түзүүдө Кыргыз Республикасынын экономикалык таламдарын коргоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана мамлекеттик программаларга (долбоорлорго) ылайык инвесторлорго жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарына жана социалдык чөйрөгө, ошондой эле республиканын белгилүү аймактарына инвестицияларды жумшап жаткан четөлкөлүк инвестициялардын катышуучуларына инвестициялык жеңилдиктерди берүү жөнүндө сунуштарды кароо;
- четөлкөлүк инвестицияларды, экономикалык жардамды тартуу жана аларды пайдаланууга контролдук кылуу боюнча республиканын экономикасы үчүн артыкчылыктуу долбоорлорду кароо жана бекитүү.";
V бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "кем эмеси менен" деген сөздөрдөн кийин "мында милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана башка таламдаш министрликтер жана ведомстволор менен" деген сөздөр кошулсун.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- 2001-жылдын 5-апрелиндеги № 115 "Кыргыз Республикасынын четөлкөлүк инвестициялар жана экономикалык жардам боюнча Мамлекеттик комиссиясы (Маминвестком) жөнүндөгү" Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 17-августундагы № 217 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-апрелиндеги № 115 "Кыргыз Республикасынын четөлкөлүк инвестициялар жана экономикалык жардам боюнча Мамлекеттик комиссиясы (Маминвестком) жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 13-октябрындагы № 353 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-октябрындагы № 481 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Жарлыгынын 6-пункту.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |