Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-майы № 2
«Нарын шаардык Кеңешинин 1-февраль 2017-жылдагы IV чакырылыштагы III сессиясынын №3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Нарын шаардык мэриясы Нарын шаардык Кеңешинин 1-февраль 2017-жылдагы IV чакырылыштагы III сессиясынын №3 токтому менен бекитилген “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясынын курамына кирген шаардык мекемелер оптималдашып, мекеменин аталыштары өзгөрүп жаткандыгына байланыныштуу өзгөртүү киргизип, комиссиянын сандык курамына “Юр-Альянс” ЖЧКсынан 1 өкүл жана Нарын шаардык мэриясынын 1 башкы адисин кошуп, 15 адам кылып бекитип берүү сунушу менен кайрылган.
Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
«Курулуш куруу жана жер пайдалануу» комиссиясынын Жобосуна жана Нарын шаардык мэриясынын берген сунушуна ылайык, Нарын шаарындагы жер тилкелерине укуктарды берүүдө , жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун жана муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын 15 адамдан турган сандык курамы бекитилсин. (курамы тиркелет).
Төрага | Ж. Ботоканов |
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга;
Нарын шаардык Кеңешинин 24-май 2017-жылдагы
I V чакырылыштагы кезексиз X сессиясынын № 2 токтомуна тиркеме
«Курулуш куруу жана жер пайдалануу» комиссиясынын
1.Комиссиянын төрагасы -1 (Нарын шаардык мэриясынын биринчи вице мэри)
2. Комиссиянын төрагасынын орун басарлары-2
Биринчи орун басары (шаардык архитектура башкармалыгынан)
Экинчи орун басары (Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасынан )
Комиссиянын мүчөлөрү
3.Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынан- 6
Мамытканов Жыргалбек Шамшыбекович– «СДПК» фракциясынан
Казиева Элмира Мухтаровна – «Республика-Ата Журт» фракциясынан
Токторалиев Алтынбек Ысмаилович – «Ала-Тоо ынтымагы» фракциясынан
Иманкулов Адилет Кайратбекович – «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан
Асанова Динара Иманакуновна - «Кыргызстан» фракциясынан
Сыдыгалиев Максат Кумарбекович -«СДПК» фракциясынан
4. Нарын шаардык мэриясынан -1
5.Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо
башкармалыгынан -1
6. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынан -1
7. “Юр-Альянс” ЖЧКсынан +1 -1
8. Коомдук, өкмөттүк эмес уюмдардан –Окошева Анаркүл
9. Комиссиянын катчысы-1 (Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасынан адис)
Баардыгы : 15 адам
Кеңеш берүүчү укугу менен
Нарын шаардык суу канал ишканасынын өкүлү-1
Нарын шаардык өрткө каршы кызматынын өкүлү-1
Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өкүлү-1
Нарын шаардык жылуулук берүү ишканасынын өкүлү-1
Нарын шаардык электр тармактар ишканасынынын өкүлү-1
Нарын облустук Кыргыз Телеком ААКнун өкүлү-1
Жооптуу катчы А.Абдыкеримов