Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-февралы № 3
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Нарын шаарындагы жер тилкелерине укуктарды берүүдө Нарын шаардык мэриясынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу» комиссиясынын сандык курамын бекитүү жөнүндө
(Нарын шаардык кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 « Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттаы жөнүндө» типтүү Жобону бикитүү тууралуу токтомунуна ылайык Нарын шаарындагы жер тилкелерин берүү маселелерин оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы депутаттары жаңы шайлангандыгына байланыштуу, Нарын шаардык мэриясынын 21.01.2017-жылдагы № 03\158 сунуш катынын негизинде Нарын шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаарындагы жер тилкелерин берүү маселелерин оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Нарын шаарындагы жер тилкелерине укуктарды берүүдө , Нарын шаардык мэриясынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу» комиссиясынын Жобосуна ылайык Нарын шаардык мэриясынын алдындагы жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун жана муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын 13 адамдан турган сандык курамы бекитилсин. (курамы тиркелет).
2. Нарын шаарындагы муниципалдык жер тилкелерин ижарага , сатууга жана жеке менчик турак жай курууга берүүдө Жобого ылайык иш алып баруу түзүлгөн комиссиянын төрагасына жана курамына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин алдындагы
« Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиясына , шаардык мэриянын биринчи вице-мэри А.Сурановго, шаардык муниципалдык менчик департаментинин жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | Ж.Ботоканов |
| Нарын шаардык Кеңешинин 1-февраль2017-жылдагы I V чакырылыштагы I I I сессиясынын №3 токтомуна тиркеме |
(Нарын шаардык кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Комиссиянын төрагасы -1 (Нарын шаардык мэриясынын биринчи вице мэри)
2. Комиссиянын төрагасынын орун басарлары-2
Биринчи орун басары (шаардык архитектура башкармалыгынан)
Экинчи орун басары (Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасынан )
Комиссиянын мүчөлөрү:
3. Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынан- 6
Мамытканов Жыргалбек Шамшыбекович– «СДПК» фракциясынан
Казиева Элмира Мухтаровна – «Республика-Ата Журт» фракциясынан
Токторалиев Алтынбек Ысмаилович – «Ала-Тоо ынтымагы» фракциясынан
Иманкулов Адилет Кайратбекович – «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан
Асанова Динара Иманакуновна - «Кыргызстан» фракциясынан
Сыдыгалиев Максат Кумарбекович -«СДПК» фракциясынан
4. Нарын шаардык мэриясынан -1
5. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан -1
6. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынан -1
7. “Юр-Альянс” ЖЧКсынан -1
8. Коомдук, өкмөттүк эмес уюмдардан –Окошева Анаркүл
9. Комиссиянын катчысы-1 (Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасынан адис)
Баардыгы : 15 адам
Кеңеш берүүчү укугу менен
Нарын шаардык суу канал ишканасынын өкүлү-1
Нарын шаардык өрткө каршы кызматынын өкүлү-1
Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өкүлү-1
Нарын шаардык жылуулук берүү ишканасынын өкүлү-1
Нарын шаардык электр тармактар ишканасынынын өкүлү-1
Нарын облустук Кыргыз Телеком ААКнун өкүлү-1
Жооптуу катчы | А.Абдыкеримов |