Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-февралы № I/5
«Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-март 2014-жылдын №114 токтому менен бекиген Жобого ылайык «Кыргызмамжердолбоор» дорборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо материалдарын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин негизинде Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 04.04.2017- жылдагы № 32 буйругу менен түзүлгөн жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү жумушчу топ комиссиясынын 25-январь 2018-жылдагы Актысы бекитилсин. (Акт тиркелет)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн жер жана турак жай боюнча адиси У.Кожомбердиевке милдеттенддирилсин.
Төрага: А.Мурзалиев
«Жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө
АКТ
25-январь 2018-ж.
Нарын облусу Ат-Башы району Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтү
1.Бул акт Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 04.04.2017-жылдагы №32 буйругуна ылайык жер фондун инвентаризациялоо боюнча төмөнкү курамындагы жумушчу топ комиссия түзүлдү;
Жумушчу топтун (комиссиянын) жетекчиси:
У.Кожомбердиев Айыл өкмөтүнүн жер,турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси комиссиянын төрагасы
Жумушчу топтун (комиссиянын)мүчөлөрү:
Ж.Нурманбетов Жайыт комитетинин төрагасы
А.Мурзалиев Айылдык кенештин төрагасы
А.Айбашов Айылдык кенештин депутаты
Т.Асаналиев Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын жетектөөчү адиси
М.Жанбоев Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын башкы адиси
И.Касмамбетов Ат-Башы райондук мамкаттоо башкармасынын жетектөөчү адиси
М.Асаналиев Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
Анткени,2017-жылдын 04-апрелинен баштап 2018-жылдын 25-январына чейин, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айыл аймагында талаага чыгып изилдөө жолу менен жалпы 118188 гектар аянтына жер фондусуна инвентаризациялоо жүргүзүлдү.
2. Инвентаризациялоо жүргүзүүдө төмөнкү материалдар колдонулду:
-Ат-Башы районунун Ача-Кайынды айылдык округунун административдик чек араларын тактоо долбоору 2012-ж;
-Ача-Кайынды айыл аймагынын кайра бөлүштүрүү фондусунун(АЖМФ)жерлерин инвентаризациялоо материалдары 2009-ж;
-Ача-Кайынды айыл аймагынын Ача-Кайынды калктуу конуштарынын чек араларын тактоо долбоору 2017-ж;
-Ача-Кайынды айыл аймагынын жерди инвентаризациялоо материалы 1994-ж;
-Ача-Кайынды айыл аймагынын 01.01.2016-жылга карата түзүлгөн жер отчету.;
3. Жерди инвентаризациялоонун натыйжалары белгиленген форма боюнча түзүлгөн отчетто көрсөтүлдү,жер фондусунун экспликациясы тиркелет.
4. Жумушчу тобунун корутундусу жана сунушу:
Ак-Сай өрөөнундөгү Муз-Булак участкасындагы Нарын району пайдаланган жайыт жерлерин тактоо,АЖМФнын жерлеринен үлүш алган айл тургундарына жер аянттарын тактоо,айыл тургундары короо-сарай куруп пайдаланган жер аянттарын картага түшүрүү.Ошондой эле айылдын ички жайыт жерине жана алыскы жайыт жерине малдын өлүгүн таштоочу яма беккари жерлерин калтыруу.
Жумушчу топтун (комиссиянын) жетекчиси: У.Кожомбердиев.
Жумушчу топтун(комиссиянын)мүчөлөрү: Ж.Нурмамбетов.
А.Мурзалиев.
А.Айбашов.
Т.Асаналиев.
М.Жанбоев
И.Касманбетов
М.Асаналиев.
5. Бул Акт үч нускада түзүлдү,айыл өкмөтүнө 1 нуска,Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту мамлекеттик ишканасы Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясына 1нуска,райондук комиссияга 1нуска.