ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 31-январындагы № 22 «Бишкек шаарынын Ленин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция31.01.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2012-жылдын 31-январы № 22

Бишкек шаарынын Ленин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

"Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө" Жобого ылайык, Бишкек шаарынын Ленин аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү К.А.Маматовдун өз ыктыяры менен аны комиссиянын курамынан чыгаруу боюнча арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын Ленин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктү органынан Маматов Кайрат Адамкалиевич комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов