Загрузка документа…
2011-жылдын 20-декабрындагы N 289 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-декабры N 111
Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү
комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы N 57 "Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү жол-жобосунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин кирешелерин тескөөнү оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 10-июнундагы N 454 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-апрелиндеги N 170 "Бишкек шаарындагы жер участокторуна менчик укуктарды сатуу тартиби жана шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык
кеңешинин төрагасы А.Суракматов
Бишкек шаардык кеңештин
200-жылдын 2-декабрындагы N 111
токтомуна тиркеме
Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды берүү
боюнча комиссиянын
КУРАМЫ
1. Комиссиянын төрагасы - муниципалдык мүлк, архитектура, курулуш, шаарды өнүктүрүү жана реконструкциялоо маселелери боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри.
2. Комиссиянын төрагасынын орун басарлары:
- биринчи орун басар - Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги;
- орун басар -Бишкек шаарынын архитектура жана шааркурулуш башкармалыгынын (Бишкекбашкыархитектуранын) начальниги.
3. Комиссиянын катчысы - Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жер маселелери боюнча орун басары.
4. Комиссиянын мүчөлөрү:
- Бишкек шаарынын Архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгынан (Бишкекбашкыархитектура) - 1 (макулдашуу боюнча);
- Бишкек шаардык кеңештен - 5 депутат (макулдашуу боюнча);
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыктан - 1(макулдашуу боюнча);
- Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынан (юрист)- 1;
- "Бишкексууканал" ӨЭБсынан - 1;
- "Бишкекжылуулуктармак" ААКсынан -1,
- "Түндүкэлектр" ААксынан-1;
- Бишкек шаардык айлана - чөйрөнү коргоо боюнча инспекциядан -1;
- Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынан - 4;
- Бишкек шаары боюнча салыктар жана жыйымдар боюнча Мамлекеттик комитети башкармалыгынан - 1 (кеңешүү добушу укугу менен).
Бишкек шаардык кеңештин
аппарат жетекчиси С.Шкуропатов