Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 24-декабры №9-12
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылынын айыл башчысы А. Закировдун билдирүүсүндө 2017-жылдын 16-декабрында элдик жыйында Ак-Чал айылынан Арык-Тейит калктуу конушу болгондугуна байланыштуу «Арык-Тейит» “айылы” макамын алуу үчүн өткөргөн чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтомуна таянып, депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы «Арык-Тейит» калктуу конушунун тургундарынын калктуу конушуна «айыл» макамын алуу жөнүндөгү 2017-жылдын 16-декабрындагы №8 жалпы элдик чогулушунун протоколу бекитилсин.
2. Айыл аймагындагы Арык-Тейит калктуу конушуна «айыл» макамын алып берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|
Т.Кулатов атындагы айыл аймагына караштуу Арык-Тейит калктуу конушунун жалпы элдик жыйындын чогулушунун
ПРОТОКОЛУ № 8
«16» 12 2017-жыл | Арык-Тейит калктуу конушу |
Чогулушуна катышкандардын саны: 370 киши
Чогулуштун төрагасы: Рахманов Икрам
Катчысы: Г.Абдуллаев
Күн тартибиндеги маселе:
1. Арык-Тейит калктуу конушуна Макамын алуу жөнүндө.
2. Айыл ичиндеги ар түрдүү маселелер
Угулду:
Арык-Тейит калктуу конушуна Макамын алуу боюнча Рахманов Икрам сөз сүйлөдү. Ал Арык-Тейит калктуу конушу илгертен элеөз алдынча айыл болуп бөлүнүп келгендигин башка айылдардан бөлүнүп тургандыгы той топосу, мазары, дарбишанаси ж.б. Элге тийешелүү чогулуштары, жыйындарыөз алдынча болуп келгендигин белгилеп, эмне себептен, ким тарабынан айыл сатаусунан алып койгондугу түшүнүксүз, Ошондуктан Арык-Тейит калктуу конушуөз алдынча айыл Макамын алуу үчүн Айылдык Кенештен айылөкмөтүнө бул маселени койушубуз керек деди.
Андан кийин сөзгө чыккандар
Жарыш сөзгө чыккан айыл аксакалы Амиров Гапар төмөнкүлөргө токтолду: Урматтуу бүгүнкү чогулуштун катышуучулары сиздер менен биргеликте мына бүгүн жакшы маселе козгоп жатабыз, чындыгында айылыбыз чон. Айылыбызгаөзүнчө Макам алып, атын «Арык-Тейит» деп атап алсак жакшы болор эле, бул маселе чечилип калса айыл тургундары баары эле макул болот деп ойлоймун.
Сөзгө чыккандар Жусуев Мамат, Маматов Алмаз, Г. Абдуллаев. ж.б колдошту. жогоркулар үчүн Арык-Тейит калктуу конушунун жалпы элдик жыйыны
Чечим кылат:
Арык-Тейит калктуу конушуна Макамын берүү жана жогорку оргондардан суроо жагын Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын башчысынан жана Айылдык кенешке сунушталсын.
Арык-Тейит калктуу конушунун чогулушунун төрагасы: |
И. Рахманов |
Катчысы: | Г. Абдуллаев |