Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-декабры №32
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-март айындагы №114 токтому менен бекиген Жобого ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын Осмонкулов айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып Осмонкулов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Осмонкулов айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча материалдары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Осмонкулов айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн суралсын.
Тѳрага | А. Джумаев |
|
|