Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры № 96
Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 11-майындагы №166/08-6 Дары-дармектерди сатуу жана офис үчүн пайдаланылуучу жайлардын ижара акысын эсептөөдө колдонулуучу К3 жайды пайдалануунун тармактык коэффициентин өзгөртүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 12-июлундагы №20 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Имараттарды (имараттын ичиндеги жайларды) анын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө 1-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 30-мартындагы №230 токтомунун 2-тиркемеси жокко чыгарылсын.
3. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев):
- 2018-жылдын I кварталында, инфляциянын деңгээлин жана Ош шаарынын өнүгүү динамикасын эске алуу менен имараттарды (имараттын ичиндеги жайларды) анын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча жайдын орун алуу, техникалык түзүлүш, жайдын орунга жайгашуу, жайды пайдалануунун тармактык коэффициенттерин жана Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын кайра карап, аларды өзгөртүү боюнча Ош шаардык Кеңешине сунуштоо жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж. Ормонов |
|
| Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы кезектеги XIV сессиясынын № 82 токтомуна №1 тиркеме |
Имараттарды (имараттын ичиндеги жайларды) анын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө.
Бул эсептөө Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин коллегиясынын 2003-жылдын 28-мартындагы №8-пк токтомуна жана башка ижаралык мамилелерди аныктоочу нормативдик актыларга ылайык иштелип чыккан, ошондой эле ижара акыны эсептөө жана муниципалдык менчиктин ижара келишимдерин бекитүү тартибин аныктайт.
Муниципалдык имараттарды (имараттардын ичиндеги жайларды мындан ары жайларды) пайдалангандыгы үчүн айлык ижара акынын өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Аг.пл. = Тб х (1+К1+К2+К3) х К4 х S : 12.
Бул жерде:
Аг.пл. –жай (имарат) үчүн ижаранын айлык акысынын өлчөмү;
Тб -200 сомго барабар болгон 1 ч.м. үчүн жылдык ижара акынын базалык
тарифи;
К1 -жайдын орун алуу коэффициенти;
К2 -техникалык түзүлүш (обустройство) коэффициенти;
К3 -жайды пайдалануунун тармактык коэффициенти;
К4 -жайдын орунга жайгашуу коэффициенти;
S -жайдын аянты.
Эсептөөнү колдонууда коэффициенттердин чоңдугу төмөнкү критерий боюнча аныкталат.
а) К1 -жайдын орун алуу коэффициенти
1.Бөлөк жайгашкан имарат -0,8.
2.Имараттын ичиндеги жай -0,7.
3.Кошумча курулган жай -0,4.
4.Жарым жер төлөө (цоколь) -0,3.
5.Жер төлөө жай -0,3.
б).К2 -техникалык түзүлүш (обустройство) коэффициенти
1.Суу түтүгү, саркынды суу, ысык суу, борбордук жылуулук -0,7.
2. Суу түтүгү, саркынды суу, борбордук жылуулук -0,6.
3. Борбордук жылуулук -0,3.
4. Суу түтүгү, саркынды суу -0,3.
5.Техникалык эч кандай түзүлүш жок- 0,2.
в).К3 -жайды пайдалануунун тармактык коэффициенти;
1.Гараждар, кампалар жана башка көмөкчү жайлар -0,4.
2.Сүрөтчүлөрдүн, айкелчилердин, архитекторлордун жана элдик чеберлердин өнөрканалары -0,8.
3.Турмуш-тиричилик багытында кызмат көрсөтүү аянттары (бут кийимдерди, кийимдерди, үй тиричилигине керектүү буюмдарды ремонттоо, химиялык тазалоо, чачтарачканалар, сулуулук салондору, косметикалык салондор, прокат пункттары, мончолор) -1,5.
4.Нан жана нан азыктарын, сүт азыктарын, азык-түлүк товарларын,
кондитердик азыктарды, алкоголсуз ичимдиктерди сатуу үчүн пайдалануучу
аянттар, тамак-аш даярдоочу жана сатуучу коомдук тамак-аш ишканалары,
долбоордук изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн лабораториялардын, аудиториялардын, почталык, медициналык, спорттук-ден соолукту чыңдоочу кызмат көрсөтүү жайлары-1,5.
5.Дары-дармектерди сатуу –7,0.
6.Тамак аш даярдоочу жана сатуучу коомдук тамак-аш ашканалары-1,5.
7.Автомобилдерди, эсептөө техникалык жана башка жабдууларды оңдоо жана техникалык тейлөө, материалдарды көчүрмөлөө үчүн (ксерокопия) иштетүү үчүн жайлар -1,5.
8.Электрондук, компьютердик жана башка аттракциондор, көңүл ачуу оюндар залдары -2,5.
9.Офис үчүн пайдаланылуучу жайлар-4,5.
10.Ресторандар, бильярд, барлар, кафелер, дискотекалар, сауналар, фитнес клубдар-6,0.
11.Финансы мекемелери, камсыздоо компаниялары, биржалар -8,0.
12.Өндүрүштүк максатта пайдаланылуучу жайлар-1,5.
13.Бильярд, кумар оюндары -12,0.
14.1-13 көрсөтүлгөндөрдөн башка жайлар -5,0.
г).К4 -жайдын орунга жайгашуу коэффициенти;
Бул коэффициентти аныктоодо, ижарага бериле турган жайга болгон суроо талап, анын жака белин пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү, аймактык-экономикалык зонанын мүнөздөмөсү жана жогоруда көрсөтүлгөн коэффициенттер менен эске алынбаган жайдын башка сапат критерийлери эске алыныш керек.
1.Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги, зоналоонун биринчи жана экинчи квадратында жайланышкан, турак-жайга кирбеген имараттар, курулуш жайлар үчүн -2,1.
2.Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги, зоналоонун үчүнчү жана төртүнчү квадратында жайгашкан кыймылсыз обьекттер үчүн -1,7.
3.Зоналоонун биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү квадратында жайланышкан обьекттерден тышкары -1,5.
Эгерде баланс кармоочунун ижарага берүүчү 1 ч.м. аянтты кармоого кеткен чыгымы эсептелген Тб өлчөмүнөн көп болсо, бул учурда 1 ч.м. жылдык ижара акысы сапатында баланс кармоочунун чыгымы кабыл алынат.
Ош шаарынын муниципалдык менчигине караштуу имараттарды (жайларды) пайдалангандыгы үчүн ижара акы бул эсептөө боюнча эсептелген ижара акынын өлчөмүнөн төмөн боло албайт.
Ижара акынын өлчөмү имаратты жана жайды эксплуатациялоо жана майда (текущий) ремонт боюнча кеткен жана ошондой эле жылуулук берүү жана коммуналдык кызмат үчүн кеткен чыгымдарды камтыбайт.
Айлык ижара акы ижарачы тарабынан келишимге ылайык төлөнүүчү так белгиленген төлөмдөр суммалары түрүндө, 10 банктык күндө, жергиликтүү бюджетке толугу менен өткөрүп берүү баланс кармоочунун эсеп счетуна төгүлөт.
Ижара акынын өлчөмү, келишимде каралган мөөнөттөрдө өзгөртүлүшү мүмкүн. Бирок өзгөртүү бир жылда бир жолудан көп болбошу керек.
Ижара акынын өлчөмү жөнүндө жактар тарабынан жазуу түрүндө макулдашылган шарттар жок болсо, анда ижара келишими түзүлбөгөн болуп эсептелет.
Эсептөөлөрдүн мисалдары:
1-мисал: Ленин көчөсүнүн №318 дарегиндеги мэриянын эски имаратында жайгашкан, турак-жайга кирбеген өлчөмү 20 ч.м. болгон жай кеңсе (офис) үчүн ижарачы төмөндөгүдөй айлык ижара акыны төлөйт.
Аг.пл. = Тб х (1+К1+К2+К3) х К4 х S : 12
Аг.пл. =200х(1+0,7+0,3+4,5)х2,1х20:12=4550 сом айына.
1 ч.м.үчүн 228 сом.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Э.Абдыраимов |