Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры № 103
Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 14-декабрындагы Ош шаарындагы «Манас Эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун менчигиндеги жер тилкесин «Айыл чарба» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлер» категориясына трансформация үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштоого макулдук берүү жөнүндөгү №716/08-13 кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы «Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө» Жобого, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11- 13-беренелерине, «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамынын 1-беренесинин 9-пунктуна ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 18-декабрындагы № 34 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Манас Эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун менчигиндеги, Ош шаарынын Аэропорт көчөсү №54-1 дарегинде жайгашкан, «Айыл чарба» категориясындагы 23167,0 чарчы метр жер тилкесин Ош Эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин кеңейтүү үчүн трансформациялоого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарын сактоо менен сунуштоого макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |