КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы VII сессиясы
2017-жылдын 24-июлу № 7/9
“Айылдык аймактын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы өзүнүн менчик автоунаасын кызматтык сапарына пайдалануусуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен компенцассия төлөп берүүгө каражат кароо жөнүндө”
Бул маселе боюнча Көк-Таш айылдык Кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтомун турмушка ашыруу максатында Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 672 токтомунун негизинде, айылдык аймактын ФЭБ башчысы А.Маматовго өзүнүн менчик автоунаасын бир айда 8 ( сегиз жолу) Ала-Бука районунун борборуна барып келүү кызматтык сапарына пайдалануусуна компенцассия төлөп берүү максатында, Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2017-жыл үчүн айына 12.500 ( он эки миң беш жүз ) сом каражат кароого макулдук берилсин. ( тиркеме тиркелет )
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин WWW. gamsumo.gov. kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жакыев |