Редакцияот 09.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXXIХ чакырылышынын кезексиз сессиясы

2017-жылдын 9-августу № 2

“Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-март айындагы №114 токтому менен бекиген Жобого ылайык “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын Кең-Арал айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып Кең-Арал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Кең-Арал айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча материалдары бекитилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Темирбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

И.Жумабеков