Загрузка документа…
КР Президентинин
2012-жылдын 17-апрелиндеги ПЖ № 87 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 15-февралындагы № 56 Жарлыгы менен бекитилген |
сКыргыз Республикасынын Президентине караштуу үйбүлө,
аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча
Улуттук кеңештин жумушчу органда - Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн алдында
ченемдик укук актыларын гендердик экспертизалоо боюнча
комиссия жөнүндөгү
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 7-майындагы ПЖ № 158 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Комиссиянын милдеттери
III. Комиссиянын функциялары
IV. Комиссиянын укуктары
V. Комиссиянын курамы жана анын ишин уюштуруу
VI. Комиссиянын жоопкерчилиги
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу үйбүлө, аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин жумушчу органда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн алдында ченемдик укук актыларын гендердик экспертизалоо боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) Мыйзамды өркүндөтүү үчүн гендердик экспертизаны жүргүзүү жана "Гендердик теңчиликти камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктердин негиздери жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Гендердик теңчиликти камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктердин негиздери жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларынын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- гендердик теңчилик механизмдерин киргизүү;
- улуттук мыйзамдарды эларалык ченемдерге жана стандарттарга ылайык келтирүү;
- коомдук аң-сезимди калыптандырууга жана гендердик теңчилик идеясын киргизүүгө көмөктөшүү.
Комиссияга төмөнкүдөй функциялар жүктөлөт:
- ченемдик укук актыларынын долбоорлорун, башка документтерди гендердик мамилеге ылайык келишин экспертизалоо;
- гендердик экспертиза жүргүзүү жол-жобосун өркүндөтүү;
- гендердик теңчилик принциптерин илгери жылдыруу үчүн адам укугу боюнча институттардын, мамлекеттик структуралардын жана коомдук уюмдардын күч-аракетин мобилизациялоо;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу үйбүлө, аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин жумушчу органда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн тапшырмасы боюнча башка функцияларды аткаруу.
Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- комиссия карап жаткан ченемдик укук актыларын сунуш кылган мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар менен кат алышууга;
- өз иши жөнүндө ар жылдык макалаларды маалымдоого жана иштеп чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гендердик мамиле жагындагы карама-каршылыктарды жоюу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте Кыргаз Республикасынын мамлекеттик органдарына киргизүүгө;
- мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына, кызмат адамдарына, коомдук уюмдарга, адам укугу боюнча институттарга өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жоюу маселеси боюнча сунуштарды даярдоого рекомендация берүүгө;
- комиссиянын иши үчүн таламдаш мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын адистерин белгиленген тартипте тартууга;
- мамлекеттик органдардан, башка уюмдардан комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча материалдарды суратууга;
- комиссиянын алдында турган максаттарга жетишүү үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасоого.
1. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу үйбүлө, аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин жумушчу органда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмү тарабынан министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнөн, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн (макулдашуу боюнча) түзүлөт.
2. Комиссия жети кишиден турат. Комиссиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу үйбүлө, аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин жумушчу органда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмү тарабынан бекитилет.
3. Комиссиянын ишине төрага жетекчилик кылат.
Комиссиянын төрагасы:
- комиссиянын жыйналышын алып барат;
- комиссиянын жыйналышынын күн тартибин аныктайт;
- башка мамлекеттердин тийиштүү органдары жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иш жүргүзүп жаткан эларалык уюмдар менен мамилесинде комиссиядан өкүл болот.
4. Комиссиянын ишин зарыл уюштуруу-методикалык жана техникалык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу үйбүлө, аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселсси богонча Улуттук кеңештин жумушчу органда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмү жүзөгө ашырат.
5. Комиссия анын компетенциясына берилген бардык маселелерди коллегиялуу талкуулайт жана жөнөкөй көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алат.
6. Комиссиянын экспертиза жүргүзүү боюнча чечими корутунду түрүндө таризделет жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу үйбүлө, аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин жумушчу органда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө берилет.
7. Төрага жок болгон учурда анын ыйгарым укуктары комиссиянын мүчөлөрүнүн макулдугу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бирине жүктөлөт.
8. Комиссиянын жыйналышы зарылчылыгына жараша өткөрүлөт.
Комиссиянын жоопкерчилиги төмөнкүлөрдө турат:
- комиссиянын мүчөлөрү ушул Жобо менен ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды сапаттуу жана өз убагында аткарууга милдеттүү;
- объективдүү эмес баа бергендик жана милдеттерди өз убагында аткарбагандык үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу үйбүлө, аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин алдында комиссия жоопкерчилик тартат.