КР Кара-Көл шаардык кеңешинин 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 150/27-7
токтомдун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы № 70/14-7
“Кара-Көл шаарынын Ак-Шар-3 көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча комиссиясынын Ак-Шар-3 көчөсүнүн атын өзгөртүп, Фин согушунун жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Молкош Омурбаевдин ысымы менен атоо жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын Ак-Шар-3 көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, Фин согушунун жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Молкош Омурбаевдин ысымы берилсин жана Молкош Омурбаев көчөсү деп аталсын.
2. Географиялык объекттин атын атоо боюнча бардык чыгымдар өтүнүч берген тараптардын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Кара-Көл шаардык башкармалыгы ( Г.Р.Сооронбаева), Кара-Көл шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы (Б.К.Молдомусаев) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэриясына, ал эми контролдоо Кара-Көл шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |