Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2004-жылдын 9-марты ПЖ № 85
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тамак-аш азыктарын чыңдоо боюнча Улуттук кеңеш (альянс) жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 254 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Калктын денсоолугун чыңдоону жана анын алда канча чабал катмарларын ар кандай багыттар боюнча колдоону, анын ичинде адамдын организминде ар кандай микроэлементтердин жана витаминдердин жетишсиздиги менен байланышкан ооруларды кыскартууну караган Кыргыз Республикасын 2010жылга чейин Өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздерин жана 2003-2005-жылдары Кыргыз Республикасында Кедейликти кыскартуунун Улуттук стратегиясын турмушка ашыруунун чектеринде, ошондой эле Кыргызстандын калкын чыңдалган (микроэлементтер жана витаминдер менен байытылган) тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу, бул жагынан мамлекеттик бийлик органдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан тамак-аш азыктарын өндүрүүчүлөрдүн ишаракеттерин координациялоо жана турмушка ашыруу максатында жана "Кыргыз Республикасында тамак-аш азыктарын байытуунун туруктуулугун камсыз кылуу" деген Улуттук конференциянын сунуштарын эске алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тамак-аш азыктарын чыңдоо боюнча Улуттук кеңеш (альянс) (мындан ары - Улуттук кеңеш) № 1 тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Улуттук кеңеш жөнүндө Жобо (№ 2 тиркеме) бекитилсин.
3. Улуттук кеңеш мамлекеттик башкаруу органдарына киргизген сунуштар жана рекомендациялар аларды милдеттүү жана артыкчылыктуу түрдө карап чыгуу мүнөзүндө боло тургандыгы белгиленсин.
4. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 254 Жарлыгына ылайык кучүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- бул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка чараларды кабыл алсын;
- Улуттук кеңештин практикалык ишине ар тараптан көмөк көрсөтсүн;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |
| № 1 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 9-мартындагы № 85 Жарлыгы менен бекитилген |
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 254 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Социалдык маселелерди тескеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Улуттук кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри, Улуттук кеңештин төрагасынын орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы директору, Улуттук кеңештин аткаруучу катчысы;
Улуттук кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, тышкы соода жана өнөржай министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министри;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясынын президенти;
Кыргыз Республикасынын стандарттар жана метрология Улуттук институтунун директору;
"Кыргызстан аялдар конгресси" коомдук бирикмесинин төрайымы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орунбасары, Мамлекеттик башкы санитардык врач;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын өнөржай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн кайра иштетүү өнөржай секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн референти;
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу педиатрия жана балдар хирургиясы Улуттук борборунун директору;
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;
Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору (макулдашуу боюнча);
микронутриенттин жетишсиздиктин алдын алуу боюнча Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча);
"Көзкарандысыз нан инспекциясы" акционердик коомунун директору;
Чындалган унду жана нан азыктарын өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз туз өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти.